Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

2018: Жаңы жылды эмне үчүн майрамдаш керек?


Аяз Ата менен Аяз кыз Бишкекте. 2017.
Аяз Ата менен Аяз кыз Бишкекте. 2017.

Босогодон кирип келе жаткан 2018-жылды майрамдоого каршы чыккандарга бир ооз сөз.

Жыл санактан баш адашат

Негизи, 31-декабрдан кийин келчү мезгил – григорийлик жыл санак боюнча 2018-жыл деп эсептелет. Муну мектеп окуучулары да жакшы өздөштүрүшкөн. Ал эми христиандардын юлий жыл санагы боюнча, жаңы жылга дагы дээрлик эки аптадай убакыт бар.

Андрей деген бир досума жакында чар-жайыт жыл санактардын маалыматы жөнүндө азил кылып жаздым эле. Ошол оюмду бир аз улайын деп турам.

Жер планетасында байырлап жаткандардын ичинен жөөттөр келе жаткан 2018-жылы өздөрүнүн 5778-жылын тосуп алышат.

Ал эми ханзулар болсо бир айдан кийин өздөрүнүн 4715-жылын белгилешет. Отко табынуучулар (Заратуштрага табынган айрым топтор) болсо 2018-жылы өздөрүнүн 3756-жылын кызуу майрамдашат. Бутпарастар болсо келе жаткан жылы 2561-жылга кадам ташташат.

Мусулмандар болсо келээрки жылы хижра жыл санагына ылайык өздөрүнүн 1440-жылын тосушат.

Осмон султандыгындагы көп тилдүү жыл санактын бир барагы. Григорийлик жыл санак боюнча 1911-жылдын 20-апрели. Мында юлийлик, хижра, осмондук румий, армян, грек, жөөт календарларынын маалыматы да берилген.
Осмон султандыгындагы көп тилдүү жыл санактын бир барагы. Григорийлик жыл санак боюнча 1911-жылдын 20-апрели. Мында юлийлик, хижра, осмондук румий, армян, грек, жөөт календарларынын маалыматы да берилген.

Баарынан кызыгы, муз каптоодон кийинки голоцендик геологиялык доорго таяп, адамзат цивилизациясынын жылнаамасы катары голоцендик жыл санагын сунуштагандар бар. Алардын эсебинде, келээрки жылыбыз 12018-жыл болуп саналат (алар григорийлик жыл санакка берешендик кылып 10 миң жыл кошуп коюшкан).

Эми ушул майрамдардын бардыгын белгилешибиз керекпи?

Бул жыл санактардын бардыгы тең шарттуу да!

Аларды адам затынын ар кыл жамааттары өздөрүнүн диний ишенимине, турмуштук тажрыйбасына, илимий ачылышына ж.б. кырдаалдарга ылайык шарттуу кабыл алышкан эмеспи!

Эгерде Марс планетасында жашоо бар болчу болсо, анда тиричилик кылгандардын биздеги календарлар менен эч башы оорубайт, себеби Марстын Күндү айлануу мөөнөтү Жер планетасыныкынан таптакыр башка.

Жерде эле күнү бүгүнкүгө чейин байырлап жаткан жана эң байыркы жамааттык түзүлүш акыбалында калган урууларга келек, алар голоцендик жыл санагыбызды да, григорийлик жана башка жыл санактарды да эч элес алышпайт.

Маймылдар, делфиндер, жылкылар ж.б. биз акылдуураак деп эсептеген жаныбарлардын баардыгы үчүн киши баласынын бул календарлык түйшүктөрүнүн эч мааниси жок. Алар тек гана өз тукумун татыктуу улантыш үчүн аман-эсен калууга жана кардын тойгузууга алпурушат.

Демек, адамзаттын ар кыл жамааттары ойлоп тапкан мезгилдик санактар – шарттуу гана көрүнүш жана алар биздин турмушубузга тийешелүү багыт бериш үчүн көмөкчү кызмат аткарат.

Мындай болгон соң, ушунчалык акча да коротуп, жашыл балатынын алдында убакыт да коротуп, ашказанга да эбегейсиз зор түйшүк келтирип, ар жылы 31-декабрда же башка учурда Жаңы жылды өткөрүүнүн канчалык кажети бар? Биз тек гана дүйнөлөшүү кырдаалында массаалык маданияттын жана аны чеберчилик менен пайдаланган өзүмчүл соода-сатык ишкерлеринин кулу болуп жатканыбыз жокпу?

Дал ушундай санааркоодон кийин 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды белгилебей эле коюуну чечкендер аз эмес. Айрым дааватчылар да “каапырлардын майрамын көзгө илбегилечи, байболгурлар!” деп ушуга байма-бай чакырышууда.

Чакан сөзүмдү ушуну менен токтотуп коюшум ыктымал эле. Бирок...

Бирок мен буга чейин алгы сөзүмдү гана айтып үлгүрдүм.

Памирлик балдар Аяз ата менен таанышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Жаңы жылды тосуш керек!

Мен Аяз Атанын бар экендигине анчейин ишенбей калчу жашка анык келген бир пендемин; ал түгүл Аяз Атанын ролун далай ирет аткарууга да туура келгенин жашырбаймын.

Ошого карабастан, Жаңы жылды символдук түрдө белгилеп, алдыдагы 365 же 366 күн жакшылык менен өтсүн деп улуулардан бата алып, үй-бүлөнү, жакындарды, туугандарды, досторду, кесиптештерди, курсташ, классташтарды жана ар кыл жакшы санаалаштарды, ал түгүл эч тааныш болбогон бөтөн кишилерди деле куттуктап коюу – адамгерчиликтин белгиси деп кабыл алам.

Кайсы бир замандашын Жаңы жылда, Улустун Улуу Күнүндө (Ноорузда) же башка ар кыл маданий чөйрөлөрдүн жыл санагына ылайык куттуктап койгон инсан ошол динге же “чоочун маданиятка” берилип кетпейт, атеист да болуп калбайт. Ошондой эле, атеист деле Курман айт же Орозо айт майрамында мусулмандарды куттуктап салса, өзү мусулманга айланып кетпейт, Ноорузду белгилесе, теңирчи болуп калбайт.

“Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” деген кеп бар. “Жакшы сөз – жарым ырыс” деп да коюшат. Жакшы сөздөн кийин чыйралып мээнет кылып, киши өз ырысынын экинчи бөлүгүн өзү жаратып алат эмеспи.

Азыркы адамзаттын көпчүлүгү 31-декабрдан 1-январга караган түнү шарттуу жана шаңдуу белгилеп жаткан бул Жаңы жыл майрамы, менимче, эч бир динге же эч бир улутка таандык эмес, эч бир континент менен чектелбейт. Ал – жалпы адамзаттын мааракеси.

Дал ушул түнү тестиер балдарга теңелип, романтикалык сезимдерге батып, бала болуунун өзү да ыракат. Жакшы каалоо-тилектерди айтуунун жана угуунун өзү да тиричиликтин жагымдуу белгиси. Демек, жашасын ушундай жалпы кабыл алынган шарттуулук!

Босогодон кирип келе жаткан Жаңы жыл – ар бир инсанга жашына, тегине жана динине карабастан жаркын маанай, чың ден соолук, ийгилик берсин, элибизге жана коңшуларыбызга ынтымак, биримдик, жалпы дүйнө жүзүнө бейпилдик, өнүгүү берсин!

Эми ошон үчүн эмне кылалык?

Туура! Таптыңыз! Эмесе, Жаңы жылды чогуу-чаран жакшы тосуп майрамдайлык.

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар кут болсун!
Келе жаткан Жаңы жылыңыздар кут болсун!
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG