Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Саакашвили ишкерди жок кылууга тапшырма бергенби?


Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили. 29-май, 2018-жыл. Гаага шаары.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили. 29-май, 2018-жыл. Гаага шаары.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2007-жылы ишкер Бадри Патаркацишвилини жок кылуу аракетинин артында турушу мүмкүн. 17-октябрда Грузиянын Башкы прокуратурасы ушундай билдирүү таратты.

Саакашвили ишкердин өлүмүнө себепчи болгонбу?

17-октябрда Грузиянын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматка ылайык, 2007-жылы Конституциялык коопсуздук боюнча департаментте ишкер Бадри Патаркацишвилини жок кылуу планы өлкөнүн ошол кездеги президенти Михаил Саакашвилинин көрсөтмөсү менен иштелип чыккан болушу мүмкүн.

Департаменттин жогорку даражадагы мурдагы үч кызматкерине алардын биринин үйүн тинтүү маалында табылган аудио жазуулардын негизинде айып коюлду.

Алар Патаркацишвилинин көзүн тазалоо ыкмаларын талкуулашкан жана ишкердин үйүнүн эшигинин туткасына уулуу зат сүйкөп өлтүрүү мүмкүнчүлүгүн да карашкан. Аудио материалдар 2007-жылдын 4-5-февраль күндөрү жаздырылганын прокурор Кока Кацитадзе 17-октябрда билдирди.

16-октябрда кармалган шектүүлөрдүн бири Георгий Мерабишвили коюлган айыптарды четке кагып, аудио жасалма экенин айтты.

Ишкер, маркум Бадри Патаркацишвили.
Ишкер, маркум Бадри Патаркацишвили.

Орус олигархы, маркум Борис Березовскийдин жакын досу, ишкер Бадри Патаркацишвили 2007-жылы Грузияда жашап, Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган оппозицияга колдоо көрсөтүп турган.

Ал ошол жылдын ноябрь айында Лондонго чыгып кеткен. Бир жылдан кийин өз үйүндө сөөгү табылган. Британ тергөөчүлөрүнүн версиясына ылайык, ишкер жүрөк оорусунан көз жумган. Бирок ошол кезде эле Саакашвилинин оппоненттери ал киши колдуу болгонун айтып чыгышкан.

Азырынча Саакашвилиге каршы кылмыш иши козголо элек. Грузияны дээрлик тогуз жыл бою башкарып, кийин Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Михаил Саакашвили прокурорлордун билдирүүлөрүн четке какты. Ал бул аркылуу бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы шайлоо алдында анын “Бириккен улуттук кыймылын” жаманатты кылууга аракеттенип жатканын айтты. Грузияда президенттик шайлоо 28-октябрда өтөт.

Саакашвили Грузияда тогуз жылга сыртынан кесилген

Михаил Саакашвили Грузияда бир нече айыптар боюнча алгач үч жылга, кийин дагы алты жылга сыртынан кесилген. Быйыл жыл башында Тбилисинин соту аны 2006-жылы киши колдуу болгон грузин банкири Сандро Гиргвлианинин өлүмү боюнча "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деп таап, аны үч жылга сыртынан абакка кескен.

Прокуратура Саакашвилини "банкирдин өлүмүнө байланыштуу далилдерди жаап-жашырууга аракет кылган жана бул иш боюнча соттолгон төрт кишиге мөөнөтүнөн мурда кечирим берген" деп айыптаган.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили. Ниддерланддар, 29-май, 2018-жыл.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили. Ниддерланддар, 29-май, 2018-жыл.

Кезинде "Бириккен грузин банкынын" тышкы иштер департаментин жетектеген Гиргвлианинин сөөгү 2006-жылдын январь айында Тбилисинин сыртынан табылган. Текшерүү учурунда анын денесинин бир нече жери жарадар болгону аныкталган. Саакашвилинин өкмөтү бул ишти иликтөөгө дилгир болбогону үчүн коомчулуктун сынына кабылган.

Андан кийин июнь айында Тбилиси соту мурдагы депутат Валерий Гелашвилиге кол салуу иши боюнча Саакашвилини алты жылга сыртынан кесүү жөнүндө чечим чыгарган.

Гелашвилини 2005-жылы токмоктоп кетишкен. Тергөөнүн версиясына ылайык, Тбилисиде полициячылар Гелашвилинин автоунаасын токтотуп, өзүн алып чыгып, аёосуз сабашкан. Экс-депутат ошол кезде эле мунун артында Саакашвили өзү турарын айтып чыккан.

Михаил Саакашвили бул дооматтардын баарын четке кагып, алардын саясий мүдөөсү бар экенин айтып жүрөт.

Саакашвили учурда Нидерланддарда жашайт

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыккан Саакашвили 2013-жылга чейин өлкөнү башкарып келген. 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо анын партиясы белгилүү грузин ишкери Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулуп калган.

Ошентип ал Грузиядан президенттик ыйгарым укуктары аякташына аз күн калганда чыгып кеткен. 2015-жылы Украинанын президенти Петро Порошенко бир кездеги тайпалашы Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Дал ошол мезгилде Саакашвили грузин жарандыгынан баш тарткан.

Михаил Саакашили Киевдеги митингде. 4-февраль, 2018-жыл.
Михаил Саакашили Киевдеги митингде. 4-февраль, 2018-жыл.

2016-жылдын соңунда Саакашвили губернаторлуктан кетип, украин бийлигин коррупция боюнча айыптай баштаган. Былтыр украин жарандыгынан ажыратылгандан кийин ал өзүнүн "Жаңы күчтөр кыймылы" менен Киевде ири митингдерди өткөрүп, президент Порошенконун кызматтан кетишин талап кылып келген. Ошондон кийин Порошенко аны украин жарандыгынан ажыраткан.

Михаил Саакашвили 12-февралда Киевде кармалып, Польшага депортацияланган. Учурда ал Нидерланддарда жүргөнү маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG