Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

NYT: Орусия эң чоң "олжосун" колдон чыгарышы мүмкүн


Украин аскерлери. Лиман, 4-октябрь 2022-жыл
Украин аскерлери. Лиман, 4-октябрь 2022-жыл

Апта ичинде жарык көргөн дүйнөлүк басылмалардагы макалаларга сереп.

The New York Times (NYT) гезити 20-октябрдагы макаласында аскердик чалгынчылырга таянып, украин күчтөрүндө суук түшкүчө алга жылуу үчүн алты аптадай убакыт калганын жазууда.

Андан кийин аба ырайынан улам тараптар тыныгуу алат жана ал аралыкта аскерлерин кайра жыйып, башка жерлерге тартат өңдөнөт.

Харьков облусу, 11-сентябрь 2022-жыл
Харьков облусу, 11-сентябрь 2022-жыл

Маалыматка караганда, америкалыктар украин армиясынын өткөн айдагыдай чоң ийгиликке жетүү, аймагынын ири бөлүгүн кайтаруу ыктымалдыгы аз деп эсептешет. Ошол эле маалда орусиялык айрым аскердик бөлүктөр позицияларынан чегинсе, украин жоокерлери Донбасстагы шаарларды бошотууну улантып, балким орустар үчүн согуштагы эң чоң "олжону" - Херсонду кайтарып алышы мүмкүн.

Журналист Жулиан Барнс сөзгө тарткан кээ бир америкалык аскердик аналитиктер жеке баарлашууларда Киев майдандагы үстөмдүгүнөн пайдаланууга тийиш деп эсептешет.

Гезит белгилегендей, АКШнын жана Украинанын расмий адамдары согуш тууралуу так прогноздору менен бөлүшпөөгө аракеттенет. Акыркы кездерде абал Украинанын пайдасына өзгөргөнү менен, кармаштар сыягы дагы бир нече ай уланарын айтышууда. Кырдаал көп нерсеге көз каранды болмокчу.

"Биринчиден, декабрдагы шарттар согуштук аракеттер үчүн алда канча кыйын. Экинчиден, президент Владимир Путин эскалацияга канчалык даяр, Европа энергиянын баасынын өсүшүнө туруштук берип, ынтымагын сактай алабы, АКШдагы саясий абалдын ыктымал өзгөрүүсү, анын аркасы менен Киевге берилген жардам азайышы мүмкүнбү деген суроолор турат", - деп улантат гезит. Божомол кылуунун кыйындыгын уруштун жүрүшүндө тараза ташы улам бир тарапка ооп келгени менен түшүндүрөт.

АКШнын Согушту изилдөө институту буга чейин Орусия түштүктөгү жана түндүк-чыгыштагы жоготуулардын фонунда жок дегенде бир жерде ийгилик бар деп көргөзүү үчүн Донбасстагы Бахмут шаарынын айланасында алга жылуу тууралуу маалыматтарды бурмалаганын билдирген.

Автор Орусия алдыдагы 4-5 айды аскерлерин кайра жыюу, балким жаңы мобилизациялангандарга даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн пайдаланышы мүмкүн деп жазат. Бирок америкалык өкүлдөр алдыда эмне болору ачык суроо бойдон кала бергенин белгилешет. Москва сентябрда тарттырып жиберген жерлерди кайтарууга аракет көрүшү ыктымал. Же болбосо Орусия буга чейинки жетишкендиктерин бекемдеп алып, кышында жылуулуксуз калабыз деп чочулаган Европа Украинага кысым жасап, Киев ок чыгарууну токтотот деген вариантты жокко чыгарбайт.

Орус жаштарынын нарк-насил кризиси

Eurasianet армениялык журналист Арпи Бекаряндын репортажын басып чыгарды. Материалда Орусия Украинага басып киргенден кийин башка жерлерге качып, Кавказга ооп келген орусиялыктар нарк-насил кризисине туш болгону талданат. Автор орус жаштарын буга чейин андай суроо түйшөлтпөгөнүн белгилейт. Журналист Тбилисинин четиндеги үйлөрдүн биринде марттан бери жашап келаткан орусиялык 16 адамга жолугуп, макала даярдаган. Алардын бардыгын согушка каршы позициялары, Украинаны жактаган көз караштары бириктирет.

"Орусиялыктар менен сүйлөшө келгенде, согуш жөнүндө ар биринин өзүнчө пикири бар экени ачыкка чыгат. Ар бири өздөрүн ким экенин түшүнүүгө аракет кылат”, - деп улантат басылма.

Мисалы, Артур аттуу жигит 1990-жылдары Армениядан Орусияга көчүп барган үй-бүлөдө чоңойгон. Орусияда билим алып, армян тилине караганда орусча жакшы сүйлөгөнү менен, өзүн армян деп эсептейт. “Биз улут дегенде этникалык топту да айтабыз, ал эми Украинада башкача, ал жакта биринчи кезекте улут деп жарандыкты түшүнөт”, - деп айтат Артур.

31 жаштагы архитектор Надя мурда досторун орус, украин, беларус деп эч качан бөлбөгөнүн, согуш тутанганда андай бөлүп кароо туура деген жыйынтыкка келгенин айтып берген: “Себеби Орусия украиндердин нарк-насилин жок кылууну көздөйт. Эми украиндерге тилектештигибизди көргөзүү зарыл”.

Достор Тбилисиде мурдагыдай согушка каршы демонстрациялар басаңдаганын, бирок жер-жерде Орусияны, Путинди жек көрүп каргаган граффитилер тартылганын айтышууда. Алар грузиндердин Орусияга таарынычын түшүнүшөт. Ошол эле маалда күнүмдүк жашоодо эч кандай кастыкка туш болушпайт.

Дагы бир жигит – Дима Днепропетровскиде жашаган чоң апасын согушка чейин “оруссуңбу же украинсиңби” деп эч качан сурабаганын кеп кылып отурду: “Эми болсо бул тема козголгондо “мен украинмин деп жооп берет”.

Аягында Артур Орусияда өмүр бою жашаганы менен ал жерди өз үйү деп эсептебегенин, жакшы жагына өзгөрүүлөр болот деп күткөнү менен, андай болбогонун айтат, - деп жыйынтыктайт макаласын Eurasianet.

Кара тумоонун азыркыга чейин сезилген кесепети

BBC 20-октябрда илимий темадагы көлөмдүү материалында орто кылымда Европа калкынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн кырган кара тумоонун адам баласынын эволюциясындагы ролуна кайрылган.

Атап айтканда, ошол оорудан каза тапкандардын жана илдеттен аман калгандардын ДНК анализдери ошол коркунучтуу пандемия азыркыга чейин таасир этип жатканын көргөздү.

Лондон кара тумоо учурунда. 17-кылым
Лондон кара тумоо учурунда. 17-кылым

Андан ары 14-кылымда Европа, Азия ана Африкада жайылган кара тумоонун келип чыгуу себептери баяндалат.

Авторлор ал өңдүү инфекциялык оорулар эволюциядагы табигый иргелүүдө олуттуу факторлордун бири экенин баса белгилешет.

Канададагы Макмастер жана АКШдагы Чикаго университеттеринин генетиктери жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары Nature журналында жарыяланган. Алар кара тумоонун адам баласынын геномуна тийгизген таасирин билүү аракетинде Лондондо жана Даниянын ар кайсы жеринде көз жумган адамдардын ДНКларын карап чыккан.

Жалпылап айтканда, окумуштуулар кара тумоо адамдын иммундук системасында азыркыга чейин уланып келаткан процесстерге түрткү бергенин жана кээ бир кооптуу аутоиммундук дарттардын пайда болуу тобокелдигине алып келиши ыктымал деген бүтүмгө келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG