Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Голландиянын парламенти чуулгандуу мыйзамды жактырды


Голландияда парламент ушул аптада биринчи окулушунда малды баш согуп, эсин оодармайынча союга тыюу салган мыйзамды биринчи окулушунда жактырды. Бул тыюу иш жүзүндө жөөттөр менен мусулмандардын мал союу ыкмасын бутага алат, анткени алар малды эс-учун жоготпогон абалында союшат.

Жан-жаныбардын укуктары адамдын диний укуктарынан жогору турабы? Голландияда жашаган мусулмандар менен жөөттөргө бул суроонун жообу жакын арада белгилүү болот.

Аталган эки жамаат адаттан тышкаркы ынтымактуулук менен жан-жаныбарды эски ыкма менен союуга тыюу салган мыйзамдын голланд парламентте алдын ала жактырышын бир ооздон айыптап чыгышты.

Голландияда бир миллиондой мусулман, 50 миң чакты жөөт жашайт.

Жөөт жамааттарынын айрым лидерлери бул тыюуну нацисттик Германиянын мезгилинде кошер же жөөт касапканаларга тыюу салынышы менен салыштырышты.

Амстердамдагы адал эт саткан дүкөн
Көптөгөн мусулмандар да бул мыйзам долбоорун өздөрүнө каршы багытталган аракет деп эсептешет. Мындай көз караш мусулман эмес голланд жарандары арасында да бар.

Профессор Турай Атабаки Амстердам университетинде Иран-Голланд байланыштарын окутат:

- Чектөө мусулмандар жамаатын бутага алып жаткан болушу ыктымал. Европалык өлкөлөрдө мусулмандардын саны такай өсүп келатат. Алар исламдык эрежелер менен жашашат, халал эт жешет, диний киймин да сакташат. Калгандардан обочолонуп, өз-өзүнчө топтошуп жашашат. Бул абал ультра-оңчул саясатчыларга жакпайт, ошондуктан мындай саясатчылар исламдык топторго жана исламдык жамааттарды бутага алышат. Муну биз соңку кездери Франция менен Австриядан да көрдүк.

Мыйзамдын авторлору "жаныбарларын укуктарын коргоодон башка биздин тымызын максатыбыз" жок деп карганышууда.

Мариан Тиемме парламентке "Жаныбарлар" партиясынан шайланган:

- Эгер дин эркиндиги адамдарга же жаныбарларга зыяндуу болсо, ал эркиндиктер чектелиши керек.

Депутаттын айтымында, мусулмандар менен жөөт касапчыларынан башка эч ким малды биринчи эстен тандырмайынча сойбойт. Жаныбарлардын укугун коргогон активисттер "эсин жоготпогон малды сойгондо ал кыйналып калат, андан көрө башка согуп, эсин оодарып салганда, ал кыйноо билбей өлөт" деп эсептешет.

Сурамжылоо тыюу коомчулукта кеңири колдоого экендигин көрсөткөн.

Мал-жандыкты диний максаттагы ыкмалар менен союуга буга чейин Люксембург, Жаңы Зелландия, Норвегия, Швеция, Швецарияда тыюу салынган. Алтургай Түркиянын саясий чөйрөлөрүндө бул тыюу талкууга алынып келет.

XS
SM
MD
LG