Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Сириядагы 1982-жылкы Хама кыргыны жана Рифат Асад


Хафез Асад (оңдо) жана анын иниси Рифат Асад.
Бир туугандар – Сириянын президенти Хафез Асад (оңдо) жана анын кенже иниси Рифат Асад. 1984-жылкы сүрөт.

Сириянын мурдагы вице-президенти Рифат Асад согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар жаатындагы доолор боюнча Швейцарияда соттолот. 12-марттагы бул кабар дүйнө коомчулугуна желдей таркады. Хама жергеси жана 1982-жылкы Хама кыргыны тууралуу тарыхчынын блогу.

Баасчылар жана Хафез Асад

1963-жылы 8-мартта Сирия жумуриятында төңкөрүш аркылуу келген баасчылар партиясынын бийлиги “арап социализми” ураанын гана чакырбастан, бир гана саясий партия жетектөөчү диктатуралык режимди да таңуулаган.

Арап социалисттик кайра жаралуу партиясын кыскача “баас” деп коюшат (бул “баас” сөзү арапча – بَعْث – “кайра өрүш алуу”, “кайра жаралуу” маанисин берет).

Бул баасчылар партиясы оболу Сирия менен Иракта гана эмес, жалпы арап дүйнөсүндө коммунисттик эмес социалдык реформаларга чакырган жана Батыштын империалист оторчуларына каршы күрөш ураанын да көтөргөн. Баасчылар атеизмге да каршы чыгышкан. Исламды араптардын жалпы руханий байлыгы катары караган менен, баасчылар ашынган эскичил динчилерге да каршы чыгышып, дин менен мамлекеттик бийлик ажырымдалган айдыңдык (секулярдык) түзүлүштү жакташкан.

Ал эми Сирияда бийликке келип алган соң, баасчылар Баш мыйзамга өздөрүнүн гана партиясын мыйзамдуу деп киргизип алышкан (1964). Өлкөдө улам жаңы аскердик төңкөрүштөр орун алган менен, баасчылар партиясы бийликте ырааттуу кала берген.

Хасака шаарындагы имараттын дубалы. Сирия. 24.11.2015.
Сириянын мурдагы президенти Хафез Асаддын сүрөтү тартылган жана ок издери байкалган дубал. Хасака шаарынын түштүк кире бериши, Сирия. 24.11.2015.

1970-жылы ноябрда жаңы төңкөрүш болуп, Хафез Асад (Хафез ал-Асад) Сириянын өкмөт башчысы болуп калган. Ал эми 1971-жылдын 12-мартынан өзү өлгөнгө чейин (2000-жылдын 10-июнуна чейин) Хафез Асад Сириянын президенти (“түшпөс ханы”) болгон.

Ал “кансыз согуш” маалында Советтер Биримдигин жактаган жана Израилге каршы таймашта советтик Кремлдин колдоосуна ээ болгон.

Хафез Асаддын тушунда өлкөдө басымдуулук кылган сунний мусулмандар саясий мекемелерди сөз жүзүндө башкарышкан менен, иш жүзүндө куралдуу күчтөр, чалгын жана коопсуздук кызматтары өлкөдө азчылыкты түзгөн арап тектүү алавийлердин колунда болгон (алавийлер – шийилерден эртерээк бөлүнүп чыккан мусулман агымы).

Хафез Асаддын өзү да сириялык алавийлердин бүлөсүнөн чыккан жана аларга таянган.

Диктатордук бийликтин зөөкүрдүгү жана кемчиликтери үчүн бир катар жергиликтүү сунний тургундар партократтардын катмарын жана бир тууган Асаддарды эмес, бөөдө жерден карапайым алавийлерди жектешкендигинин да жөнү ушундан улам.

Рифат Асаддын бул сүрөтү “Arab News Network (ANN)” сыналгы каналында көрсөтүлгөн. 12.6.2000.
Батыш Европада бозгунда жүргөн Рифат Асаддын бул сүрөтү баш кеңсеси Лондондо жайгашкан жана анын уулу Сумер ээлик кылган “Arab News Network (ANN)” сыналгы каналында көрсөтүлгөн. 12.6.2000.

Рифат Асад – аз жерден мураскор болбой калган ини

Хафез Асад – Сириянын Латакия вилайетиндеги Кардаха кыштагын байырлаган көп балалуу алавий үй-бүлөсүнөн чыккан (жалпы 11 бир тууган болушкан).

Алардын ата-энесинин көкүрөк күчүгү Рифат Асад (Рифат ал-Асад) 1937-жылы Кардаха кыштагында туулган. Ал Дамаск университетинде саясат таануу жана экономика адистиктеринде окуган. Андан соң Хомс шаарындагы аскердик академияда таалим алган соң, 1963-жылдан тартып аскерде кызмат өтөй баштаган.

Рифат Асад 1952-жылы, 25 жашында, Баас партиясына мүчө болуп кирген. 1965-жылдан тартып ал атайын коопсуздук күчтөрүнүн кошуунунун кол башчысы болуп калган жана 1970-жылы өзүнүн агасынын бийликке келиши үчүн аскердик төңкөрүштө олуттуу огожо болгон.

1971-жылы “коргонуу кошуундары” (“сарайа д-дифаа” – “коргонуу бригадалары”) деген атайын топ түзүлгөн (бул өзгөчө аскердик кошуун Сириянын аскер башчысына баш ийген эмес) жана ага негизинен алавийлердин гана өкүлдөрү кабыл алынган. Бул тандалма аскерлер тобунун саны 20,000 жоокерге чейин жеткен.

Рифат Асад дал ушул кошуунга жана башка аскер бирдиктерине таянуу менен 1982-жылдагы Хама көтөрүлүшүн кандуу басууну жүзөгө ашырган.

1983-жылы Рифат Асад башка алавий саясатчыларына кошулуп, өз агасын бийликтен кетирүү далаалатын майнапсыз жасаган. Бирок Хафез Асадга берилген бойдон калган сириялык армия алавийлердин 55 миң жоокердик кошуунуна каршы чечкиндүү турган.

Айың кептерге караганда, бир туугандар Хафез менен Рифаттын тирешүүсүн алардын энеси жайгарып, аларды элдештирген делет.

Рифат Асаддын 1984–1998-жылдары өлкөнүн вице-президенти кызматын аркалашы деле иш жүзүндө эч майнап бербеген, анткени ал кызмат – аты бар, заты жок мансап болчу.

1986-жылдан тартып Рифат Асад бозгунда жашаган. 1992-жылы энеси өлгөндө гана ал маркум энесине топурак салуу үчүн Сирияга келип кеткен.

Батыш Европада бозгунда жүргөнүнө карабастан, анын вице-президент кызматы 1998-жылга чейин сактала берген. 1999-жылы Рифатты колдоп келген далай саясатчылар президент агасы тарабынан куугунтукка кабылышкан.

Бир кездери Хафездин ордуна мураскор болуп келет ко деп күтүлгөн Рифат үчүн, ошентип, өз өлкөсүндө саясий күүгүм кирген.

Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириядагы сокку уруулары. 2015.
Карта. Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириядагы сокку уруулары. 30.9. - 01.10.2015.

Хама шаары жана аймагы. Этностук курам

Сириянын Хама шаары Анти-Ливан (б.а. Чыгыш Ливан) тоо кыркаларына кирген Хермон тоосунун (арапча “Жабал аш-Шайх” – “Шейх тоосунун”) түндүк тарабында, Оронт (Аси) дарыясынын жээгинде, деңиз деңгээлинен 270 м бийиктикте жайгашкан.

Хама шаары өлкө борбору Дамаск шаарынан 210 чакырымдай түндүктө, ал эми сириялык Хомс шаарынан 47 чакырымдай түндүктө жайгашкан.

Хама шаары менен түндүк-батышыраактагы түркиялык Хатай дубанынын (түркчө “Хатай или”) борбору Антакия шаарынын аралыгы – тикелей 130 чакырым, автоунаа жолу менен – 193 чакырымдай келет.

Хама аймагынын ар кыл өлкөлөр менен чырмалышкан географиялык жагдайын элестетүү үчүн Хама шаарын аралап аккан Оронт (түркчө “Аси”; арапча العاصي – “ал-Аси”) дарыясынын нугун эле назарга сала кетелик.

Карта. Сириялык Алеппо (Халеб) жана Хама шаарлары.
Сириялык Алеппо (Халеб) жана Хама шаарлары арапча картада.

Оронт (Аси) дарыясы Ливандагы Бекаа (түркчө “Бика”) өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн башат алат жана Жер Ортолук деңизине дээрлик параллел болуп түштүктөн түндүктү карай агат. Дарыя акыры Түркиянын Хатай дубанынын (Хатай илинин) аймагына жетип, Антакия булуңунда Жер Ортолук деңизге (түркчө “Ак деңиз”) куят.

Оронт (Аси) дарыясынын жалпы узундугу – 556 чакырымдай (салыштырсак, Бишкек менен Торугарттын аралыгы – 500 чакырымдай, Бишкек менен Сузактын аралыгы – 565 чакырымдай келет).

Оронт дарыясы Сириянын аймагында 366 чакырымдай аралыкты басып өтөт. Анын 52 чакырымдайы Түркия-Сирия чек арасын түзөт.

Хама шаары – байыркы доорлордон бери отурукташкан маданият менен көчмөндөр турмушу тыгыз айкалышкан жер болгон. Байыркы доордо мында чакан Хамат падышалыгы болгон.

Бул тарыхый аймак улам башка чет жердиктердин кол астында болуп келген (маселен, ассириялыктар, селевкийлер, араптар, византиялыктар, чырым жортуулдарын уюштурган батыш европалык христиандар, мысырдык мемлүктөр, XIV кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осмон султандыгы, андан соң франсуздар бийлеген). 1941-жылдан тартып аймак эгемен Сириянын карамагында болуп келет.

Хама шаары ушундай эле аталыштагы дубандын (арапча “мухафаза”) акимдик борбору болуп саналат.

XX кылымда – XXI кылымдын башында Хама шаарынын жана анын айланасынын негизги калкын арап тегиндеги сунний мусулмандар түзүп калган. Аймакта түрк тектүү этностордон – түркмөндөр тобу да Осмон султандыгы доорунан бери ырааттуу байырлап келет. Мында башка да анча-мынча сунний түрктөр байырлашат. Андан тышкары христиан араптардын чакан жамааты да бар. Жөөттөр бул шаарды XX кылымдын башына чейин байырлашкан.

Хама шаарынын 1982-ж. кыргындан кийинки көрүнүшү.
Сириядагы Хама шаарынын 1982-жылдагы президент Хафез Асад аттандырган өкмөттүк тандалма аскер кошуундары жүзөгө ашырган кыргындан кийинки бир көрүнүшү.

1982-жылкы Хама кыргыны

Соңку жаңы доордо адамзат тарыхында катталган ырайымсыз кыргындардын бири дал ушул Хама шаарында орун алган.

1982-жылдагы Хама кыргыны” деп аталып калган бул кайгылуу окуя Сирияны президент Хафез Асад жетектеп турган доордо болду.

Сириядагы сунний араптардын “Бир тууган мусулмандар” (арапча “ал-ихваан ал-муслимуун фи суурийа”) тобунун жоочулары бул шаарда баасчыл өкмөттүн авторитардык режимине каршы саясий кыймылды жана андан соң кубаттуу көтөрүлүштү башташкан.

1982-жылы феврал айында Сирия Араб армиясы жана сириялык алавийлерден турган тандалма коопсуздук кошуундары президент Хафез Асаддын буйругу менен Хама шаарын 27 күн бою камалоого алып, куралдуу көтөрүлүштү ырайымсыздык менен баскан.

Хама шаарынын 1982-ж. кыргындан кийинки бир көрүнүшү.
Сириядагы Хама шаарынын 1982-жылдагы президент Хафез Асад аттандырган аскер кошуундары жүзөгө ашырган кыргындан кийинки бир көрүнүшү. Көтөрүлүштөн кийинки бул жазалоо амалдарын президенттин өз иниси Рифат Асад башкарган.

Чабуулдун алдында президент Асад шаарга келчү электр кубатын жана азык-түлүк ташууларды бууп салган, шаарды өлкөнүн башка аймактарынан басма сөз жаатында да бөгөттөп койгон.

Кандуу жазалоолор маалында калайыктын бери дегенде 10 миңдейи, айрым эсептөөлөр боюнча 20 миңден 40 миңге чейинки сандагы киши кыргынга учураган.

Туш келди бомбалоолордун жана танк менен аткылоолордун айынан кырылгандардын көпчүлүгү бейкүнөө карапайым тургундар (анын ичинде балдар, аялдар, карыялар) болгон. Тирүү калгандар ар кыл зомбулуктарга, зордоолорго кабылышкан, айрымдары ың-жыңсыз жоготулган. Бул калайман маалында шаар мүлкү да эсепсиз талоонго алынган.

Шаардын үчтөн эки бөлүгү урандыга айланган. Азыркыга чейин шаар калкы бул азаптуу окуянын руханий жараатынан айыга электиги айтылып келет.

Швейцариялык соттун Рифат Асадга карата иш-аракети

Эл аралык коомчулуктун Хама кыргынына тийешеси бар мурдагы бийлик өкүлүн жазалоо аракети XXI кылымдын алгачкы чейрегинин этегинде гана чечкиндүү деңгээлге чыкты.

Мурдагы президент Хафез Асадды жазалоого мүмкүн эмес эле, анткени ал 2000-жылы 10-июнда жүрөгүнөн кармап өлгөн. Анын ордуна уулу Башар Хафез Асад ошол 2000-жылдын 17-июлунан тартып Сириянын мамлекет башчысы болуп калды.

1965-жылы туулган Башар Асад 1982-жылы Дамаск шаарындагы “Хуррия” аттуу франсуздук-араптын элиталык лицейде окуусун жаңыдан аяктап, бакалавр даражасын алган улан эле. Демек, ал кезде 17 жашта болгон Башардын жеке өзүнүн Хама кыргынына эч тийешеси жок болчу.

(Бирок Башар Асад 2011-жылы 3-июлдан 4-августка чейин созулган “Хаманы камалоо” деп тарыхта калган окуялардагы кандуу окуяларга жооптуу. Маселен, Сириянын аскерлери, орозо (рамазан) айына карабастан, 31-июлда Хама шаарында жүргүзгөн чабуулдун айынан эле 100дөй тургун набыт кеткен. Жалпысынан, 2011-жылкы “Хама камалоосу” маалында бери дегенде 200дөй тургун президент Башар Асад жөнөткөн аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн).

Президент Башар Асад орус тилинде "Путин, өз аскерлериңди киргизгин!" деген жазууну кармап турат (медиадагы фотошоп). 2017.
Фотошоп ыкмасы менен тартылган бул сүрөттө Сириянын президенти Башар Асад орус тилинде "Путин, өз аскерлериңди киргизгин!" деген көрнөктү кармап турат. 2017-жылдын апрели. (Интернеттеги коомдук тармактардан).

Ал эми 1982-жылдагы кыргынды жүзөгө ашырган мурдагы колбашчы Рифат Асаддын көзү тирүү.

Кийинчерээк Сириянын вице-президенти да болуп иштеген бул инсан эми Швейцариянын соту тарабынан адамзатка каршы кылмышы үчүн деген сыяктуу олуттуу доолор боюнча сот жазасына тартылмакчы.

2013-жылы “TRIAL International” эл аралык укук коргоо уюму Швейцарияда Рифат Асадга каршы кылмыш ишин козгогон, бул жүрүм тез арада Швейцария өлкөсүндө Рифат Асаддын кылмышка тийешеси маселеси боюнча атайын расмий тергөө баштоого негиз жараткан.

Бир нече жылдык ар тараптуу иликтөөдөн соң, 2021-жылы ноябрда Швейцариянын Башкы прокуратурасы Рифат Асадды камакка алуу тууралуу буйрук (“ордер”) чыгарган жана аны эл аралык чөйрөдөгү кызматташ тараптарга жолдогон.

Сириянын мурдагы вице-президенти Рифат Асад. 1980-жж. сүрөт.
Сириянын мурдагы вице-президенти Рифат Асад. 1980-жылдардагы сүрөт.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы 2024-жылдын 12-мартында Рифат Асадды 1982-жылдын февралында Сириянын Хама шаарында болгон кыргындын жүрүшүндө жүзөгө ашырылган адам өлтүрүүгө, тургундарды кыйноолорго, ар кыл ырайымсыз мамилелерге жана мыйзамсыз камакка алууларга байланыштуу берген буйруктары үчүн сот жообуна тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Швейцариялык тергөөчүлөр 1982-жылкы кыргын жаатында Швейцария бийликтери расмий иликтөө баштаган чакта Рифат Асад мырза Швейцариянын аймагында жашап жаткан учурлар болгондугун да аныкташкан.

Швейцариялык прокурорлор бул кылмыш ишин түштүктөгү Беллинцона шаарындагы федералдык кылмыш сотуна өткөргөн жаткандыгын өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кеңсесинен маалымдашты.

Сириянын азыркы президенти Башар Асаддын аталаш агасы Рифат Асад эми жалпы адамзаттык (универсалдуу) юрисдикция принцибине ылайык эл аралык кылмыштар үчүн сот жообуна тартылышы күтүлгөн мурдагы эң жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлердин бири болуп калмакчы.

Бул 86 жаштагы саясатчы Францияда бозгунда жүргөн чагында Сириянын мамлекеттик каражатын мыйзамсыз колдонгон деп да айыпталып, 2020-жылы июнда ал Париж соту тарабынан төрт жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылы сентябрда Франциянын Жогорку соту ага карата чыккан мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.

2021-жылы октябрда, 84 жаштагы кезинде, Рифат Асад отуз жылдан ашуун мезгилдик бозгундан соң Дамаск шаарына кайтып келген. (Ал 2000-жылы маркум агасынын уулу Башар Асаддын президент болгондугуна каршы ачык сын пикир билдирип, Сириядагы мыйзамдуу мураскор катары өзүн гана эсептеш керектиги тууралуу оюн шардана кылгандыгы белгилүү).

Халфая, Хама, Сирия. 23.12.2012.
Хама дубанына караштуу Халфая шаарындагы көтөрүлүшчүлөргө Б.Асаддын аскерлери абадан чабуул жасагандан кийинки бир наабайкананын жанындагы көрүнүш деп жоромол кылынган оппозициялык сүрөт. Халфая, Сирия. 23.12.2012.

Эми ал Сириянын президенти болгон иниси Башар Асаддын режиминин калкасы астында Дамаск шаарында жашоодо. Бул режим Рифат Асадды Швейцарияга же Францияга өткөрүп берээри дээрлик мүмкүн эместей.

Ошого карабастан, эл аралык коомчулук жана сириялык демократиячыл оппозиция күчтөрү Швейцариянын Башкы прокуратурасынын чечимин колдоого алышууда.

1982-жылдагы кыргында жабыр тарткандар, бул окуянын күбөлөрү жана алардын жакындары Швейцариянын Башкы прокуратурасынын чечимин сүйүнүү менен колдоп чыгышты.

TRIAL International” уюмунун аткаруучу директору Филип Грант (Philip Grant) мырза дагы бул окуяны “сириялык эл зарыга күтүп жаткан акыйкаттыкка карай дагы бир кадам” деп жогору баалады.

Диктаторлор, авторитардык бийликтин жетекчи өкүлдөрү акыры адилет жазага кириптер болуусу керек.

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген накыл сөзгө “адамзатка каршы кылмыштар акыры-түбү адилет соттун жазасына кабылат” деген сөздү улап айтуу заманынын шарапаты чет-четинен келүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG