Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Москва: ФСБга кол салган адам ким?


Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.
Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.

19-декабрдын кечинде президент Владимир Путин Кремлде Орусиянын коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жаткан кезде аталган коопсуздук мекемесинин баш кеңсесине чабуул жасалды. 


Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин, коргоо министри Сергей Шойгу жана ички иштер министри Владимир Колокольцев катышкан майрамдык кечеде Путин Орусиянын коопсуздук кызматтарынын эмгегин жогору баалап, террордук чабуулдарды алдын алуу, чалгындоо аракеттерин баса белгилеген.

«Бүгүн атайын кызматтардын бирдиктүү, так жана оперативдүү иши Орусияда коопсуздукту камсыздоодо көрүнүктүү ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берди», - деп баалаган Путин.

Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.
Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.

Дал ушул маалда Кремлден бир чакырымга жетпеген аралыкта жайгашкан Лубянка аянтындагы ФСБнын баш кеңсесине автоматтан ок атыла баштаган. Жол кайгуул кызматынын бир офицерине ок тийип, ошол жерде мерт кеткен. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы беш киши жаракат алганын, ФСБнын эки кызматкеринин абалы оор экенин, алардын бири башынан катуу жарадар болгонун кабарлады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чабуул тууралуу майрамдык кечедеги Путинге дароо айтылганын билдирген.

ФСБнын маалыматы боюнча стратегиялык объектке кол салган киши атайын операциянын жүрүшүндө бир сааттын ичинде жок кылынган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кол салган адамды Москва облусунда туулуп-өскөн, Подольск шаарында жашаган 39 жаштагы Евгений Манюров деп жазып чыгышты. Бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Манюров деген ким?

Шектүүнүн апасы Евгения Манюрова журналисттерге уулу акыркы жылдары жеке күзөт мекемелеринде иштегенин, бир нече ай мурун ишинен бошоп калганын айтып берген. Мурда армияда кызмат өтөгөн эмес. Бала чагында бокс, эркин күрөш менен алектенип, кийин 3-4 жыл бою мылтык атууга кызыгып жүргөн. Апасынын айтымында, үйлөнгөн эмес, жакын достору болгон эмес.

Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.
Москвадагы ФСБнын баш кеңсесине шектүү автоматтан ок аткан.


Евгения "База" басылмасына уулу телефондон "арабдар менен англисче" сүйлөшүп жүргөнүн, "кагэбэшниктерди жек көрөрүн" да айтып берген. Атасынын "112" телеграм-каналына берген маалыматына караганда, Москвадагы Араб эмираттарынын элчилигинде күзөттө иштеген.

"Базанын" журналисттери Манюров атайын максатта колдонулуучу "Вымпел" тобунун ардагерлери менен байланышы бар "Вымпел-резерв" жеке күзөт кызматында иштегенин аныктап чыкты. Ошондой эле ноябрда ДОСААФ спорт клубунун шаардык мелдешине катышып, карабин мылтыгынан атуу боюнча мелдеште үчүнчү орунга ээ болгонун жазды.

"Комсомольская правданын" маалымдашынча, октябрда Манювров ФСБнын атайын максатта колдонулуучу "Вымпел" тобунун башчысы, Бесланда каза болуп, Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган Дмитрий Разумовскийдин элесине арналган турнирге катышкан.

"ВКонтакте" социалдык тармагындагы аккаунтунда Евгений Орусиянын мамлекеттик юридикалык университетинде окуганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле Жогорку экономика мектебинин "Жарнама коммуникациясынын социологиялык талдоосу" курсундагы угуучулардын тизмесинде аты-жөнү табылган.

Интернеттеги булактарда Манювров 2014-жылдары жеке ишкер катары каттоодон өтүп, юридикалык жана укуктук кызматтарды сунуштап, тийиштүү салыктарды төлөп жүргөнү тууралуу маалыматтар табылган.

"Комсомольская правда" гезити Манюров жашаган даректе травматикалык тапанча, сайсыз мылтык баш болгон жети курал-жарак катталганын маалымдады.

РЕН-ТВ 20-декабрга караган түнү укук коргоо органдары анын батиринде тинтүү жүргүзгөнүн кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG