АКШдагы CNN телеканалы, «New York Times» жана «Washington Post» басылмалары 9-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, 2017-жылы Орусиядан чыгарылганы айтылган орус жараны президент Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген эмес. Ошентсе да Орусияда жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен таанышып турууга, керек болсо орус президентинин үстөлүндөгү документтердин сүрөттөрү менен бөлүшүп турууга мүмкүнчүлүгү болгон.
«New York Times» жазгандай, бул киши 10 жылдан ашык убакыттан бери АКШга маалымат берип турган. Анын маалыматы Орусиянын 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүү аракети тууралуу америкалык чалгын кызматтарынын тыянагына салым кошкон. 2017-жылдын январь айында жарыяланган бул тыянакта АКШ шайлоосуна кийлигишүү жараянына Путин түздөн-түз катышканы белгиленген болчу.
«New York Times» билдиргендей, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы Орусиядагы маалымат булагын 2016-жылы эле чыгарып кетүүгө аракет кылган. Бирок ал киши үй-бүлөсү тууралуу тынчсызданганын айтып, бул сунуштан баш тарткан. Ошентсе да 2017-жылдын ортосуна чукул Орусиядан чыгып кетүүгө макул болгон.
CNN кабарлагандай, маалымат булагын Орусиядан чыгарып кетүү зарылчылыгы президент Дональд Трамптын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана ошол учурдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен 2017-жылдын май айында Ак үйдөгү жолугушуусунан кийин күчөгөн. Америкалык чалгын кызматтары «Трамп бул жолугушууда «жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарып алган болушу мүмкүн» деген тынчсыздануусун айтышкан эле. Ак үйдүн басма сөз кызматы мындай жоромолдорду кескин түрдө четке каккан.
Ал эми «New York Times» жана «Washington Post» басылмалары Борбордук чалгын кызматынын орус жаранын чыгарып кетүү тууралуу чечимине америкалык маалымат каражаттарында «Москвадагы болжолдуу тыңчы» жөнүндө кабарлар көбөйгөнү себеп болгонун жазышты.
Атын атагысы келбеген орусиялык аткаминер «Коммерсантъ» басылмасына америкалык медианын мындай кабарларын төгүндөдү. АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын басма сөз катчысы тыңчыга байланыштуу маалыматты «негизсиз жоромол» деп атады. Ак үйдүн өкүлү да маалымат туура эмес экенин айтты.
«CNN телеканалынын маалыматы натуура эле эмес, адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп коюшу да ыктымал», - деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришэм.
«Коммерсантъ» басылмасы сөз болуп жаткан адамды Олег Смоленков деп атап, ал кезинде президенттик администрацияда жана Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде иштегенин жазды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай адам президенттик администрацияда иштегенин ырастап, бирок ал «бир нече жыл мурда жумуштан кетирилгенин» айтты.
«Ал жогорку кызмат адамдарынын катарына кирген эмес. Америкалык маалымат каражаттарынын «кимдир-бирөөнүн кайсы бир адамды шашылыш чыгарып кеткени» жана «бирөөдөн куткарганы» тууралуу маалыматтары «pulp fiction» жанрына же криминалдык чыгармага жакын», - деди Песков.
Ачык маалыматтарга ылайык, Олег Смоленков аттуу адам 2008-2010-жылдары Владимир Путин премьер-министр болуп турганда анын өкмөтүнүн аппаратында иштеген. 2010-жылы ошол кезде президент болуп турган Дмитрий Медведевдин буйругу менен кызматтан көтөрүлгөн.
Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин датасы белгисиз документтеринен Смоленков экинчи катчы болуп иштегенин көрүүгө болот. Ал мезгилде орус элчиси болуп Юрий Ушаков иштеп турган.
«Daily Storm» интернет басылмасынын 2017-жылкы кабарында Смоленков жана анын үй-бүлөсү Монтенегродо жоголуп кеткенден кийин орус тергөөчүлөрү «Киши өлтүрүү» беренеси менен иликтөө баштаганы жазылган. «Коммерсантъ» басылмасынын маалымат булактары да мындай кылмыш иши бир нече жолу ачылып, кайра жабылганын билдиришти.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Смоленков 2018-жылдын июнь айында сатып алганы айтылган Виргиниядагы үйгө барып, эшигин каккылап көрдү. Бирок эч ким жооп берген жок. Коңшулардын бири, өзүн Грег Талли деп тааныштырган адам бул үйгө орус үй-бүлөсү 16 ай мурда көчүп келгенин, алар 9-сентябрда кеч менен белгисиз жакка кетишкенин айтты.