Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

АКШнын Жоржия штатында добуштар саналууда


Болочок сенаторлорду тандоо үчүн добуш берүүгө келгендердин кезеги. Мариетта, Жоржия, АКШ. 2021-жылдын 5-январы.
Болочок сенаторлорду тандоо үчүн добуш берүүгө келгендердин кезеги. Мариетта, Жоржия, АКШ. 2021-жылдын 5-январы.

АКШ Конгрессинин жаңы курамы үчүн Жоржия штатында Сенаттагы орундарга шайлоонун экинчи айлампасында шейшембидеги (5-январдагы) добуш берүү кечки саат 07:00де (Бишкек убактысы боюнча 6-январда таңкы саат 06:00да) аяктады. Ал эми добуш берүүгө үлгүрө албай кезекте тургандарга добуш берүүгө саат 19:00дан кийин деле уруксат берилди.

Жоржия штатындагы 159 шайлоо тилкесинде иштеп жаткан шайлоо кызматкерлери эми добуштарды чет-четинен санап киришти.

«CBS News» каналынын маалыматына караганда 4 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берген.

Бүллетендер жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 12:00ге чейин саналышы күтүлүүдө. Эгерде атаандаштар дээрлик теңме-тең добуш алган болсо, анда добуш саноо жана тактоо иши бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Айтмакчы, шайлоо күнүнө чейин эле 3 миллиондон ашуун шайлоочу өздөрүнүн эрте шайлоо укугунан пайдаланышкан.

Жоржия штаты боюнча АКШ Сенатынын бош эки ордуна шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лөффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине каршы атаандаш талапкерлер болуп демократ саясатчылар, жаш сыналгы продюсери Жон Оссофф менен диниятчы Рафаэл Уорнок менен чыкты. Уорнок Атлантадагы түпкү теги африкалык болгон америкалыктардын чиркөөсүндө пастор болуп келген.

Таймаштын маңызы

Эгерде Жоржия штатында шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгында Лөффлер менен Пердью сенаторлук кызматтарын сактап калчу болсо, анда республикачылар 52 орунга ээ болуп, анча-мынча көбүрөөк добуш менен Сенатты мурдагыдай көзөмөлдөп калышат.

Учурда Сенаттагы 100 орундун 50сү республикачыларга, 46сы демократтарга жана эки орун маанайы демократтарга жакыныраак болгон көз каранды эмес эки сенаторго таандык.

Эгерде демократтар Уорнок менен Оссофф Жоржия штатындагы шайлоонун бул экинчи айлампасында жеңди деп табылса, анда Сенатта демократтар 48 орунга ээ болмокчу. Мындай шартта көз каранды эмес эки сенатор менен кошо демократтар Сенатта 50 орунга ээ болот, ал эми республикачылар 50 орунду сактап кала беришет.

АКШнын болочок вице-президенти, демократ Камала Харрис айым кызмат абалына байланыштуу Сенаттын башчысы болмокчу. Тиешелүү суроолордо добуштар теңме-тең болгон учурда Харрис айым өзү да добуш берип, Сенаттагы тараза ташын кайсы бир жагына оодарышы күтүлөт. (TT)

XS
SM
MD
LG