Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:41

Абдыкадыр Орозбеков феноменинин жаралышы социализм заманында гана болчу көрүнүш. Карапайым кедей адамдын бийликтин жогорку тепкичине жетиши канчалык ыкчам болсо, андан сүрүлүп калышы деле ошончолук тез болгон.

Абдыкадыр Орозбеков 1937-38-жылдары аябай күчөп кеткен кандуу жазалоонун курмандыгына туш келип, ушу кезге чейин кайсы жерге көмүлгөнү да дайынсыз. Артында калган аймончок балдары менен аялынын көргөн азап-тозокторун айтып отурса узун сөз.

"Эл душманынын" жакындарына түшкөн мүшкүлдү Орозбековдун үй-булөсү толугу менен тарткан. Кыргызстандын тунгуч президенти, сталиндик кандуу жазалоонун капшабына кабылган Абдыкадыр Орозбеков тууралуу кеп кылабыз.

Наабайчыдан - президентке

Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна деген кыштакта жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандын туңгуч мамлекет башчысы каратаман кедей үй-бүлөдөн чыккан. Жардылыктын айынан боконо сөөгү ката электе кара жумушка тартылып, турмуштун ачуу-таттуусун эртелеп көрүп, саясий көз карашы эрте ойгонгон.

1916-жылы Орто Азия менен Казакстанда падышалык Орусиянын колониялык саясатына каршы чыккан элдик көтөрүлүш учурунда Абдыкадыр Орозбеков Маргалаңдагы жумушчулар арасында төрт күндүк иш таштоого катышкан. 1918-жылы большевиктер партиясына мүчө болуп өткөн.

Жаңы бийликтин Кыргызстанга орношуна колунан келген салымын кошуп, басмачылар менен күрөшкө катышкан, 1920-жылдардын башында айылында, районунда революциячыл комитеттерди башкарып, кийинчерээк Ош округдук эмгекчилер кеңешинин жер бөлүмүн жетектеген. Жер реформасы деп тарыхка кирген мына ушул оор, опурталдуу жумуштун аркасында Абдыкадыр Орозбековдун саясий жылдызы жанган.

Билим ала турган кезинде эптеп нан таап үй-бүлөсүн багуу үчүн кара жанын карч уруп, бирок кийин жооптуу кызматка келгенде бул өксүктү өзгөчө сезген улуу инсан тарыхый жооптуу иштерди аткарууда жалпы элдик кызыкчылыкты эске алган.

Жаатташкан топторго кошулган "чоочун кыргыз"

Абдыкадыр Орозбеков 20-жылдары ачык да, тымызын да каршы турган аткаминерлер ортосундагы жаатташкан топтордун ичинен Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жан аябай күрөшкөн Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов ж.б. турган топту колдогон.

Абдыкадыр Орозбеков эч кимден коркпой, орустардын сөзүн укпай, Сыдыковдордун тобуна кошулуп калат. Сыдыков, Абдрахманов, Арабаев аны көп нерсеге үйрөтөт, кеңеш беришет. Анан ошол топ менен Каменскийдин өзүнө каршы чыгышат, "Отуздун катына" кол коёт.
Зайнидин Курманов

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдун пикиринде, 20-жылдардагы чоң борбордон келген жетекчилер менен жергиликтүү кадрлар ортосундагы тымызын тиреш, жергиликтүүлөр ортосундагы талаш-тартыштарда нукура улуттук кызыкчылыкты алдыга койгондор менен бирге болгон.

- Бул киши карапайым наабайчы, жумушчу. Совет бийлигине жумушчулар керек эле, пролетариат диктатурасы болуп жатпайбы. Анан басмачыларга каршы күрөшкөн. Мындай адамдар кыргыздар арасында аз болчу. Ал эми топтор болсо өз кызыкчылыгын көздөгөн, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн ар кандай адамдардан турган. Сыдыковдордун тобу бийликке билимдүү адамдар келишин каалашкан. Окуганды билбеген, жазганды билбеген кишини отургузуп койсо ким ыраазы болсун. Бирок Орозбеков эч кимден коркпой, орустардын сөзүн укпай, Сыдыковдордун тобуна кошулуп калат. Сыдыков, Абдрахманов, Арабаев аны көп нерсеге үйрөтөт, кеңеш беришет. Анан ошол топ менен Каменскийдин өзүнө каршы чыгышат, "Отуздун катына" кол коёт. Ал кезде эки-үч топ болгон. Каменскийдин тобу, Москвадан, Иваново-Вознесенскиден келгендер, алар Кудайкуловдорду өзүнө кошуп алган. Бейтарап топко Жайнак Саадаев, Касым Тыныстанов кирген. Алар аз болчу. А.Сыдыков кирген топ кат жазган. Ошол топту талкалап атканда баарын жумуштан айдашат, партиялык жаза беришет. Орозбековго гана тие алышпаган, анткени ал БАКтын мүчөсү, Жогорку Советтин депутаты болчу. Андан аман калганы менен этият болуп калды, кайсы топко кошулушу керек, кимдер менен жүрүштү билип калды.

Билимден бийик турган таза дил

Акыйкатта да, жетиштүү билими жок, бирок жаңы коомду курууга өзгөчө дилгир Абдыкадыр Орозбековдун 1925-жылдын 31-мартында Кыргыз автоном облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланышы көптөр үчүн күтүүсүз болгон.

Учурунда орус-тузем мектебинен, андан соң техникум, институттардан жогорку билим алган ал кездеги кесиптештеринен айырмаланып, Абдыкадыр Орозбеков революциялык ишке каныккан, жумушчулар арасындагы саясий акциялардан таалим-тарбия алган, алдыга койгон максат-милдеттерин ыкчам аткарууга кызыкдар адам болгон. Оштогу катардагы кызматтан автономиялык облус жетекчисине шайланып калышына кандай шарт-жагдайлар себеп болгону тууралуу божомол-жоромолдор ушу кезге чейин айтылып келет.

Айрым илимпоздордун ырасташынча, Абдыкадыр Орозбековдун Кара-кыргыз автоном облусунун аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланып калышына ал кездеги партия жетекчиси Михаил Каменский кызыкдар болгон. Буга кошумча, Абдыкадыр Орозбеков Бишкектеги аткаминерлер ортосундагы жаатташуудан, уруулук бөлүнүүдөн алыс турган. Ушул ыңгайдан улам Орусиядан келген кыйды аткаминер Кыргызстандын жетекчилигине Абдыкадыр Орозбековду тандап алышы деле мүмкүн, жаатташкан топтордун камчысын чаппаган бейтарап кишини өз ыгына көндүрүү оңой болорун ойлоп ушундай ишке барышы деле ыктымал.

Ким билет, башка бирөө болсо Михаил Каменскийдин кыйды планы ишке ашып деле кетмек. Бирок да Абдыкадыр Орозбеков жооптуу ишинде ириде улуттук кызыкчылыкты, элинин келечеги үчүн күрөштөн качпастыгын Орусиядан келген Каменскийдин ишине ичи чыкпаган жергиликтүү кадрлардын "Отуздун каты" деп аталган Москвага жолдонгон айтылуу кайрылуусуна биринчилерден болуп кол коюусунан эле көрүүгө болот.

Эрте кетип кеч келмей

Абдыкадыр Орозбеков жооптуу кызматта 12 жыл иштеген. Бул Кыргызстан экономикалык, маданий-социалдык жагынан ыкчам өнүгүп бараткан ургалдуу мезгил эле. Өз эли үчүн убакыт-саатын аябай күн-түндөп иштеген Абдыкадыр Орозбеков үйүнө түнкү саат эки-үчтөрдө келгенин уулу Өзгөрүш Орозбековдун эскерген жайы бар.

Кыргызстан өз алдынча союздук республика катары жаңыдан кас-кас туруп келаткан катаал учурда өлкөнүн өнүгүшү деп түн уйкудан кечип иш деп жүргөн Абдыкадыр Орозбеков өз асманында кара булут айланып, тагдыры кыл учунда калганын деле эсине албай, НКВД сурагына өзү барып, репрессиянын жыл санап катуулап бараткан моюнтуругуна баш сунуп берген.

Кыргыз советтик социалисттик республикасынын жетекчисин камакка алып, анын көз алдында үйүн тинтип, кандуу жазалоонун кылычы моюнга шилтенгени калганын өзү сезгени менен, сыртта ойноп жүрүп суу ичкени үйүнө кире калган уулу Өзгөрүш туйган эмес.

Абдыкадыр Орозбековдун бийликтеги он эки жылы жалаң иш, күн-түн тынбаган жооптуу жумуш менен өткөн. Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы 1937-жылдын октябрында кармалып, кийинки жылдын 28-майында атылган. Абдыкадыр Орозбеков кармалгандан кийин анын үй-бүлөсү куугунтукка кабылып, аялы башка бирөөнүн жары болуп, балдары фамилиясын өзгөртүп, атүгүл айылдагы туугандары да кыйла жыл "чыккынчынын туугандары" кинесинен арыла албай жүргөн.

"Азаттыктын" архиви: 19-июнь, 2009-жыл

Сталиндик кандуу башкаруунун жаалы азыноолок кайтып, хрущевдук "алабаардын" желаргысы каптай баштаган чакта 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков акталып, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин гана мамлекеттик деңгээлде эскериле баштады.

Чек араны ажыратуу, кыргыздар жашаган жерлердин маселесин чечүүдө эбегейсиз салымын кошкон. Мамлекетине чоң кызмат кылган инсан. Булар асманында кара булут айланып жаман иш болорун билишкен. Бирок ага карабай келечек үчүн иштей берген.
Гүлжамал Бекмурзаева

Тарых илимдеринин кандидаты Гүлжамал Бекмурзаева Абдыкадыр Орозбековдун ишмердиги туурасында кандидаттык диссертация жактаган окумуштуу. Анын айтуусунда, башталгыч билим алган, бирок жаңы коомду курууга өмүрүн арнаган инсандын мамлекетти курууга, анын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы зор.

- Орозбеков карапайым калк арасынан чыккан. 1917-жылкы февраль революциясынан кийинки өзгөрүүлөргө баш-оту менен кирип, коммуналарды уюштуруп, 8 сааттык жумуш күнүн талап кылып, жумушчулардын талабын колдоп, пикирлерин айтып чыккан бирден-бир активист болгон. Андан кийин Ошто жер бөлүштүрүү комитетинде иштегенде чоң салымын кошкон. Чек араны ажыратуу, кыргыздар жашаган жерлердин маселесин чечүүдө эбегейсиз салымын кошкон. Мамлекетине чоң кызмат кылган инсан. Мектептердин, балдар фондунун ачылышына салым кошкон. Басмачыларга каршы күрөшкөн. Автобиографиясына төрт жылдык билими бар экенин, кийин партиялык курстан окуганын айтып, орус тилин өз алдынча үйрөнгөнүн жазган. Анан Жалал-Абад педагогикалык техникумду бүтүрүүчүлөрдүн катарында бул кишинин сүрөтү турат. Ошону мен архивдерден тактайын деп жүрөм. Булар асманында кара булут айланып жаман иш болорун билишкен. Бирок ага карабай келечек үчүн иштей берген.

Кыргыз советтик социалисттик республиканын пайдубалын коюшкан мамлекеттик, саясий ишмердин өмүрү коммунисттик кандуу жазалоонун капшабында кыйылып, анын сөөгү кайсы жерде жашырылганы да белгисиз бойдон калды.

Такталбаган айрым маалыматтар боюнча, Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө бейкүнөө атылып кеткендер менен жалпы чуңкурга жашырылган болушу мүмкүн. Ал эми анын артында калган аялы Адалатка өзбекстандык досу Азиз Токтобаев үйлөнүп, балдары иниси Өмүрзактын фамилиясына өтүп, кыйла жылдар "эл душманынын" баласы деген басым-кысым алдында жашап келишти. Абдыкадыр Орозбеков Кара-кыргыз автоном облусунун Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайлангандан кийин Москвадагы чоң жыйынга кийип барууга бүтүн костюму жок, айласы куруп турган чагында Абдыкерим Сыдыков күрмөсүн чечип бергенин замандаштары эскеришет.

Абдыкадыр Орозбековдун кыска өмүрүндө жасап кеткен иштери социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшкөндөн кийин да унутулбай, эгемендиктин тушунда алгачкы муун кыргыз интеллигенциясы түптөп кеткен мамлекеттин өрүшүн андан ары илгерилетүү милдети турат.

Союздук тең укуктуу республикалар катарына кошулган Кыргыз ССРинин ордуна келген Кыргыз Республикасы тушунда мурда жашырылып-жабылып келген коммунисттик кандуу жазалоонун курмандыктарынын жасап кеткен иштеринин үрөй учурган кыңыр иштери айкынга чыгууда. Абдыкадыр Орозбеков кыргыз элине кызмат кылуунун тунук үлгүсүн калтырып кеткен. Эми аны татыктуу улантуу милдети турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG