Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Москва Сирияга сокку урууга макул болушу мүмкүн


Президент Путин "Ассошейтед пресс" менен Орусиянын Биринчи каналына маек куруп жатат, 3-сентябрь.
Президент Путин "Ассошейтед пресс" менен Орусиянын Биринчи каналына маек куруп жатат, 3-сентябрь.

Орус президенти Владимир Путин БУУнун Сирияга каршы аскерий сокку тууралуу резолюциясын колдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.

Бул тууралуу Путин “Чоң жыйырманын” Санкт-Петербургдагы саммитин утурлай берген интервьюсунда билдирди. "Бирок сокку тууралуу чечим Дамаск өкмөтү өз элине каршы газ куралын колдонгону далилденсе гана кабыл алынышы керек", - деп белгиледи орус мамлекет башчысы.

- Бул кылмыштарды ким жасаганы тууралуу объективдүү жана так маалымат түшкөндө гана реакция болот. Азыр болсо божомолдоп туруп, биз минтебиз же тигинтебиз деп айтуу туура эмес болуп калат. Бирок биз принципиалдуу позицияны ээлейбиз. Массалык кыргын салуучу курал колдонуу – бул кылмыш деген позицияны карманабыз, - деди Путин "Ассошейтед пресске" жана Орусиянын Биринчи каналына курган маегинде.

Орус президенти газ чабуулу үчүн Башар Асад режимине каршы согушкан күчтөр жооптуу экени далилденсе, айрым мамлекеттер кандай чара көрүшү мүмкүн? - деген маселени да козгоду:

- Бирок башка бир суроо келип чыгууда. Массалык кыргын салуучу куралды согушкерлер колдонгону такталса, АКШ аларга каршы кандай чара көрөт? Демөөрчүлөр эмне кылышат? Курал-жарак менен камсыздоону токтотушабы? Аларга каршы аскерий чара көрө башташабы?

Путин ошондой эле Москва Сирияны абадан коргонуу системасынын бөлүктөрү менен камсыздаганын, ушул тапта бул процесс убактылуу токтотулганын кошумчалады.

Орус мамлекет башчысы АКШ президенти Барак Обаманын саммит алдындагы жолугушуудан баш тартканына өкүнүчүн билдирип, ошол эле маалда бул “анча коркунучтуу” эмес деп комментарийледи. Путин саммитте Сириядагы абал жана башка маселелер боюнча “олуттуу талкуулар” болооруна үмүттөнөөрүн айта кетти.

Ал тапта 3-сентябрда АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети Сирияда аскерий күч колдонууга уруксат берген резолюцияны жактырды. Маалыматтарга караганда, документте америкалык жөө аскерлер салгылашууларга катышпайт жана операция 90 күндөн ашпашы керек деп белгиленет.

31-августта президент Барак Обама Башар Асаддын режимине каршы чектелген сокку урууга үндөп, андай чарага Конгресс макулдугун берүүгө тиийш деп билдирген. Вашингтондун ырастоосунда, 21-августта Дамасктын жакасындагы райондордо зарин газы колдонгондо жүздөгөн киши каза тапкан.

Комитетттеги талкууда сүйлөгөн мамлекеттик катчы Жон Керри Ак үй чара көрбөсө, Кошмо Штаттардын жана өнөктөштөрүнүн аброюна залака тиет деп кайрылды. Анын айтымында, “көптөгөн эскертүүлөргө карабай, Асад режими өз элине, бейкүнөө энелер менен аталарга, алардын балдарына каршы газ колдонду”.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети Сирия боюнча угуу өткөрдү, 3-сентябрь 2013-жыл
АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети Сирия боюнча угуу өткөрдү, 3-сентябрь 2013-жыл
Коргоо министри Чак Хэйгел комитет мүчөлөрүн операциянын масштабы чакан жана мөөнөтү кыска болооруна ишендирди:

- Президент Сириядагы аскерий операциянын максаты - Асад режимин жоопко тартуу, экинчи мындай чабуулдарды ишке ашыргыс кылып алсыратуу жана болочокто химиялык куралдын колдонулушун алдын алуу экенин так айткан. Коргоо министрлиги ошол максаттарга жетүү үчүн аскерий жолдорду иштеп чыкты. Миссияны ийгиликтүү аткаруу үчүн АКШнын кемелерин региондо жайгаштырдык. Масштабы жана мөөнөтү боюнча чектелүү аскерий операциянын жардамы менен ошол максаттарга жетебиз деп ишенем.

Шейшембиде Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл Жон Бөнер жана республикачыл көпчүлүктүн лидери Эрик Кантор президенттин аскерий чара көрүү чакырыктарын колдошоорун билдиришти.

Ошол эле күнү БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирияга каршы жазалоо акциялары жарандык согуш жүрүп аткан өлкөдөгү кан төгүүнүн күчөшүнө алып келиши ыктымал деп эскертти. Баш катчы Сирияда химиялык курал колдонгон болсо, БУУнун Коопсуздук кеңеши мындай “четтен чыккан кылмышка” каршы чара көрүүгө тийиш деди.

XS
SM
MD
LG