Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Орусияда стадион кургандар айлыгын ала элек


Чыр болуп жаткан Нижний Новгород стадионунда дүйнөлүк футбол чемпионатынын алты оюну өткөн. 
Чыр болуп жаткан Нижний Новгород стадионунда дүйнөлүк футбол чемпионатынын алты оюну өткөн. 

2018-жылкы Дүйнөлүк футбол чемпионатында Нижний Новгороддогу стадионду курган жумушчулар 50 млн рубль акчаларын ала албай калгандарын айтып жатышат.

Курулушчулардын кабарлашынча, АСП аттуу компания аларга төрт айдын маянасын төлөбөй койгон.

АСП компаниясынын жетекчилиги учурда каражат жок экенин белгилеп, курулуштун башкы жалдануучусу болгон “Стройтрансгаз” акционердик коому акча которбой жатканын билдирүүдө. Жумушчулар кайрылган тергөө комитети да, прокуратура да, Орусия президентинин аппараты да кылдаалды жөнгө сала алган жок.

Айлыкка зар курулушчулар

Чыр болуп жаткан Нижний Новгород стадионунда Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алты оюну өткөн. Башкы жалдануучу (подрядчик) - “Стройтрансгаз” акционердик коому бул жаңы стадионду курганына өтө сыймыктанат. Стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган жана аны куруу үчүн Спорт министрлиги “Стройтрансгаз” акционердик коому менен мамлекеттик келишим түзгөн. 2015-жылы курулушу башталган стадион үч жылда бүткөн. Ушул жылдын март айында ФИФА бул стадионду көрүп, колдонууга уруксат берген. Объекттин жалпы наркы “Стройтрансгаздын” сайтында 17,018 млрд рубль деп көрсөтүлгөн. Бул сумма жумушчулардын айлыгын толугу менен төлөп берүүгө жеткен эмес.

Стадиондун инженердик жумушунун бир бөлүгүн АСП компаниясы жүргүзгөн. Аталган компаниянын жетекчилиги Орусиянын ар кайсы шаарларынан атайын адистерди жалдап иштеткен. Акыркы айларда фирма жумушчуларынын айлыктарын кечиктире баштаган.

Курулушчулардын айтымында, айлыктарын жарым жылдан бери алыша элек. Алар ушул жылдын 28-июнунда “келишим жумушчунун демилгеси менен токтотулду” деп жазылган эмгек китепчелерин алышкан. Бирок алар эч кандай жумуштан бошотуу тууралуу өз каалоосу менен арыз жазышкан эмес.

- АСП компаниясы менин жашоомду талкалады. Алар менин айлыгымды кечиктиргени үчүн аялым менен ажыраштым. Үй-бүлөмдү багууга эч нерсем калган жок. Бул ажырашуунун негизги себеби болду. Мен дал ушул стадиондо иштеп жүргөндө үйдө дайыма чыр-чатак болуп турду. Кош бойлуу аялым жумушка кире албай койду, мага айлык төлөп беришпейт. Ошентип аялым кош бойлуулуктун 11-жумасында боюнан алдыртты. Анан биз ажырашып кеттик. Менин насыям бар, досторума да көп суммадагы акча бересемин, - дейт АСП компаниясынын мурдагы жумушчусу Станислав Сухопаров.

Станислав Сухопаров
Станислав Сухопаров

Сухопаров "АСП" компаниясында 2017-жылдын февраль айынан бери иштеген. Анын айтымында, айлыгы документте көрсөтүлгөндөн эки эсе көп болгон. Теңин банк карточкасына, калганын колуна берип турчу:

- Нижний Новгород стадионунун курулушундагы айлык акынын кармалышы 2018-жылдын январь айынан башталды. Башында үч апта, андан соң бир айга созулду. Кийин АСП төрт ай бою айлык бербей койду. Азыркыга чейин бербей жатышат. Бизге жумуш берген Александр Макеевге телефон чалсак жооп жок. Буга чейин дүйнө чемпионаты бүтсө, айлыктарыбызды берет экен деп укканбыз. Бирок андан бери канча убакыт өтсө да айлыктан кабар жок.

Сухопаров сыяктуу бул курулушта иштеген жумушчулардын көпчүлүгүнүн банктан алган насыясы бар.

АСП компаниясы эмне дейт?

Жумушчуларга айлык бербей койду деп жаткан айтылып жаткан Александр Макеев өзү да АСП компаниясынын катардагы жумушчусу экендигин айтты:

- Мен алардын айлыгын төлөбөй койгон жокмун. Мен деле башкалар сыяктуу маянаны качан берет деп күтүп жатам. Мага дагы апрель айынан бери айлык төлөп бере элек. Акчаны АСП компаниясынын Москвадагы бухгалтериясы бериши керек эле. Маселенин баары курулушка башкы жалдануучу болгон "Стройтрансгаз" акционердик коомунда. Башкы жалдануучу зарыл болгон кагаздарга кол койбой жана акча төлөп бербей жатат. АСП компаниясында азыр эч нерсе жок. Биз жалдануучу катары жасалган жумушубузга акча талап кылышыбыз керек. "Стройтрансгаз" аны кабыл алышы зарыл. Бирок алар андай кылышкан жок. Айлыкка тийиштүү кагаздарга кол коюлган жок. Ошондуктан маяна төлөнбөй калды. Биз берген кагаздарды карап, текшерип да коюшкан жок. Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. Бардыгын прокуратура текшерген. АСП фирмасы аларга бардык документтерди көрсөткөн. Мунун баарын мындан ары сотто гана далилдөө калды. Чемпионат бүттү. Эми эч кимдин эч кимге кереги жок болуп калды.

Курулушчулар Макеевге ишенбейт

Ал эми Станислав Сухопаров Макеевдин прокуратура менен маалымат каражаттарына сүйлөгөн бул сөздөрүнө ишенбейт:

- АСПнын кызматкерлери мага Александр Макеев бир канча ай мурда Москвадан батир сатып алды деп айтышты. Ал эми Макеевдин тууганы, АСП компаниясынын дагы бир кызматкери Юрий Денисов жакында эле автоунаа сатып алыптыр. Бул жерде алар акчаны башка жакка пайдаланганы көрүнүп жатпайбы. Мага жеткен маалыматтар боюнча АСП компаниясынын ээси Александр Афиногенов Александра Макеевдин классташы экен. АСП компаниясында так эле үй-бүлөлүк башкаруу болуп кеткен. Ал жакта Макеевдин агасы, анын аялы, жакын достору иштейт.

Жумушчулар ушундай дооматтар менен Нижний Новгороддун администрациясына кайрылышты. Алар жумушчуларды прокуратурага жөнөтүшкөн. Бирок прокуратурадан «Аталган уюм Нижний Новгороддо катталган эмес» деген маалымат алышкан.

Орусиянын президентинин сайтына кайрылуу да эч кандай натыйжа берген эмес. Жооп дале жок.

- Жакында эле Орусиянын президенти Владимир Путин телевизордон Дүйнөлүк футбол чемпионаты үчүн курулган стадиондордун курулушчуларына ыраазычылык билдирди. Албетте, бул баарыбызга жагымдуу болду, бирок бизге акчалай ыраазычылык керек эле, - дешет куруучулар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG