Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Орусияда тажиктерди кодулап жатышат


"Азаттыктын" кабарчысы да метронун оозунда полиция мигранттарды токтотуп, “сен тажиксиңби?” деп сурап жатканына күбө болгон.
"Азаттыктын" кабарчысы да метронун оозунда полиция мигранттарды токтотуп, “сен тажиксиңби?” деп сурап жатканына күбө болгон.

Тажикстандык эмгек мигранттар Москва менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы “дипломатиялык согуштун” курмандыктарына айланышууда.

Орусия бийликтеринин тажик мигранттарына карата соңку чаралары тажик сотунун орус учкучу боюнча чечиминен кийин көрүлүүдө.

Москвадагы дүкөндөрдүн биринде иштеген тажикстандык айым Зулфия Бобожонова жана анын жашы жете элек эки уулу көчөгө бир аптадан бери чыгыша элек.

- Азыр Орусияда тажиктерди издеген полициялар тууралуу, тажиктер өлкөдөн чыгарылып жаткан экен деген сөздөр аябай көп.

Зулфия Орусиянын борбор калаасына 9 жыл мурун келген. Азыр мыйзамдуу түрдө иштейт. “Орус телеканалдары күн сайын тажик мигранттарын көрсөтүп, бул нерсе бизди ого бетер бушайман кылууда", дейт ал.

- Тажиктер сыртка чыкпай, көчөдө кенен баса албай калышты. Баары үйүндө бекинип отурушат. Менин 13 жаштагы балам мектепке барбай атат. Полиция аны кармап, баарыбызды депортацияласа, эмне кылабыз? Адамдар коркуп атат, эч ким жумушка чыкпай калды.

Мындай абалга мигранттар 8-ноябрда Тажикстанда орусиялык компанияга иштеген эки учкуч сегиз жарым жылдан эркинен ажыратылгандан кийин туш болуп отурушат.

Ооганстан тараптан эки учак менен келген учкучтар быйыл мартта Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын аэропортунда камакка алынышкан. Алар боюнча соттун чечимин расмий Москва кыжырдануу менен кабыл алган.

Соттун чечими орус медиа майданында тажиктер тууралуу макалалардын толкунун жаратып, Орусияга акча табам деп келген бир миллиондой тажик эмгек мигрантын оор абалда калтырды.

"Тажадым ушундай кордуктан"

Өткөн апта ичи Москвада жүздөгөн тажик мигранттары кармалып, бери дегенде 12 адам өлкөдөн чыгарылды, калгандары атайын кармоочу жайларда отурушат. Орусиянын башкы санитардык врачы тажик мигранттарын илдеттердин булагы катары сыпаттоодо.

14-ноябрда “Интерфакс” маалымат агенттиги кабарлагандай, "тажик мигранттарын Орусияга киргизбеш керек" деген Геннадий Онищенко жүйө катары мындай статистиканы келтирген: жыл ичи 188 тажикстандык жаран Орусиядан чыгарылган, алардын кыркы ВИЧке чалдыккандар, 103ү – кургак учукка кабылгандар, калганы башка коркунучтуу инфекциялар менен ооругандар.

Бул аралыкта Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановскийдин билдиргенине караганда, Тажикстандын 297 жараны мыйзам бузганы үчүн жакын арада Орусиядан чыгарылат.

"Азаттык" үналгысынын Өзбек кызматынын Москвадагы кабарчысы Умид Бобоматов документтери жок мигранттар кармалчу жайга барып келген. Умиддин айтымында, Москвадагы бул “спецприёмникте” учурда жалаң тажикстандык жарандар отурушат. Депортацияны күтүп жаткандардын саны 450дөн ашат.

- Мен бул жерде мыйзамдуу түрдө иштейм, бирок көчөдөгү полиция документтериң бар болсо да эч нерсени укпай, кармап кетүүдө, - дейт Санкт-Петербург шаарында инженер-куруучу болуп эмгектенген Усмон Нумонов. Ал да үйүнөн чыгууга даабай жүргөн кез.

- Бул кемсинтүү. Мен мындай кордукту көргөнчө үйгө эле кетем. Мен жумушумда "эгер силердин өкмөт тажиктердин кетишин кааласа, алар муну ачык жана расмий жарыяласын" дедим. Алар убакыт бериши керек: 6 айбы же бир жыл, биз баарыбыз мекенибизге кайтабыз. Азыркыга окшоп кордоонун кереги жок.

Үмүт өчпөйт

Борбор Азиядан келген башка эмгек мигранттардай эле тажиктер Москвада көбүнчө кара жумушта иштешет.

Москвада автоунаа заводунда иштеген кыргызстандык Жаныш анын тажик кесиптештери жумушка чыкпай жатканын айтат.

- Азыр тажиктерди көрсө эле аларды кармап атышат, метролордун оозунда.

"Азаттыктын" кабарчысы да метронун оозунда полиция мигранттарды токтотуп, “сен тажиксиңби?” деп сурап жатканына күбө болгон. Азыр көчөдөн тажиктерди жолуктуруу кыйын.

Тажик лидери Эмомали Рахмон жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, 18-август, 2010-жыл
Тажик лидери Эмомали Рахмон жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, 18-август, 2010-жыл
Тажикстандын миграция боюнча кызматынын жетекчиси Сафиулло Девонаев январь айынан тарта Орусиядан Тажикстанга 2000 адам чыгарылганын билдирет. Бул сан башка жылдарга салыштырмалуу аз болчу.

Тажикстандын Москвадагы элчилигинде учурда кыйын кырдаалга туш болгон тажикстандыктар үчүн күнү-түнү телефондор иштөөдө.

Азырынча үйдөн чыкпоо көпчүлүк тажик мигранттары үчүн утурумдук чечим, бул абал көпкө созула албайт. Ошондуктан алар Москва менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы кризис тез аранын чечилсе экен деп үмүттөнүшөт.

Жашоо өтө кымбат, Москвада бир күн жумушка чыкпай калсаң эле акчасыз каласың.

- Сыналгыны эле тиктеп отурабыз. Мен эч качан саясатка кызыкчу эмесмин, азыр болсо жаңылыктарды эле карап калдым. Бизди барымтага алып алышкандай сезилип жатат, - дейт Зулфия Бобожанова.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG