Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Сиз чын эле патриотсузбу?


Айланайын Насыя нан, сенден мыкты майтокоч жок! “Азаттык үналгысы". TKy. 3.04.2011.
Айланайын Насыя нан, сенден мыкты майтокоч жок! “Азаттык үналгысы". TKy. 3.04.2011.

"Күлкү кербени" Орусиядагы жаңы азилдерден дагы бир шиңгил сунуштайт.

Сиз чын эле патриотсузбу?

Орусиядагы жаңы азилдерден бир шиңгил.

* * * * * *

- Урматтуум, Сиз чын эле Орусиянын патриотусузбу?

- Ооба. Эмне болуп кетти?

- Патриот болсоңуз эмне үчүн Орусияда өндүрүлгөн машинени минбестен, чет өлкөдө чыккан унааны айдап жүрөсүз?

- Э-э досум! Сиз патриотчулук менен аңкоолукту чаташтырып албаңыз!

* * * * * *

- Миллиардер Роман Абрамовичке Максим Галкин кайрылып, “Ким миллионер болгусу келет?” деген сыналгы берүүсүнө катышып берүүсүн өтүнгөн экен, ал ага абдан ызаланыптыр.

- Ооба, ошондон тартып бул берүүнү Дмитрий Дибров алып барып калды дешет.

* * * * * *

Жаңы орус досуна кайрылат:

- Эгерде кимдир-бирөө "Лэнд крузер" сатып алган болсо, аны дароо эле “бай экен” деп бүтүмгө келбеш керек. Балким, ал бечара үч ай бою маянасын чогултуп, анан сатып алгандыр?

* * * * * *

- Сологойлор акчасын оң чөнтөккө катат экен, оң кол менен жазчулардын акчасы сол чөнтөктө болот экен.

- Мага окшогон мээсинин эки бөлүгү тең күчтүү иштегендердин акчасы оффшордук (аралдардагы салыктан эркин) банктарда катылат.

* * * * * *

- Сенин жаңы үйүңдү кимдер курду?

- Тажиктер. Өтө сонун курушат! А сеникинчи?

- Швейцарлар.

- Опе-ей, кымбатка түштүң го?

- А Швейцарияга тажиктерди алып баруу мындан да кымбат экен!

* * * * * *

Отун сатуучу бир жаңы оруска кайрылып:

- Мына бул кертилген даяр отундар Сиздин хансарайдагы кооз мешиңизге атайын даярдалган. Ар бир кертим отун хохломалык оюу менен шөкөттөлгөн! Баасы үчүн да досторуңуздун алдында барктана аласыз!

* * * * * *

- Эмне үчүн тилемчилерге көп акча бересиз да, окумуштууларга эч кандай жардам кылбайсыз? – деп жаңы орустан сурашат.

- Анткени мен качандыр бир кезде кайырчыга айланышым мүмкүн, бирок менден эч качан илимпоз чыкпайт.

* * * * * *

(Ар кыл интернет булактарынан)

TT

XS
SM
MD
LG