Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Орусия: бардык жерде "Бирдиктүү Орусия" жеңди


Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн монитор. Орусиянын БШКсы. Москва, 15-октябрь, 2012
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн монитор. Орусиянын БШКсы. Москва, 15-октябрь, 2012

14-октябрда Орусия аймактарында болгон шайлоодо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы ишенимдүү жеңгени кабарланууда.

Оппозиция маанилүү саясий өнөктүк кеңири мыйзам бузуулар, анын ичинде кээ бир адамдардын бир нече жолу добуш берүүсү жана бюллетендерди дүңүнөн салуу менен коштолгонун айтууда. Шайлоого эл жапырт катышпаганы да белгиленүүдө. Премьер-министр Дмитрий Медведев добуш берүүлөр “цивилизациялуу” нукта өттү деп санайт.

Шайлоо Орусиядагы 83 региондун 77синде өттү. Амур, Брянск, Новгород, Белгород жана Рязань облустарында акыркы сегиз жылда биринчи жолу губернаторлорду эл шайлады. 2004-жылы президент Владимир Путин губернаторлор өлкөнү жикчилдикке түрдүүдө деп, аларды ошондон тарта Кремль дайындачу болгон.

Кремль губернаторлорду элдин колуна салып тандоого декабрдагы жалпы элдик шайлоодон кийин Орусиянын шайлоо системасы алилетсиз деп чыккан массалык нааразылык акцияларынын токунунда барган.

Жекшемби күнү алты облус-крайдын парламенти да шайланды. Алдын ала маалыматтар бүтүн өлкө боюнча башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы жөлөп-таяган талапкерлер атаандаштарынан алда канча көп добуш алып, ишенимдүү жеңишкенин күбөлөөдө.

Премьер-министр Медведев шайлоо күнкү мыйзам бузуулар жөнүндөгү ар кандай арыз-дооматтарды жокко чыгарды. Анын айтышынча, “Бирдиктүү Орусия” үчүн Мамлекеттик думага декабрда болгон шайлоодогудан элдин көп добуш бергени партиянын талапкерлери былтыркыдан мыкты иштеп жатканын ырастайт.

Буга оппозиция макул эмес жана бийлик декабрдагы парламенттик жана марттагы президенттик шайлоолор учурундагыдай эле өкмөт колдогон талапкерлерге түрдүү айла-амалардар менен жардамдашканын айтууда.

Акыркы жылдары Москва - Санкт-Петербург жолунун курулушуна байланыштуу жалпы коомчулуктун көңүл чордонундагы Химки шаарында оппозициянын маалыматы боюнча, шайлоо алдындагы түндө паспорттук столдор иштеп, тизмеге “өлүү жандар” киргизилген.

Батыш каржылаган “Голос” байкоочу группасына жүздөгөн мыйзамсыздыктарды күбөлөгөн материалдар ар кайсы аймактардан келип түшкөн.

Москва облусундагы Химикинин мэрлигине ат салышкан Евгения Чиркова шаардын 3008-участкасында бир түндө 200 адам каттоого тургузулганы жөнүндө шайлоочулар маалымдашканын айтат:

- Химкинин жашоочулары түнү бою паспорттук столдор иштегенин биздин штабга кабарлашты жана бир түндө бир участкада катталгандардын саны капылеттен туруп 200 адамга көбөйгөн. Биз азыр кандайча мындай болуп кеткенин жана эмне үчүн шайлоо алдында паспорт каттоочу жайлар түнү бою иштегенин тактамакчыбыз. Бул шайлоо чын да, калыс да болбоду.

Табият коргоочу Евгения Чиркова мартта үчүнчү мөөнөт президенттик кыла баштаган Владимир Путиндин саясатынын элдешкис сындоочусу.

Шайлоодо мыйзамсыздыктар жөнүндөгү ар кыл кеп-сөздөрдү Евгения Чиркованын атаандашы, бийликтеги “Бирдиктеги Орусия” партиясы алга сүрөгөн Олег Шахов куру доомат катары төгүнгө чыгарды:

- Мен кыдырып көргөн участкалардын баарында шайлоо жай баракат жүрүүдө деп эсептейм,- дейт мэрдин милдетин аткаруучу Шахов. - Шайлоо а түгүл тынч жана мыйзамга ылайык өтүүдө. Мен ар кайсы участкаларда түрдүү талапкерлердин байкоочулары менен баарлаштым. Ал жерлерде эч кандай бузукулуктар катталбаптыр.

Олег Шахов 48 процентке жакын добуш алып, мэрликти жеңгени расмий тастыкталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Леонид Ивлевдин маалымдашынча, БШКга шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча алтымышка жетпеген арыз түшкөн. Анын пикиринче, оппозициянын жактоочулары добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап, шайлоону жокко чыгаргандын аракетин кылышууда.

XS
SM
MD
LG