Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Одессадагы соккулар, АКШнын аскердик жардамы


Одессада орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат.
Одессада орус армиясынын соккусунан жабыркаган имарат.

Украинанын Одесса шаарына 9-майдын кечинде жети жолу ракетадан сокку урулду. Бул маалда калаада Еврокеңештин президенти Шарль Мишель жүргөн. Ал тапта АКШ президенти Жо Байден Украинага курал-жарак берүүнү жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Мариуполдо болсо айыгышкан салгылашуу уланып жатат.

9-майдын кечинде орус аскерлери Одесса шаарына жети жолу ракеталык сокку урду. Соода борборуна тийген ракета бир адамдын өмүрүн алды. Беш киши жарадар болду. Калаанын мэри Геннадий Трухановдун айтымында, ал жерде эч кандай аскердик обьект же курал-жабдык сактоочу кампа болгон эмес.

"Мына ушундай жол менен орус дүйнөсү Одесса баатыр шаарын 9-майы менен куттуктады",-деди Труханов.

Маалыматка караганда, "Кинжал" деген үндүн ылдамдыгынан беш эсе тез учкан ракеталар сокку урулган. Орус армиясынын чабуулу Еврокеңештин президенти Шарль Мишель шаарга келген маалда болду. Мындан улам ал жана украин премьер Денис Шмыгал болуп, бомбадан коргоочу жайга баш калкалашты.

Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель. 9-май, 2022-жыл.
Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель. 9-май, 2022-жыл.

Бербок Бучага барды

10-майда Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Украинага күтүүсүз барып, Буча шаарында болду. Согуш башталганы немис өкмөтүнүн бир да министри Украинага бара элек болчу.

«Биз да ошол курмандыктардын арасында болушубуз мүмкүн эле деген сезим пайда болот экен. Киевдин жака белиндеги Буча Берлин менен Потсдамдай. Балдар ойногон аянтчалар, дүкөндөр, жумушка жайбаракат бараткан адамдар. Мунун жанында эле үрөй учурган кылмыштын издерин көрсө болот», -деди министр айым.

Орус аскерлери чегинденген кийин Киевдин айланасындагы шаарчаларда, анын ичинде Бучада жергиликтүү тургундарды ырыйымсыз өлтүрүү, кыйноо фактылары, массалык көрүстөндөр табылганда бир катар өлкөлөр, БУУ, Эл аралык кылмыш соту андай учурларды иликтөөгө чакырышкан. Баскынчылардан катуу жабыркаган шаарлардын бири Изюмда мартта талкаланган имараттын урандыларынын алдынан дагы 44 жайкын тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу Харьков облусунун губеранатору Олег Синегубов 10-майда билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок.

Литва парламенти Орусияны «террордук мамлекет» деп тааныды

Ал арада Литванын депутаттары Орусияны «террордук мамлекет», ал эми Москванын Украинага басып киришин «украиналыктарга каршы геноцид» деп тааныган резолюцияны бир добуштан кабыл алышты. Документке ылайык, мыйзам чыгаруучулар Украинадагы согушка жоопкер орус аткаминерлерин жоопкерчиликке тартуу үчүн эл аралык сот негиздөөгө чакырышты.

Резолюцияда Орусиянын президенти Владимир Путин советтик диктатор Иосиф Сталинге салыштырылган. Өткөн айда Балтика боюндагы дагы эки мамлекет Эстония менен Латвия дагы Орусияны Украинадагы аракеттери үчүн геноцидге айыптаган резолюцияларды кабыл алышкан.

Украинанын чыгышындагы Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунун айланасында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Буга чейин «Азовсталдан» бардык жайкын тургундар чыгарылганы айтылганы менен ал жакта дагы 100дөй карапайым адам калганы маалым болду. Бул тууралуу 10-майда Мариуполдун мэринин жардамчысы Петр Андрющенко билдирди.

Британ коргоо министри 10-майда чыгарган маалыматта орус армиясы украиналыктардын каармандыгын өз убагында туура баалабаганы үчүн күткөндөй ийгиликке жете алган жок деп айтылат. Андыктан президент Путин дагы 9-майдагы аскердик парадда мактана алган жок деген тыянак чыгарылган.

АКШ Украинага курал-жабдык берүүнү жөнөкөйлөштүрдү

АКШ президенти Жо Байден Украинага курал жарак берүү жараянын жөнөкөйлөштүргөн ленд-лиз жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, Американын лидери «Орусиянын Украинага кол салуусунан жабыркаган Европанын чыгышындагы мамлекеттерге жана Киевге коргонуу каражаттарын берүү максатында» өкмөткө тиешелүү тапшырма бере алат.

"Путиндин согушу - Европаны эч кандай негизсиз, маанисиз кыйроого дуушар кылууда. Адам укуктарынын корголушуна, демократияны чыңдоого жана пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө умтулган келечекти көздөп, бул мыйзамга кол койгону жатам. Мени колдогон кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Анткени бул өтө маанилүү"-деди

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык лидерге ыраазычылыгын айтып, бул “тарыхый кадам болгонун” Твиттерге жазды. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда ушул өңдүү мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Кошмо Штаттар өнөктөштөргө аскердик техниканы жана азык-түлүктү алдын ала акы албай же узак мөөнөткө карызга берген. Анда негизги жардамды Советтер Союзу алган эле.

XS
SM
MD
LG