Линктер

бейшемби, 27-июль, 2017 Бишкек убактысы 20:43

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандар саны расмий отузга чамалады.

Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышат. Анын талапкерлигин көрсөтүү сунушу 17-июлда Бишкекте өткөн Улуттук мекенчил күчтөр биримдигинин кезексиз курултайында көтөрүлдү. Жакынкы күндөрү ал өз арызын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырмакчы.

БШКдан кечээ билдиргендей, 16-июлда "Аалам" саясий партиясынын лидери, 60 жаштагы Арсланбек Малиев өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын тапшырган.

Ушуну менен президенттик жарышта ат салышуу ниетин билдиргендер саны отузга жетти. Аларды көбү өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган.

Ошондой эле шайлоого катышуу ниетин билдирип, бироо расмий арыз бере элек адамдар да бар. Маселен, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековдун өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка түшүү ниети бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар БШКга 1-августка чейин арыз тапшырышы керек.

Талапкер болуу ниети менен арыз бергендер мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, 1 млн сом күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди тапшыргандан кийин гана расмий талапкер болуп саналат.

Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш.

БШКнын маалыматына караганда, президентти шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууну каалаган жалпы 136 ЖМК аккредитациядан өттү.

Талапкер болуу ниетин билдиргендер

Саясий партиялар көрсөткөндөр:

Темир Сариев - "Ак Шумкар" партиясынын лидери;

Бакыт Төрөбаев - Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери;

Турсунбек Акун - "Адам укуктары партиясынын” лидери;

Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери;

Сооронбай Жээнбеков – премьер-министр, КСДП сунуштаган талапкер;

Өзүн-өзү көрсөткөндөр:

Назарбек Нышанов;

Өмүрбек Текебаев;

Арстанбек Абдыл​даев;

Бакыт Дегенбаев;

Сайнидин Султанидинов;

Камила Шаршекеева;

Таалатбек Масадыков;

Өмүрбек Бабанов;

Рита Карасартова;

Турсунбай Бакир уулу;

Замира Муратбекова;

Санжарбек Энназаров;

Сагынбек Абдрахманов;

Мукар Чолпонбаев;

Кубан Чороев;

Анвар Сартаев;

Куттубек Бешбаков;

Игорь Трофимов;

Максатбек Жумабеков;

Улукбек Кочкоров;

Нусрет Муса-Оглы Мамедов;

Руслан Жунусов;

Шерикул уулу Мирлан;

Арсланбек Малиев.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG