Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Шайлоо партиялардын салмагын көргөздү


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликке келчү саясий күчтөрдүн түзүмү өзгөргөнүн белгиледи.

Муну менен ал "Мекеним Кыргызстан", "Эламан" жана "Элдик" деген сыяктуу жаңы партиялар "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт" жана "Кыргызстан" деген сыяктуу буга чейин таанымал болуп калган ири партиялар менен таймашып, айрым аймактарда алдыга озуп чыкканын белгиледи.

Жаңы партиялардын бул ийгилигин оппозиция алардын бийлик партиясына жандооч болот деген жагдай менен байланыштырса, КСДП партиясынын өкүлдөрү аны саясаттагы муун алмашуу жараяны менен түшүндүрүүдө.

Шайлоонун жыйынтыгы

Жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийликтеги КСДП партиясы сегиз шаардын бешөөндө биринчи орунду камсыздады.

Жалал-Абад шаардык кеңешине кайра шайлоодо оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" партиясы шайлоочулардын 26,47 пайыз добушун алып, алдын ала жыйынтык боюнча тогуз мандатка ээ болду. Бул партия мурдагыга караганда бир мандат көп алса, анын өнөктөшү болгон "Ата-Журт" партиясы бир мандатын жоготту. "Кыргызстан" партиясы эки, КСДП партиясы бир мандатынан ажыраса, "Республика" партиясы мурдагы шайлоодогу абалын сактап калды.

Бул шаардагы шайлоого жаңыдан гана катышкан "Мекеним Кыргызстан" партиясы 13 пайыздан ашуун добуш алып, төрт мандат алууга жетишти. Бул жаш партия Айдаркен жана Кадамжай шаарларында биринчи орунду камсыздап, бештен депутаттык мандат алмай болду.

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы башка шаарларда дагы экинчи-үчүнчү орундарга чыккан. Мындан сырткары "Эламан" жана "Элдик" деген жаңы партиялар Кара-Балта жана Ноокат шаарларында экинчи-үчүнчү орунду алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова муну менен жергиликтүү кеңештердеги саясий күчтөрдүн түзүмү алмашканын айтты:

- Партиялар боюнча абдан кызыктуу жыйынтыктар келди. Айрым шаарларда биринчи жолу шайлоого катышкан жаңы партиялар эң жакшы жыйынтыктарды көргөзүп, элдин ишенимине ээ болушту. Кыргызстан коммунисттер партиясы Көк-Жаңгак шаарында экинчи орунду ээлесе, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы беш шаардагы жергиликтүү шайлоого катышып, жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздады. Бул жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолордо саясий күчтөрдүн түзүмүнүн өзгөргөнүн көргөзүп жатат.

Шайлдабекова: Жаңы партиялар жакшы жыйынтыкка жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

"Жандоочу кийик аттырат"

Анткен менен айрым жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгын оппозиция өкүлдөрү жаңы саясий күчтөрдүн жергиликтүү кеңештерге келиши катары кабыл алган жери жок.

"Жаңы муун" жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлян Аскарбеков жаңыдан аты атала баштаган саясий партияларды бийлик партиясынын жандооч - долбоору деп эсептейт. Ал мына ушундай тактикалык жүрүштөр аркылуу бийликтеги КСДП партиясы өзүнүн жер-жерлердеги таасирин сактап калып, жандооч партиялардын жардамы менен жергиликтүү кеңештерде көпчүлүк коалиция куроону мерчемдеп жатат деген көз карашын айтты.

Жаңыдан чыга калып эле шайлоодон утуп чыгып жаткан ал партиялар бийликтин долбоору.
Мавлян Аскарбеков

Мавлян Аскарбеков ошол эле кезде "Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Республика" саясий партиялары бийлик партиясына жана алардын жандоочторуна каршы тура алган жок деген пикирде:

- Жаңыдан чыга калып эле шайлоодон утуп чыгып жаткан ал партиялар бийликтин долбоору. Себеби бийлик партиясы өзүнө атаандаш күчтөргө каршы туруу үчүн аларды астыртан сүрөп, колдоп марага алып чыкты. Эми мына ошолордун жардамы менен жергиликтүү кеңештерде көпчүлүк коалициясын курап алууга чоң шарт түзүлдү. Анан дагы бийлик партиясына атаандаш боло турган "Республика" жана "Кыргызстан" партиялары каржыга таянганда дагы утуп чыгышы керек эле. Бирок жыйынтык башка жагдайды көрсөттү. Анын бир гана себеби аталган ири каржылык ресурстары бар бул партиялар өткөн шайлоолордо айткан убадаларын аткарбай коюшкан. Бул мына ошонун көрсөткүчү. Ошондуктан алар мына ошол бийликтин жандооч партияларына уттуруп жатышат.

"Жаңы толкундун шары"

Бирок ошол эле кезде КСДП партиясынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоонун жыйынтыгын бурмаланбаган чыныгы көрсөткүч экенин айтып, ага карата бир катар жүйөлөрүн келтиришти. Алардын айтымында, бийлик партиясына атаандаш катары чыга турган ири жана бай таржымалы бар саясий партиялар соңку мезгилде беделин жоготуп алышкан. Алардын ордун жаңыдан түзүлгөн, жаш партиялар ээлеп, кээ бирлери жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ийгилик жаратууга жетишкен.

Бул тууралуу билдирген КСДП партиясынан депутат Дастан Бекешов муну бийлик партиясынын колдоосуна таянбаган, жаңы саясий күчтөрдүн толкуну катары белгиледи:

- Негизи буга чейин төрт-беш айылдын деңгээлинде же бир шаарда гана иш алып барып, мына ошол жактагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышып, тиешелүү добуш алып жүргөн партиялар бар болчу. Мына ошолордун арасынан айрымдары мурдагыга караганда масштабын кеңейтип, бир катар аймактарда жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Алар азыр бир катар айылдар менен шаарларда алдыга чыгып, айрымдары биринчи орунду дагы камсыздап коюшту. Муну мен башка чоң партияларга жасалган "сигнал" деп айтаар элем. Ошондуктан алар эми чоң партиябыз деп жүрө бербей, аймактарда иш алып барууга тийиш.

Өткөн жекшемби күнү сегиз шаарда жана 33 айылда жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоолор болуп өттү. Ага жалпысынан жыйырма эки саясий партия катышып, алардын арасынан он төрт партия жетиштүү добуш топтоп, аймактардагы ар кайсы жергиликтүү кеңештерге өттү.

Шайлоо: Жалал-Абаддагы добуш берүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG