Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Оппозиция бир талапкерди колдой элек


Саясат талдоочулар оппозициянын деле, бийликчил партиялардын деле чоң жарышта башы биригип, бирдиктүү талапкер алып чыгарынан күмөн санашууда.

Ушул тапта оппозициялык топтор сүйлөшүү жүргүзүүдө, бирок жарышка бир талапкерди сүрөө боюнча орток пикир жок. Саясат талдоочулар оппозициянын жана бийликчил партиялардын бириге албай жаткан факторлорун атады.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиясынын юристи, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин арызын кабыл алганын кабарлады. Бийликти сындап келаткан саясатчы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат. Ушул эле күнү “Адам укугу” саясий партиясы өзүнүн биринчи курултайын өткөрүп, төрагасы Турсунбек Акунду президенттикке талапкерликке көрсөттү.

Жаңы кыймыл талапкерлерди тандайт

Жаңы кыймыл талапкерлерди тандайт

Бишкекте президенттик шайлоону утурлай дагы бир "Элдик талапкер" деген аталыштагы коомдук-саясий кыймыл түзүлдү.

Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Азырынча оппозиция бирдиктүү бир талапкерге токтой элек. Учурда чоң жарышта бир талапкерди сүрөө же биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын экс-депутат Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" билдирди.

- Бир талапкерди жылдырууга али да болсо мүмкүнчүлүк, бир аз убактыбыз бар. Андай аракеттер, сүйлөшүүлөр, кандайдыр бир конструкцияларды түзүү иштери жүрүп жатат. Бирок оор болууда. Биздин басып өткөн жолубуз, тарыхыбыз, өткөн чагыбыз биригүүгө, бир талапкер чыгарууга, сүйлөшүүгө бир топ тоскоол болууда. Процесс башталгандан кийин дагы ар кандай талапкерлер чыга турган болсо дагы акырында бирөөнө токтоп, ошону колдоп кете турган мүмкүнчүлүгү кала берүүдө.

Оппозиция бир талапкерди алып чыгып, ошонун айланасында биригет деп чечкиндүү айтуу кыйын. Бирок шайлоону утурлай өлкөдөгү саясий күчтөр топтолуп, ирилешүү аракеттери мурда эле башталган. Алсак оппозициялык "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" саясий партияларынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков өткөн жылдын соңунда президенттик шайлоого карата биригип жатышканын жар салышкан. Биригүүнүн негизги максаты - шайлоо экени айтылган. Бирок коомчулукта үчилтик тандемдин тараганы, өз алдынча кеткени айтыла баштады.

Бириксе деле баягы эле 25 жылдан бери келаткан адамдар, эл деле алардан тажап калды окшойт.
Чынара Эсенгул

Ал эми Адахан Мадумаровдун талапкерлиги "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын 11-июлда өтө турган курултайында расмий көрсөтүлөрү айтылууда. Мадумаров өзү шайлоого ар кандай ыкмалар менен барышарын билдирди.

- Ооба, ар кандай менен ыкма менен барабыз. Мүмкүн баарыбыз чыгып барып анан күрөш жүргүзөбүз деп айткан сайын тандем бузулдубу деп сурап жатасыңар. Бул алгачкы кадамдар. Шайлоонун шайтан оюндарынын баары алдыда.

Ушул тапта ар кайсы саясатчылар, мурдагы чиновниктер дагы жандана баштаган кез. Шайлоону утурлай жаңы түзүлгөн "Элдик талапкер" деген аталыштагы коомдук-саясий кыймыл талапкерлерди электен өткөрөрүн айтып чыгышты. Кыймылдын мүчөсү жана өзү дагы талапкер катары арызын тапшырган Мукар Чолпонбаев, сындан өтпөгөндөр колдоого алынбай турганын кошумчалады.

- Элдик талапкер болом дей турган болсо келсин. Ошол жыйналыш кабыл алган сеткага туура келеби-жокпу? Болбосо, рахмат, жакшы барсын...

Саясат талдоочулар оппозициянын да, бийликчил партиялардын да чоң жарышта башы биригип, бирдиктүү талапкер алып чыгарынан күмөн санашууда. Көз карандысыз эксперт Чинара Эсенгул мунун бир канча факторун санап өттү. Айтымында, талапкерлер же президент болуу ниети бар адамдар материалдык жана адамдык ресурстарга көз каранды.

- Материалдык жактан карап келсек оппозицияда жүргөн саясий күчтөрдүн андай ресурстары деле жок. Бириксе деле мен мынча кылдым, сен мынча кылдың деп интригалар, түшүнбөстүктөр боло берет. Ошондуктан бириге албайт. Бириксе деле баягы эле 25 жылдан бери келаткан адамдар, эл деле алардан тажап калды окшойт. Жаңы жүздөр бар, бирок аларды түртмөлөп, ушул өнүгүүгө алып барар деп өз дымагын коё турган саясатчылар жок болуп жатат.

Оппозиция бириге алабы?

Оппозиция бириге алабы?

Президенттик шайлоону утурлай Кыргызстанда саясий күчтөр ирилешип, ар кандай оппозициялык саясатчылар, топтор бириге баштады. Алардын катарында саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков бар.

“Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева талапкерлер жеке дымак, ич ара ажырым, орток платформанын жоктугунан бир күчкө бириге албай жатат деген пикирде. Буга регионалдык трайбализм да себеп болушу ыктымал. Ногойбаева азыр көп саясатчылар соодалашып, өз убактысын күтүп жатат деп эсептейт.

- Чындыгында бизде оппозиция да, бийлик да бирикпейт. Азыр оппозиция борпоң, бош көрүнүп атат, бирок бийлик деле ошондой абалда. Күзгү сымал, алар бири-бирин күзгүдөн көрүшөт. Качан идея, идеологиялык платформа болгонда гана биригүү болот. Азыр мисалы социалисттик, консервативдик же либералдык платформа жок. Ошондуктан адамдар мурдагы чиновниктер, бардар адамдар айланасына биригүүдө. Менимче оппозицияда, жарандык коомдон жаңы лидерлер пайда болууда. Азыр эл эски адамдардан тажап калды. Экинчиден, айрым саясатчылар ар кайсы курултайда жүрөт. Ошондуктан алар кимдин командасында экенин айтуу кыйын. Шайлоонун алдында соодалашуу жүрүүдө. Азыр бардыгы арыз бере элек. Жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Мисалы, бийликтин ичинде түшүнүксүз нерселер жүрүүдө, Иса Өмүркулов башка лидерлер менен жүрөт. Чыныбай Турсунбеков шайлоого баруу ниетин билдирди. Алардын ичинде өзүнчө оюн жүрүүдө.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 5-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 16 жаран талапкерлик арызын тапшырды. Алардын экөөн партиялар алып чыкса, 14ү – өзүн өзү көрсөткөндөр.

Турсунбек Акун президенттикке аттанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG