Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Орусияда рэп бийликтин каарына калды


IC3PEAK дуэтинин "Өлүм мындан ары болбойт" деген ырынын клипинен алынган кадр.
IC3PEAK дуэтинин "Өлүм мындан ары болбойт" деген ырынын клипинен алынган кадр.

Орусияда сентябрь айынан бери рэп багытындагы ырчылардын ондогон концерттерине бийлик тыюу салып, өтпөй калды. Хаски, Элжей жана башка жаш аткаруучулардын концерттери алгач ар кандай шылтоо менен, кийин ата-энелердин кайрылуусунан улам үзгүлтүккө учураган.

Мурда жалаң англис тилинде ырдап келген IC3PEAK дуэти быйыл күздө “Жомок” деген альбомун чыгарган. Андагы ырлардын көбүндө Орусиядагы мүшкүлдөр баяндалат.

Электрондук музыка багытына ыктаган дуэттин солисттери Анастасия Креслина менен Николай Костылевдун айтымында, дал ушул альбом чыкканы алардын концерттери үзгүлтүккө учурай баштаган.

- Эч кандай расмий билдирүү же ачык каттар болгон жок, - дешти алар. - Искусствого каршы көмүскө ыкмалар менен күрөшүп жатышат. “Бизде Советтер Союзунан кылган ыкмалар бар, биз ошолорду колдонбуз” деп кимдир бирөө шашылыш түрдө заманбап маданиятты оңдоону чечкендей таасир калтырат.

IC3PEAK дуэтинин ырчысы Анастасия Креслина. 29-ноябрь, 2018-жыл. Екатеринбург.
IC3PEAK дуэтинин ырчысы Анастасия Креслина. 29-ноябрь, 2018-жыл. Екатеринбург.

​IC3PEAK тобунан тышкары Орусияда сентябрь айынан бери ондогон ырчылардын, өзгөчө рэп багытындагы жаш аткаруучулардын бир катар аймактардагы концерттери ар кандай себептерден улам өтпөй калды.

Жергиликтүү бийлик алардын айрымдарына суу, электр маселесин, коопсуздук чараларын жүйө кылса, башкаларына ата-энелердин кайрылуусу менен тыюу салынганын түшүндүргөн.

"Рэп болбогон нерсе"

Ушул жылдын октябрь айында «Тюмень ата-энелеринин комитети» деген уюм Тюмень шаарынын прокуратурасына, антимонополдук кызматка, прокуратурага жана аймактык балдар акыйкатчысына кайрылып, бир катар ырчылардын концерттерине облус аймагында тыюу салууну өтүнгөн.

Ата-энелердин "кара тизмесине" Хаски, Элжей, Фейс, “Noize MC” жана башкалар кирген.

Комитеттин өкүлү Андрей Генезоровдун айтымында, азыркы балдар абдан кеч, 25-30 жашка барып араң токтолот.

"Мына ошол акыл-эси толук кире эле жаштарды манипуляция кылуу өтө оор. Мурда жаштардын мекенчилдик тарбиясы күчтүү эле. Азыркы жаштар жыйырма жылдан бери тоңуп калган маданиятта жашашкандай. Балдар эле эмес, алардын ата-энелери да туруктуу, мекенчил жана ыймандуу тариядан куру калышкан. Азыр Советтер Союзу болгондо бул рэперлерди көздөй помидор ыргытышмак. Анткени бул искусство эмес, бул болбогон нерсе" -деп эсептейт ал.

“Рэпперлердин ырларынын тексттери жаш балдарды бузуп жатат” деген ата-энелердин социалдык тармактарда баракчалары да бар. Ал жакта тиги же бул ырчынын концертин өткөрбөй коюунун жолдору талкууланат.

Маселен, Хаски деген лакап ат менен таанымал Дмитрий Кузнецовдун ырлары “ыплас сөздөр, алкоголдук ичимдиктерди колдонууга жана бир жыныстуу байланыштарга чакырыктар бар” деген менен жүйө менен бир катар шаарларда тыюу салынган.

Ал эми 22-ноябрда Хаски майда бейбаштык үчүн айыпталып, 12 күнгө Краснодарда камакка алынган. Бул орус ырчыларынын арасында нааразылык жаратты.

Ушундан улам төрт күндөн кийин Краснодар соту аны эркиндикке чыгарган. Хаскиге колдоо көрсөтүү үчүн анын кесиптештери Oxxxymiron, Баста жана Noize “Мен өз ырымды аткарам” деген концерт уюштурушту.

Элжей деген ысым менен сахнага чыгып келген ырчы Алексей Узенюктун Якутскиде өтө турган концерти рэппердин дарегине айтылган ар кандай коркутуп-үркүтүүдөн улам болбой калды. Уюштуруучулар концертте чагымчыл кадамдар болобу деп кооптонгонун билдиришти. Якутск шаарынын бийлиги иш-чараны өткөрбөөнү ата-энелер суранышканын маалымдады.

Концерттердин үзгүлтүккө учурашы Интернеттеги жаштар арасында нааразылык жараткандыктан Мамлекеттик Думада бул темага арналган жыйын өтүп, ага депутаттар, рэп аткаруучулар жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Анда сөз алган рэп аткаруучу Давид Нуриев же Птаха:

- Силер чындап эле Элжейдин концерттерине тыюу салуу менен аны ыймандуу адамга айланта алабыз деп ойлоп жатасыңарбы? Силер өз жоопкерчилигиңерди бизге жүктөп жаткан жоксуңарбы? Балдар менен мектепте жакшы иштебей жатканыңар үчүн, көчөдөгү ар бир адам баңгизатты кайдан аларын билгени үчүн биз күнөөлүүбүзбү? - деп эл өкүлдөрүнө суроо салды.

Рэп аткаруучу Хаски Краснодар сотунда.
Рэп аткаруучу Хаски Краснодар сотунда.

Тегерек столдун жыйынтыгында чогулгандар Мамдуманын Жаштар парламентинин алдында эксперттик кеңеш түзүүнү макулдашты. Ал кеңеш азыркы заманбап ырларды “экстремисттик” деген бүтүм чыгарган экспертизаларды кайра текшерүүдөн өткөрүп турат. Ага музыканттар, сүрөтчүлөр, журналисттер жана акындар киргени белгилүү болду. Политтехнолог Андрей Колядин мындай жол менен бийлик жаштардын жаңы агымдарына каршы күрөшө албайт деген пикирде.

- Жаштардын маданиятына бийлик туруштук бере албайт, - деди ал. - Жаштар маданияты өзгөрүп, жаңы, заманбап шарттарга ылайыкташышы мүмкүн, жаңы кыймылдар пайда болот. Рэпперлерге же башка агымдагы ырчыларга тыюу салса болот, бирок бийликке ушундай эле мамиле кылган жаштардын башка кыймылдары пайда болушу мүмкүн. Алар стадион толтура күйөрмандарды чогултушат. Бийлик аларга тыюу салганга аракет кылат, кайра утулат, ошентип бул муундан-муунга, кылымдан-кылымга уланат.

Кыргызстандагы рэп стилинде ырдап жүргөн аткаруучулардын бири Баястан да бул окуялардан кабардар. Бирок ал ырчылардын чыгармаларында сөгүнгөн сөздөр болбош керек деген пикирде.

- Эгерде ырчы концертке балдар да келишин кааласа, билет сатардан мурда менимче ырларынын сөзүн өзгөртүп коюш керек го. Ошондой талап болушу керек деген ойдомун. Концерттин өзүнө тыюу салбаш керек, - дейт Баястан. Ал өзү Баста аттуу орус рэпперинин чыгармаларын баалап угарын кошумчалады.

7-декабрда Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов концерттерге тыюу салуу боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун билдирди. Ал эми президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Сергей Кириенко концерттерге тыюу салууну “акмакчылык” деп атады. Ал ошондой эле бийликти жаштар менен тыгыз иштөөгө чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG