Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:26

«Тай» сөзүнүн таржымалы


Иллюстрациялык сүрөт.

Апасынын туугандары баласына «тай» болот. Ошондон улам кыргызда апасынын атасы - тай ата, апасынын апасы - таене, апасынын эжеси же сиңдиси - таеже, апасынын бир тууганы - таеке, анын жубайы - тайжеңе болуп аталып келгени белгилүү.

Тайга байланыштуу кыргызда «Жаман тайын тааныбайт», «Жээниң да жок, тайың жок, жердеп турар жайың жок» деген макалдар келип чыккан.

«Тай» сѳзүнүн экинчи мааниси, мисалы «тай бука», эки жашка чыккан эркек торпокту ушинтип атайт. «Тай атка чыкса, ат азатка чыгат» деген макал айтылып калган. Мааниси тай ат болгондо, ат түйшүктѳн бошойт дегенди билдирет. «Тай-туйлак минип келди» деген да сѳз болгон. «Тай-така», «тай туяк», «аке тай» деген сѳздѳр бар.

Үчүнчү мааниси «тамекини тай кылып байлагыла» дейт. Ѳз-ѳзүнчѳ түк кылып байлагыла дегени.

Тѳртүнчү мааниси -- «баланы тай-тайла» дейт. «Тай-тай» дейт.

Бешинчи мааниси - «Поезд рельсадан тайып чыгып кетти» дейт. «Алдан тайыды» дейт. «Күч-кубаттан тайып калды» дейт. «Ѳңдү кѳрсѳ жүз таят» дейт. «Башынан багы тайды» дейт. «Кѳргѳн сайын кѳз таят» дейт. «Кар тайыды» дейт. «Кар эриди» дегенди билдирет.

* * *

Эми «сак» деген сѳзгѳ келели. «Сак болгула!» дейт. «Сак кулак ит экен» дейт.

Экинчи мааниси - «ѳтүктүн сагы» деп коет.

Үчүнчү мааниси - соо деген мааниде, «дени сак киши экен» дейт. «Кара башыбыз сак болсун» дейт. «Сак-саламат келдиңерби?» дейт.

Тѳртүнчү мааниси - «Үйүнүн арты бок-сакка толуп кетиптир» дейт.

Бешинчи мааниси - «Сак-сактап, уктабай карап олтурдук» дейт. «Жылкыларды сак-сактап карап жатышты» дейт.

* * *

«Уу» дегенге келели. «Тилден бал да тамат, уу да тамат». «Манаста» баатырларды андан да эр жүрѳк кылып кѳрсѳтүш үчүн «суу ич десе уу ичкен» деген сѳздү колдонушкан. Элибизде «уу ичкен бир ѳлѳт, ант ичкен миң ѳлѳт» деген макал бар. Манастын кылычын ажыдаардын уусуна 60 күндѳп чылаган. «Жолдун уусун билген кишиге бергиле» деген сѳз бар. Муну түз маанисинде түшүнбѳш керек. Жолдун уусу деген, билбеген жолдун ой-чуңкулу, буйтка-буруусу кѳп болот, аны ошол жолду мурда басып жүргѳн, жакшы билген адамга баштаткыла дегени. «Устанын уусун билгенче, темирдин суусун бил» деген да макал бар. Муну мындай түшүнсѳ болот. Устанын канчалык мыкты экенин билгенден мурда, темирдин сапатын билиш керек деген кеп.

«Уу» сѳзүнүн экинчи мааниси - мергенчилик, аңчылык деген маанини билдирет. «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт» дейт. «Мергендер ууга чыгышты» дейт.

Үчүнчү мааниси - «уу-чуу», «уу-дуу». «Алар эчтеке боло электе уу-чуу кылып жиберишти» дейт.

Тѳртүнчү мааниси - арабдардан келген түшүнүк. «Таң атканча эшендер «уу-лап» чыгышты дейт.

* * *

«Чак» деген бар. «Сенин кийимиң мага чак келет» дейт. «Ар кимдин жүгү ѳзүнѳ чак» дейт. «Атка жеңил, тайга чак» деген макал бар. «Чак түш» дейт.

Экинчи мааниси - «бала чак» дейт. «Кара сакал ак болду, кайта турган чак болду» дейт. «Балтыр этиң толо элек, барар чагың боло элек» дейт. Тил илиминде келер чак, учур чак, ѳткѳн чак дегендер бар.

Үчүнчү мааниси - «чак дейт түштү» дейт.

Тѳртүнчү мааниси - «кѳңүлү чак экен» дейт.

Бешинчи мааниси - «жаңгак чак, семичке чак» дейт. «Аны жылан чакты» дейт. «Ширеңке чак» жана башка...

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG