Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Апта: талаштуу шайлоо мыйзамы, НАТО ИМге сокку урат


Кыргызстанда быйыл президенттик шайлоо өтөт.
Кыргызстанда быйыл президенттик шайлоо өтөт.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп салабыз.

Кыргызстанда шайлоолор боюнча мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр кызуу талкууланып жатат. Түркия мурдагы “Себат” cистемасына атаандаш “Маарифти” сунуштады.

Брюсселде НАТОнун, Италияда "Чоң жетинин" жыйындары өттү, АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышка жана Европага сапары аяктады, Манчестерде 22 адамдын өмүрүн алган террордук чабуул болду.

Жогорку Кеңеш “Шайлоолор боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Долбоордо саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Активисттер мындай өзгөрүү жарандык коомдун шайлоого байкоо салуу укугун чектейт десе, ал эми долбоордун авторлору добуш берүүнү иретке салууну көздөшкөнүн билдирди.

Долбоордо сунушталгандай, саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо бекеттеринде добуш берүү жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Шайлоого такай көз салып жүргөн “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” өкүлү Динара Ошурахунова мындай жол менен коммерциялык эмес уюмдардын укуктары чектелип каларын белгилейт. “Биринчиден, добуш берүү маалында шайлоо участкасында бардык процесске эркин көз салып көзөмөлдөгөнгө болгон укугубузду чектешти. Экинчиден, шайлоо учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууну аныктасак, ал боюнча арыздануу укугубуздан ажыратып жатышат», - дейт укук коргоочу.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Бейөкмөт уюмдардын байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө, анын таза өтүшүнө тыкыр көзөмөл жүргүзүп, шайлоонун ачык-айкындыгына жана мыйзамдуулугуна бараандуу салым кошкон.

Парламенттеги долбоордун авторлорунун бири, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов “Ар бир бейөкмөт уюмга бирден байкоочу жиберүүгө укук берилген. Аларды эч ким чектеген жок” деп, башкы максат “шайлоо жараянын иретке салуу менен өткөрүү” экенин билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы байкоочулардын макамы боюнча так позициясын айта элек.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев “дүйнөдө бир гана байкоочу деген түшүнүк бар. Эл аралыкпы, партиянын мүчөсүбү же бейөкмөт уюмданбы - шайлоонун таза өтүшүнө көз салышы керек” – деп мыйзамга шашылыш өзгөртүү киргизүүнүн өзү канчалык зарыл эле деген суроо койот.

Шайлоого байланыштуу коомчулуктун дагы бир бүйүрүн кызыткан суроо – парламенттеги бийликчил фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун эл аралык уюм менен жолугушканда “буга чейинки президенттик шайлоого 80ден ашуун талапкер катышкан болсо, быйыл алты-жетиден ашпаган саясатчы катышат”, - деп айтканы болду. Буга улай президенттик шайлоодо жаңы жүз, жаңы саясий күч чыгабы деген суроо дагы чыга баштады.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясында жогорку кызматты аркалап жүрүп, Кыргызстанга келип, саясатка активдүү аралаша баштаган ​Таалатбек Масадыков "Азаттык" радиосуна курган маегинде президенттик шайлоого катышууга ниети бардыгын билдирип, ар кыл тармактар боюнча терең билими, бай тажрыйбасы бар адистер биригип жатканына токтолду. “Эгер элибиз өзгөрүүлөргө даяр болуп, саясий укуктарын колдонуп, үйдө отурбай жаңы желаргыга, жаңы адамдарга добуш берсе, биз жарышка түшүүгө даярбыз” – деп айтты Масадыков.

Масадыков: Президенттикке баруу ниетимди четке какпайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:04 0:00

Саясат таануу илимдеринин доктору Эмил Жураев “калыптанган демократиялык өлкөлөрдө мамлекеттин башчылыгына, албетте, таанымал, тажрыйбасы бар, элге эмгеги сиңген гана инсандар жетише аларын” белгилейт. Илимпоздун мындай пикирине макул эместер учурда кыргыз коому жаңы жүздөргө муктаж экенин жүйө тартышат.

“Себатка” атаандаш “Маариф” сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Стамбулда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушканда түрк өкмөт башчысы Кыргызстанга багытталган жаңы форматтагы кызматташууну сунуштап, мамлекеттик “Маариф” билим берүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн белгилеген.

Спикер Турсунбеков “Азаттыкка” курган маегинде “Албетте, бизге алтернативдүү, өз карамагыбыздагы мектептер канчалык көп болсо, анын зыяны тийбейт деп ойлойбуз. Анын үстүнө акчаны “Маариф” бөлүп бере турган болсо, биздин ата-энелер балдарын окутканы үчүн төлөбөй турган болсо, анын эч зыяны жок. Муну баарыбыз түшүнүп турабыз” – деп, сунуштарды кыргыз бийликтери талдап чыгарын белгиледи.

Бинали Йылдырым менен Чыныбай Турсунбеков.
Бинали Йылдырым менен Чыныбай Турсунбеков.

Билим берүү боюнча адис Асылбек Жооданбеков альтернативалуу мектептердин, китептердин, ыкмалардын жайылышы билим берүү системасын байытат деген көз карашка кошулат. Эксперт аны менен катар “Түркиянын же болбосо башка эле кайсы бир мамлекеттен ушундай сунушталса, алар сөзсүз түрдө өзүнүн таасирин жана идеологиясын киргизет. Ал канчалык деңгээлде ошол тарбиялана турган балдардын аң-сезимине таасирин тийгизет – аны терең иликтөөдөн кийин айта алабыз” – деп бул жаатта мамлекеттин жоопкерчилигин эскертет.

Анкара менен Бишкек алакасынын солгундашына мурунку "Себат" мектептеринин дагы таасири тийгенин эксперттер белгилешет.

Түрк өкмөт башчы Йылдырым дагы акыркы учурда “Себат” билим берүү мекемесинин айланасындагы маселелер эки өлкө алакасына көлөкө түшүргөнүн айткан.

Кыргыз парламентарийлеринин Стамбулга барышы былтыр Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүш аракеттеринен кийин Бишкектен барган алгачкы расмий делегация болду.

Түрк бийликтери бир жыл мурунку төңкөрүштү уюштуруунун артында АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен турганын жарыялаган. Ошондой эле анын “Хизмет” кыймылына таандык делген 1043 жеке менчик мектепти, 35 саламаттыкты сактоо мекемесин, 1229 фондду жана бирикмелерди жапкан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өткөн жылдын жайында Бишкек дагы Анкараны колдоп “гүленчилерге” чара көрбөсө, эки өлкөнүн алака-катышына терс таасири тиерин эскерткен.

Кыргызстанда Гүлендин кыймылынын жолдоочулары түздү делген окуу жайлар, маданий жана кайрымдуулук жаатында иш алып барган уюмдар бар. Алардын эң ириси саналган “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси апрелде “Сапат” болуп өзгөртүлгөн.​

НАТО, терроризм, Орусия коркунучу

АКШнын президенти Дональд Трамп январь айында кызматка киришкенден бери чет өлкөгө чыккан биринчи сапарында дүйнөлүк үч диндин борбору саналган Сауд Аравиясында, Израилде жана Ватиканда болду. Андан соң Трамп Брюсселге сапарын улады. Белгиянын баш калаасы Батыштын баалуулуктарын жайылткан саясий жана экономикалык борбор.

Ак үйгө келгиче “Адегенде Америка”, андан кийин гана башкалар деген позицияны көтөргөн Трамп дүйнөлүк лидерлер менен бетме-бет отуруп, терроризм коркунучу, коопсуздук жана коргонуу, глобалдык жылуулук, эркин соода боюнча пикир алмашты.

25-майда Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн бейформал саммити өттү. Альянстын терроризмге каршы күрөшкө салымы, коргонуу чыгымдарын көбөйтүү - күн тартибине коюлду.

НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери альянстын Брюсселдеги жаңы баш кеңсеси алдында. 25-май, 2017-жыл.
НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери альянстын Брюсселдеги жаңы баш кеңсеси алдында. 25-май, 2017-жыл.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги жыйынды утурлай мүчө мамлекеттер "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы эл аралык коалицияга НАТОнун өзүнүн кирүүсүн макулдашарын жарыялаган. “Бул НАТОнун терроризмге каршы күрөшкө берилгендигинин белгиси болот жана коалициянын алкагындагы координацияны чыңдайт” -, деген Столтенберг ошол эле маалда “НАТО согуштук аракеттерге катышат дегенди туюндурбасын” түшүндүргөн.

НАТОго мүчө 28 мамлекеттин баары тең эл аралык коалициянын мүчөлөрү. АКШ баштаган 68 мамлекет кирген колацияга НАТО өзү уюм катары ушуга чейин кошулган эмес.

Буга чейин Франция, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөр бир чети араб мамлекеттери менен мамилени бузуп албайлы деп аярласа, экинчи жагынан Түндүк альянстын “Ислам мамлекети” тобу менен кургактагы согушка аралашып калышы мүмкүн деп каршы болуп келишкен.

Эми НАТО коалицияга расмий кошулуу менен “Ислам мамлекети” тобуна каршы операцияларды AWACS чалгын учактары аркылуу кеңири колдоорун альянстын расмий өкүлдөрү билдирди.

НАТО жыйынына алгачкы ирет катышкан АКШ президенти Трамп “Орусия коркунучун” көтөрүп, “НАТО келечекте башкы көңүлдү терроризмге, иммиграцияга, Орусиядан, чыгыш жана түштүк чек араларынан келген коркунучтарга бурушу керектигин” айтты.

Саммитте дагы бир башкы маселе - коргонуу чыгымдарынын көбөйтүлүшү тууралуу сөз болду. Баш катчы Столтенберг альянска мүчө өлкөлөр “10 жыл аралыгында ички дүң өнүмдүн 2% коргонууга сарптоого жетишүү каралганын” эске салды.

НАТО саммитине каршы демонстрация. Брюссель, 24-май, 2017-жыл.
НАТО саммитине каршы демонстрация. Брюссель, 24-май, 2017-жыл.

Аскерий уюмдун чыгымынын 70% жапкан АКШнын президенти “НАТОнун мүчөлөрү акыр аягында адилет салымын кошуп, каржылык милдеттенмелерин аткарышы керектигин” эскертти.

2% эрежени былтыркы жылы аскерий альянстын ичинде Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган.

“Чоң жети” Сицилияга чогулду

Дүйнөдө чоң экономикасы бар өлкөлөр кирген “Чоң жетинин” эки күндүк жыйыны Италиянын Сицилия аралында өттү.

26-майда Таормина шаарында анын лидерлери жасаган билдирүүдө террорризмге каршы күрөштү күчөтүүнү жана соода жүргүзүүдө бир пикирге келүү макулдашылганы айтылат.

Лидерлер АКШ президенти менен климаттын өзгөрүүсү боюнча маселеде тил табыша алган жок. Трамп өзү дагы Твиттер баракчасына “Париж келишими боюнча акыркы чечимди кийинки аптада кабыл алам” – деп жазды.

“Чоң жетинин” саммитине Трамп биринчи жолу катышты.

Лидерлер “климаттын өзгөрүүсү жана соода-сатык сыяктуу маселелерде ар кандай көз карашта” экенин Еврокеңештин төрагасы Туск эки күндүк саммиттин алдында айткан.

АКШнын, Улуу Британиянын, Канаданын, Франциянын, Италиянын, Жапониянын жана Евробиримдиктин лидерлери катышкан эки күндүк саммитте 22-майда Манчестерде 22 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин Лондонго колдоо билдиришти.

Британ премьери Тереза Мэй өз сөзүндө терроризм менен күрөшкө токтолуп, экстремисттер согуш талаасында алсызданып бараткандыктан интернетти активдүү колдоно баштаганына көнүл бурууну эскертти.

Саммиттин катышуучулары дүйнөлүк маалымат желесинде экстремисттик маанайдагы маалыматтарды таратпоого чакырышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG