Француз жазуучусу Виктор Гюго 1831-жылы чыккан «Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү» аттуу романында Нотр-Дам де Пари же Касиеттүү Мария чиркөөсүн мындай деп сыпаттайт: «Бул заңкайган таш симфония сыяктуу, жеке адамдын да, элдин да чыгармасы, ...бир доордун болгон күчтөрү кошулуп жасалган иштин керемет жыйынтыгы;... кыскасы, бул адам колунан жаралган чыгарма Теңир жараткандай зор жана бай, ал Теңирдин чексиз сырлуулугун жана түбөлүктүүлүгүн алгандай. Улуу имарат, көк тиреген тоолор сыяктуу кылымдардын чыгармасы».
Француз романтизминин орошон өкүлдөрүнүн бири Виктор Гюго бул романды адамдардын сүйүүсүн, сулуулугун жана наадандыгын көрсөтүш үчүн гана эмес, «Парижди кооз жана заманбап кылабыз» деген ошо кездеги эргулдардан Нотр-Дамды буздурбай сактап калыш үчүн да жазган.
1831-жылы роман жарык көргөндөн кийин Нотр-Дам де Паринин даңазасы артып, француз элинин сыймыгына айланат. Алаамат өрттөн кийин дүкөндөрдө Виктор Гюгонун атактуу китебине кызыгуу өскөнү кабарланды.
Нотр-Дам де Пари же Касиеттүү Мария чиркөөсү - жалгыз Париждин символу эмес. Ал француздар үчүн архитектуранын жалпы европалык готика стилинин, маданияттын, өлкө тарыхынын символу. Чиркөө көөнө замандан калган ибадатканын ордунда 1163-жылы тургузула баштап, 1345-жылы бүткөн. Анын бийиктиги 34 метр, узуну 130, туурасы 48, ал эми коңгуроолуу мунарасы 65 метр бийик. Чиркөөнүн XIII кылымда курулган учу кууш мунарасынын көккө умтулган найзасы - Европадагы үлкөн сыйынтканалардын төбөсүнө курулган эң алгачкы шпилдердин бири.
Сегиз кылым карыткан чиркөөнүн биз билген келбетинин жаралышына көптөгөн усталардын колу тийген. Анткен менен Жан де Шел менен Пьер де Монтрей негизги архитекторлор болуп саналат.
Убакыттын тамгасы басылган Нотр-Дам де Пари
Готика архитектурасынын орто кылымдык бул бермети өмүрүндө көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Көрүнүктүү француз тарыхчысы Жак Ле Гофф (1924-2014) жазгандай, «чиркөө түбөлүктүү сыяктанганы менен, тарыхый жолунда эч бир имарат мынчалык көп өзгөрүүнү баштан кечирген жок».
1786-жылы чиркөөнүн эскилиги жеткен шпилин бузуп алышат. Ошон үчүн 1804-жылы Иоганн Гёте кудуретин жарым кудайга теңеген Наполеон Бонапартты императордун тактысына отургузуу салтанаты шпили жок чиркөөдө өткөрүлгөн. Наполеонго чейин да, Наполеондон кийин да Нотр-Дам чиркөөсүндө эчендеген өкүмдарларга таажы кийгизүү салтанаты өткөрүлгөн. Франциянын президенттери жана кээ бир атактуу акын-жазуучулары бул жерден акыркы сапарга узатылган.
Нотр-Дам чиркөөсүндөгү эң алгачкы орган 1403-жылы орнотулган. Азыркы модификацияланган орган 1868-жылдан бери пайдаланууда болчу. Нотр-Дамдын башкы органчысы Франциядагы органчылар арасында эң абройлуу кызмат деп саналат. Бул жагынан Нотр-Дамдын органчысына Париждин Ыйык Сулпиция чиркөөсүнүн органчысы гана теңеле алат.
Чиркөөнүн 15-апрелдеги өрттө кыйраган 96 метрлик шпили, сырткы бетиндеги жомоктогу жандыктардын кебетелери 1844-жылы башталып, 25 жылга созулган реконструкция маалында жасалган. Шпилди тегерете 12 апостолдун коло скульптурасы жана канаты бар төрт беттүү тетраморфтун фигурасы турчу. Арстан, бука, бүркүт жана киши жүздүү тетраморф рестраврация маалында алып коюлгандыктан, өрттөн жабыркаган жок. Өрт чиркөөнүн эң эски бөлүгү деп эсептелген чыгыш капшыты - апсидада чыккан.
Баса, сегиз жарым кылымдык чиркөөнүн найзасын - шпилин калбына келтирүү үчүн эл аралык сынак жарыяланмакчы.
Иса пайгамбардын таажысы
Архитектуралык өзгөрүүлөргө карабай, Нотр-Дам де Пари француздар үчүн ишенимдин жана улуттук сезимдин толтосу бойдон кала берди. Себеби, сыйынтканада 1239-жылдан тартып тарсалардын эң касиеттүү реликвияларынын бири - Иисус Христостун тикенектүү таажысы сакталчу. Чиркөөнүн роза гүлдүү чоң витраждуу үч терезеси да сегиз жарым кылымдан бери турган. Чиркөөнүн 850-жылдык мааракесин туштап, 2013-жылы эскилеринин ордуна тогуз жаңы коңгуроо орнотулган. Анткени коңгуроолор 1792-жылы Улуу Француз революциясынын убагында алынып, эритилип, андан курал-жарак жасалган. Улуттук жыйын - Конвент даңазалуу чиркөөнү «Акыл эстин храмы» деп жарыялап, француз падышаларынын чиркөөнү кооздогон айкелдеринин таажылары кыя чабылган. Ушул жолой менен большевиктер да бийликке келгенден тартып Орус империясынын аймагындагы көптөгөн чиркөөлөрдү, мечиттерди жана башка эстеликтерди жексен кылышкан.
XIX кылымдын ортосунда Нотр-Дам де Париге жаңы коңгуроолор орнотулган. Бирок, тарыхый булактарда айтылганга караганда, коңгуроолорду тажрыйбасыз усталар куйгандыктан сапаты жакшы болбой калган.
19-апрелде айлана-чөйрөнү коргоочу жалпы франциялык «Робин Гуд» коомдук уюмунун билдиргенине караганда, өрт маалында Нотр-Дам де Паринин шпилин жана чатырын рестраврациялоого керектелчү 300 тонна коргошун эрип кеткен.
Өрт маалында Сена дарыясынын жээгине чогулган миңдеген париждиктер жана туристтер жүздөрүн жаш чайып, мемиреп турушту. Кээ бирөөлөр католик ырларын ырдап, «Франциянын эмблемасын сакта» деп, Касиеттүү Марияга жалбарышты.
16-апрелде таңга жуук Париждин Касиеттүү Мария чиркөөсүндөгү өрт толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен чиркөөнүн купасы, терезелеринин гүлдүү айнектери, сааты жана эмен шпили кыйрады. Чатырынын теңинен көбү күлгө айланды.
Реконструкцияга байланыштуу ордунан алынган тогуз коңгуроо тең бүтүн, бирок алар качан кайра жаңырары беймаалым. Иса пайгамбардын тикенектүү таажысы да куткарылды. Евангелия китебинде жазылганга караганда, Иса пайгамбарды кермеге асар алдында башына дал ушул таажы кийгизилген экен. Чиркөөнүн төрүндөгү алтарына жана алтардагы кермеге өрт жетпептир.
Күлдөгү жүрөк...
856 жылдык тарыхында эчен согушту баштан кечирип, бирок заңкайган келбетинен жазбай турган Нотр-Дам де Паринин өрттөн жабыркашын массалык маалымат каражаттары жапырт чагылдырды. Француздардын эки кылымдык тарыхы бар «Le Figaro» гезити өрттү апаат деп атаса, католиктердин «La Croix» гезитинин биринчи бети «Күлдөгү жүрөк» деген бажырайган жазуулар менен чыкты. Нью-Йоркто чыкчу эл аралык «Wall Street Journal» гезити готикалык стилдеги эң ажайып чиркөөнүн өрттөн кыйроосу «дүйнөлүк маданият үчүн чыныгы катастрофа болду» дейт. Британдардын «Independent» гезити: «Шпил кулаганда аны менен кошо бүт дүйнө кулагандай көрүндү. Көчөдө париждиктер ыйлап жатты. Бүт дүйнө да ыйлап жатты», - деп жазса, «Guardian» гезити: «Франциянын жүрөгү жана Европанын жаны күтүүсүздөн душмандык менен жулуп алынды», - деп өксөдү. «The Telegraph» «Париждин жүрөгүн жалын жалмап жок кылды» деп жазды.
Нотр-Дам де Пари беш жылда оңдолот
Маалыматттарга ылайык, Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыкканы тууралуу алгачкы кабар боюнча өрт өчүрүүчүлөргө Париж убактысы кечки 6:50дө түшкөн. Коопсуздук кызматы 6:20 да сигнализация чырылдаганын угар замат өрт өчүрүүчүлөрдү чакырбастан тилсиз жоону өздөрү жайгармак болот жана туристтерди сыртка чыгара баштайт. Алар өрттүн очогун 23 мүнөт бою табышпайт. Ошондо гана өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышат. Өрт кайда чыкканы 7:43тө сигнализация экинчи жолу чыңыргандан кийин гана аныкталат. Ал кезде өрт имараттын үстүңкү бөлүгүнө жайылып кеткен.
Нотр-Дам де Пари чиркөөсүн калыбына келтириш үчүн кайыр-садага чогултуу уланууда. Карт чиркөөнү калыбына келтирүүгө алгачкы күндөрү эле 1 миллиарддай евро топтолду. Анын ичинде Франциянын ишкерлик чөйрөсү 750 миллион евро чегергенин «France 24» телеканалы маалымдады. Эл аралык LVMH компаниясы жана анын ээси Бернар Арнонун үй-бүлөсү 200 млн. евро, парфюмерия жана косметика чыгарчу «L'Oreal» компаниясы жана анын ээси Лилиан Бетенкурдун үй-бүлөсү 200 млн. евро, ишкер Франсуа-Анри Пино 100 миллион евро садага чапты. «Total» газ концерни да 100 млн. евро берди.
Франциянын президенти Эмануэл Макрон 16-апрелдеги кайрылуусунда: «Биз чиркөөнү кайра курабыз. Ал мурдагыдан да кооз болот. Мен бул жумуштар беш жылда бүткөнүн каалайм», - деп сөз берди.
Адистер 8,5 кылымдык тарыхы бар чиркөөнү беш жылда калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтышууда. Анын ичинде изилдөө иштерин жүргүзүш үчүн эле кеминде 1, 5 жыл керек, дешет архитекторлор.
Бирок да француз жазуучу Бернар-Анри Леви айткандай, «Нотр-Дам де Пари чындыгында эле француз цивилизациясынын кагып тургөн жүрөктөрүнүн бири. Тарыхтын сегиз же тогуз кылымын кантип калыбына келтирсе болот? Бүтүндөй өлкөнүн көз жашын, шыбырашканын жана эскерүүлөрүн же бүтүндөй цивилизацияны кантип калыбына келтирсе болот?»
Ооба, Нотр-Дам де Пари өлбөдү, бирок чынынын сыныгын канчалык бүтөсөң да, бүтүн чыныдай болбойт эмеспи! Ошон үчүн Нотр-Дам чиркөөсүнүн келбети да кайра калыбына келтирилгенден кийин 2019-жылкы Улуу өрткө чейин жана 2019-жылкы Улуу өрттөн кийин деп сыпатталчу болору талашсыз.