Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Салыктын жаңы эрежелери талаш жаратты


Ош базары.
Ош базары.

Майда соода-сатык менен алектенген ишкерлер салык боюнча жаңы эрежелерге каршы болууда. Товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнүн (ЭТТН) ишке кириши аларга кошумча түйшүк жаратып, анын айынан баалар да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

Министрлер кабинети ЭТТН онлайн толтурула баштагандан бери Кыргызстанда айланган товардын көлөмү билине баштаганын, ошого жараша салык да көп чогултуларын жүйө келтирип жатат.

Ишкерлердин нааразылыгы

20-февралда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта чакан соода-сатык менен алектенген жүзгө чукул ишкер нааразылык акция өткөрүштү. Алар салык төлөөдөгү жаңы эрежелер - товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) каршы экенин билдиришти.

“Жаңы эрежелер биринчи ишкерлердин убактысын алат. Экинчиден, жалгыз соода кылгандардын ишин аксатат. Үчүнчүдөн, чөнтөккө күч келет. Министрлер кабинети “Айла - алтоо болсо акыл - жетөө” деп билдирип атпайбы. Ошол жетинчи акыл ашыкча иштеп кетип атат. Кыргызстанда ишкерлердин баары эле бухгалтер болуп төрөлгөн эмес да. Көп болсо 15-20% бухгалтерияны түшүнөт. Калган 80% жөнөкөй эле кишилер. Алар алып сатуу менен эле иштейт. Салыктын көптүгүнөн анча-мынчасы жабылат. Чоң-чоң фирмалар ЭТТН менен иштей берсин. Бирок кээ бир фирмаларда жок товарларды биз базардан алабыз. Базардагылар болсо патент менен иштейт. Базарда ЭТТН да, ККМ да жок. Биз базардагылардан ЭТТН бер, эртең Салык кызматы сураса көрсөтөлү деп талап кылсак алар ЭТТНди каяктан алып берет?”,-деди акцияга чыккандардын бири, Бишкекте дүкөн иштеткен Калыс Кожобеков.

Бишкектеги Максим Горький гүлбагында өткөн акция. 20-февраль, 2023-жыл.
Бишкектеги Максим Горький гүлбагында өткөн акция. 20-февраль, 2023-жыл.

Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү болушу шарт, буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген. Ал үчүн соодагер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. Максим Горький гүлбагына акцияга чыккан дагы бир ишкер Адина Камбарова мындай деди:

“Негизи бизге товар жеткирген бешке жакын чоң компаниялар бар. Алар ЭТТН менен эле алып келет. Бирок башка фирмалар, сатыкта турган куруттан баштап эч кандай коштомо кагазы жок эле алып келишет. Базардан сатып келген товарларыбыздын да документтери жок. Эми Салык кызматы ушул товарлардын ЭТТН кана деп талап кылат. Документи жок болсо анын айып пулун да, пайызын да биз төлөп калган атабыз. Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айып пул салышат. Товарды базардан алсак, анын 4% биз төлөп калат экенбиз. Патенттин баасын да эки эсе көбөйтүп, ККМ да колдонсун деп коюшуптур. Биз азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бир түрлөрү мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат”.

ЭТТН деген эмне?

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) – бул жөнөкөй тил менен айтканда товарларды жөнөтүүчү, алуучу тарап жана жеткирген автоунаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ.

Өкмөт бул товарларды көзөмөлдөөгө, атаандаштыкка шарт түзүп аткезчилик жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёрун билдирүүдө. Ишкер ЭТТН системасына катталгандан кийин анын товары жөнүндө бардык маалыматтар салык порталында реалдуу режимде чагылдырылып турат. Дүкөнгө ЭТТН менен түшкөн товар жана ККМ менен болгон сооданын суммасы бирдей чыгышы керек.

Мамлекеттик салык кызматы айрым ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз кошумча чыгымдарга жана товарлардын баасынын кымбатташына алып келери, кошумча отчёт берүү тууралуу кооптонуулары негизсиз экенин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында салык боюнча жаңы эрежелерге түшүндүрмө берген.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргызстандыктар бир да кызматты, бир да товарды бекер алган жок. Алар сатып алган товарга кетирген акчанын кичинекей бир бөлүгү салык катары бизнесмендердин эле чөнтөгүнө түшүп калууда. Биз эми ошол салык түз эле бюджетке түшкүдөй кылып атабыз. Ал үчүн электрондук эсеп фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз киргизип товардын көлөмүн көрө баштадык. Буга чейин эч нерсесин биле алчу эмеспиз. Жылдын аягында эле салыкчылар текшерип барганда ушунча көлөм деп коюшчу. Электрондук эсеп фактуранын жардамы менен 5 триллион 800 миллиард сом каражат, товар ары-бери жылганын көрдүк. Биз көмүскө экономиканы, аткезчиликти азайтып жатабыз. Азыр салык төлөбөйм деген бизнесмендер салык төлөп баштады. Салык алуу маданиятын анан системаны толук өзгөртүп жатабыз”.

Буга чейин Жогорку Кеңеште айрым депутаттар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу ишкерлерге түшүндүрүү иштери начар жүрүп жатканын билдирип, Салык кызматынын ишин сынга алышкан. Алар бизнесмендер электрондук коштомо кагазга код алууда кыйналып жатышканын айтышкан.

“Албетте, ар бир өзгөрүү кеңири талкууланышы керек. Салык кодексине өзгөртүү киргизилип жатканда да ишкерлер, бизнес ассоциациялар менен 300дөн ашык жолугушуу өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүүдө да чоң-чоң соода түйүндөрүнө, базарларга барып түшүндүрдүк. Ар бир кишиге айтып, түшүндүрүү биздин милдетибиз. Ошондуктан бирдиктүү терезе иштейт. Ишкерлер келип суроолоруна жооп алса болот”, - деди Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.

Көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) бир үлгүсү.
Көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) бир үлгүсү.

ККМдин жаңы модели

Эми көзөмөл-кассалык аппараттарга келсек. Бул аппаратты милдеттүү коюу талабы ишкерлердин нааразылыгы менен коштолуп келет. Бишкектеги, аймактардагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү былтыр ага каршы бир нече жолу акцияга чыгышкан. Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 65 миңден ашык ишкер ККМ колдонуп жатат. 2022-жылы ККМге өткөн ишкерлер дээрлик үч эсеге көбөйгөн.

Салык кызматы быйыл 1-мартта фискалдык модул менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктай турганын эскертип, ишкерлерди аны жаңылап алууга чакырды. Ал эми базарларда, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө соода кылгандар 1-апрелге чейин ККМ колдонбой, патенттин негизинде иштесе болот. Салык кызматынын эсебинде, өлкөдө ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңден ашат. Бул сан бизнесмендердин ишине жараша бир аз азайып же көбөйүп турат.

Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков фискалдык модул менен иштеген ККМдерди ишке киргизүү зарылчылыгы тууралуу комментарий берди.

“ККМдин СИМ-картасы же интернети жок болуп иштебей калса андагы маалыматтарды өчүрүп койсо болот. Азыр фискалдык модул менен иштеген ККМдер 10-20 күн иштебей калса да ага интернет кошулгандан кийин өзүндөгү маалыматты автоматтык түрдө жиберет. Мурда болсо ККМден жөн эле чек чыгарып бере беришчү. Бирок ал Салык кызматына түшпөй калчу. Ишкерлер ушундай жол менен маалыматты бербей койгон учурлар бар. Эми ушуну тыйыш үчүн жаңы система, жаңы модул иштелип чыкты”.

Министрлер кабинети салык саясатын реформа кылуудан өткөн жылы 207 млрд. 901,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 3,7 млрд. сомго көп экенин кабарлаган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 млрд. сомго көп.

XS
SM
MD
LG