Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

Кош бойлуу мигрант келин камакта жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Сургут шаарында кош бойлуу аял күйөөсү менен он күндөн бери камакта отурат, ага жасалма документ менен жүргөн деген кине коюлууда.

Назира айтып жаткан окуя 25-майда Орусиянын Сургут шаарында болгон. Андан бир ай мурда Кыргызстандан келген кайын сиңдисин күйөөсү менен каттоого тургузуу үчүн үй ээсине 2500 рубль беришкен.

Орусиянын мыйзамы боюнча батирлерин ижарага берген кожоюндар үйүндө жашаган жарандарды каттоого тургузуу үчүн жооптуу. Бирок ошол каттоо баракчалары мигранттардын камакка алынышына себеп болгон:

- Үйдө жолдошум, кайын сиңдим күйөөсү менен төртөөбүз жашап жатканбыз. Полиция кызматкерлери күтүүсүз келип эле документтерди текшерип калды. Анан мени, кайын сиңдим менен күйөө баламды машинага салып алып кетишти. Үй ээси биздин документтерди алып келатканда милиция кызматкерлери текшериптир. Анан эле үйгө келишти. Кийин мен ызы-чуу салсам мени коё берип, экөөнү алып калган.

Назиранын 22 жаштагы кош бойлуу кайын сиңдиси күйөөсү менен он күндөн бери Сургут шаарындагы ФМСтин кармоочу жайында.

- Кыз кыйналдым деп жатат. Эптеп чыгарып алсак болот эле. Күйөө балам го эркек, көп нерсени жашырып айтпай, баары жакшы дейт.

Камактагы жубайлар бир жыл мурда Санкт-Петербург шаарында иштеп кеткен. Назиранын айтымында, аларга мурдагы иштеген шаарындагы каттоо баракчалары, иш келишими жасалма деген кине коюлуптур. Ага бул тууралуу кайын сиңдиси WhatsApp аркылуу билдирген:

- Биздин мурда иштеген жердеги кагаздарыбыз туура эмес. Жасалма деп жатышат. Эки жарым айлык кагазды бир жылдык деп жазып койгон дешти. Азыр эми билбейм эмне болот.

Сургут шаарында Кыргызстандын элчилигин өкүлү жок, мындан улам Назира кимге кайрыларын билбей турган чагы.

Ал эми камактагы жарандардын айып пул төлөрүн же депортация болорун сот чечет.

Орусияда жасалма каттоо кагаздарына байланышкан бул алгачкы иш эмес. Адистер айрым мекендештер эле орус жарандыгы менен жасалма мекемелерди ачып, кыргызстандыктарды юридикалык каттоого коюп келерин айтышат. Бирок мигранттардын колуна каттоосу бар деген кагаз берилгени менен иш жүзүндө жасалма дарекке катталган мыйзамсыз мигрант бойдон кала берет. Орусиядагы 70-80 пайыз жарандардын башкы көйгөйү дал ушул каттоого байланыштуу.

Каттоосу жок же катталуу дареги боюнча жашабаган мигранттарга 5 миң рубль айып пулдан тарта өлкөдөн чыгарууга чейин жаза каралган.

Мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова жогорудагыдай окуялардын катталышына мигранттардын укуктук сабатсыздыгы жана акчадан качып мыйзамдуу каттоого турбаганын себеп келтирет:

- Ушул тапта текшерүүлөр тынымсыз жүрүп жатат. Ал учурда кармалган жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү туура эмес, жасалма каттоо кагазы же иш келишими үчүн кармалат. Көп учурда мекендештердин өзү муну билип, акчасын аяп же тааныш-билиш аркылуу бүтүргөндө келип чыгат. Мыйзамды эске алышпайт.

Байымбетова оор жагдайларга кабылган жарандарды жер-жерлердеги элчилик өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамдуу түрдө укугун коргоого чакырды:

- Элчилик өкүлчүлүктөрү Орусиянын бир канча шаарында бар. Эгер ал жаран жашаган жерде жок болсо, жанындагы шаар же ал жердеги диаспорага кат менен кайрылышы керек. Биз тиешелүү кызматкерлерге нота жиберип, жообун алабыз. Эгер мыйзамсыз камакка алынса укугун коргойбуз. Эгер жаран мыйзам бузса жок дегенде жазасын, айып пулун азайтканга аракет кылабыз.

Буга чейин июнь-июль айларында Орусиянын айрым шаарларына барган чет элдиктер бир күн ичинде каттоого турушу керектиги айтылган.

Мындай чара коопсуздукту сактоо үчүн орус президенти Владимир Путиндин 9-майда кол койгон буйругу менен киргизилген. Бир күндө каттоого турбаган чет элдик жаран өлкөдөн депортацияланат же айып пул төлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG