Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Депутаттар «Бишкектин» бюджетине кызыкты


«Бишкек» эркин экономикалык аймагы.

29-майда парламенттеги «Кыргызстан» фракциясы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрүп, депутаттар ишкананын бюджетин пайдалануу боюнча өкмөткө маселе коюшту.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, жылдык бюджети 300 млн. сомду түзгөн экономикалык аймактын каражаты максатсыз пайдаланып жатат жана укук коргоо органдарына бул жагдайды жакшылап текшерүү тапшырылды. Бирок өкмөт жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги депутаттар айткан дооматтарды четке кагышты.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын ким көзөмөлдөйт?

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү, айрыкча чыгаша-кирешеси көзөмөлдөнбөй калганын айтып, өкмөттү кескин сынга алды. Депутаттын маалыматына ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жылдык бюджети 300 млн. сомду чамалайт. Исаев бул каражаттардын отчётуна кызыкты:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Эркин экономикалык аймакты бир да жолу карап койбойсуңар. Штатты кандай көбөйттү, айлык кандай коюлду, капиталдык салымдар керекпи? Мамлекет көзөмөлдөбөй эле өзүнчө мамлекет болуп алыптыр. Көзөмөлдөгөн эч ким жок, эч жерге отчёт бербейт.

Жетекчилери 60 миң сом айлык алат, депутаттар 37 миң алабыз. Күйүүчү майды каалагандай пайдаланышат экен».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясына өзүнүн карамагындагы ишканалардын кирешесинин 2% өлчөмүндө жана башка төлөмдөрдөн бюджетине акча чогултат.

Казынага чегерилчү 2% төлөмдүн чыры

2016-жылы өкмөт башкы дирекциянын тапкан кирешесинин 2% мамлекетке чегерүү жөнүндө токтом чыгарат. Бирок экономикалык аймактын башкы дирекциясы өзүнүн керектөөсүнө жана өнүктүрүүгө каражат тартыш болуп каларын жүйө кылып, өкмөткө 2% төлөмдү төмөндөтүү боюнча маселе коет. 2017-жылы февраль айында ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2% төлөмдү азайтуу боюнча тапшырма берет. Бир топ талкуулардан кийин 2020-жылы төлөмдүн чегин 0,02% кылып, 100 эсе азайтуу жөнүндө токтом чыккан. «Бишкек» эркин экономикалык аймагы 2016-жылдагы 2% төлөнсүн деген токтомду аткарган эмес. Эми өкмөт ал төлөмдөрдү 2% менен эмес, 0,2% менен төлөөгө чечим чыгарды. Депутаттардын эсебинде мамлекеттин казынасына 2% менен 6 млн. сом төлөнмөк болсо, эми 0,02% менен 60 миң сом гана берет. Депутат Канатбек Исаев 346 гектарды ээлеген мамлекеттик ишкана казынага 60 миң сом төлөгөнүн уят деп баалады:

«Силер өкмөттөн кайра-кайра суранып жатып, 2016-жылдан баштап төлөй турган акчаны жокко чыгарып жатасыңар. Эсеп палатасы да ушундай чечим чыгарган. Анын чечимин бардык орган аткарышы керек. Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарын көбөйтүп, мамлекетке түшчү салыкты жоюп салып атат. Төрт жылдын ичинде кеминде 20 млн. сом түшмөк».

Бирок «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев депутаттын айткандарын толук четке какты. Ирсалиев 2016-жылы кызматка келгенден баштап штатты 600 кишиден 300гө кыскартканын айтып өттү. Ошондой эле «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын кирешеси 300 млн. эмес, 150 млн. сомдун тегереги болорун билдирди. Ирсалиев инвестор тартууга жана аларга шарт түзүш үчүн бир топ каражат коротулганын, бир да тыйын ысырып болбогонун айтты. Ошондой эле «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын карамагындагы ишканалар мамлекеттик казынага 2019-жылы бир миллиарддан ашык сом төлөгөнүн, ал эми башкы дирекция бул компаниялардын иштешине шарт түзүп бергенин белгиледи:

Дүйшөн Ирсалиев.
Дүйшөн Ирсалиев.

«300 миллион эмес, 150 миллион сомдун тегерегинде чогултабыз. Биз мыйзам менен төлөмдөрдөн бошотулганбыз. Киреше салыгынан бөлөк акча төлөбөйбүз. 25-жылдан бери төлөм болгон эмес. 2016-жылы төлөм киргизилди, биз каршы болдук.

Ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков төлөмдү азайтуу боюнча тапшырма берген. Биз мыйзамда кандай жазылса ошондон чыккан жокпуз».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы туугандар

Депутат Канатбек Исаев менен экономикалык аймактын жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев өз жүйөлөрүн келтирип, бир топко талашты. Алардын талкуусу кайым айтышка чейин жетип, Исаевдин туугандарын жумушка алганы боюнча дооматына Ирсалиев мындайча жооп берди:

«Сиздин кызматтагы туугандарыңызды санаган жокпуз да. Бул мамлекеттик кызмат эмес, укугум бар. Анда бүгүн барып кызматтан алайын».

Фракция жыйынында бир нече депутат «Бишкек» эркин экономикалык аймагында сыртка товар экспорттоочу ишканаларды көбөйтүш үчүн бир топ жеңилдиктер каралганын белгилеп, бирок учурда айрым компаниялар аймакты салыктан буйташ үчүн пайдаланарын айтты. Депутат Нурбек Алимбеков мамлекетке караштуу инвестиция тартуучу ишкана көзөмөлсүз калганы үчүн өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды:

«350 гектар мамлекеттин жери жылына 60 миң төлөйт деген сөз «Биз эмне үчүн өнүкпөйбүз?» дегенге жооп болду. Ушул талапты аткарган өкмөт кызматтан кетиши керек».

Өкмөт «Бишкектин» саясатын колдойт

Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан мамлекетке төлөм албаш керек деген позицияны коргоду. Асрандиев ишкана катары бардык салыктарды чогултуу жөнүндө чечим кабыл алынса, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын иштеши максатсыз болуп каларын айтты. Өкмөттүн эсебинде бул экономалык аймактан 2% төлөм менен 3,5 жылдын ичинде 12 млн. сом каражат алынмак. Өкмөт өкүлү бул бюджетти толтурууда чечүүчү каражат эмес экенин белгиледи:

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Анда толук салык коюшубуз керек. 2% эч нерсе чечпейт. Анда дирекцияны киреше тапкан кадимкидей ишкана деп карашыбыз керек. Экинчи жолу - бул жөн гана башкаруучу компания катары карайбыз.

«Атайын түзүлгөн экономикалык аймактагы ишканаларга шарт түзүп бергиле, силерден киреше күтпөйбүз» дейли. Мен экономист катары экинчи жолду туура деп ойлойм».

Бирок Асрандиев депутаттардын «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын бюджетинин коротулушун көзөмөлдөө тууралуу талабын туура деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев фракция жыйынынын корунтундусун окуур алдында вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жактоочу болбоого чакырды. Исаев пандемияда өкмөт сырттан каржы издебей мамлекетке караштуу ишканалардын бюджетине көз салышы керек экенин белгиледи. Ошону менен жыйын соңунда депутаттардын чечими менен укук коргоо органдарына «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө тапшырма берилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймактын башкы дирекциясы тараткан маалыматка ылайык, анын жалпы аянты 346,09 гектар. Учурда 313 субъект катталган, анын ичинен 58 - биргелешкен ишкана, 139 субъект кыргыз жарандары тарабынан, 116 субьект чет элдик капитал менен түзүлгөн. Жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иш алып барат.

2019-жылы экономикалык ишкерликти 143 субъект алып барды, анын ичинен 63 ишкана өндүрүш менен алектенди, калгандары – соода-сатык жана тейлөө тармагындагылар. Акыркы 10 жылда «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалар мамлекеттик казынага сегиз млрд. сом төлөгөн. Ал эми башкы дирекциясы 10 жылда 300 млн.сомго жакын акча которгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG