Анткен менен бул күнү Кыргызстанда бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда атайын майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, дээрлик бардык тармактарда эмгек жамааттары мырзаларды куттукташат.
Бала бакчалардан парламентке чейин
Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйыны да дал ушул майрамга байланыштуу куттуктоолор менен башталды. Депутат Камила Талиева кесиптештерин куттуктап, “майрам астында ар кандай маселени жок кылып, дароо күн тартибиндеги маселелерге өтүүнү” сунуштады.
Ал эми төрага Нурланбек Шакиев атайын куттуктоо жолдоп, өз сөзүндө соңку жылдары өлкөнүн “коргоо жана коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканына” токтолду.
Ал арада социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул майрам советтик доордон калганын айтып, анын белгиленишин сынга алышты.
“Деколонизацияга карай кадам”
Бул майрам актуалдуулугун жоготконун, майрам эскиргенин ачык жазып чыккандардын арасында акын Саид Султан-Али да бар.
Саид Орусия Украинага согуш ачкандан кийин башка постсоветтик мамлекеттерде күч алган деколонизация кыймылына салым кошуу үчүн бул майрамдардан алыстоо керектигин белгилейт:
“Биздин тарыхта Кызыл армиянын кылычынын изи бар. Андыктан жок дегенде биз бул нерселерден моралдык жактан алыстоого аракет кылышыбыз керек. Антпесек, бул жөн гана кыймыл болуп калат. Биз канчалык деколонизация дебейли, Үркүн дебейли, башканы айтпаганда деле, аягында келип бул күнү "открытка" алып алсак, анда бардык аракет текке кеткен болот. Андыктан баштан башташ керек, аң-сезимибиз тазаланышы керек”.
23-февраль совет мезгилинде Кызыл Армиянын күнү катары белгиленип, көбүрөөк идеологиялык-пропагандалык мааниге ээ болгон.
“Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбектин айтымында, Кыргызстан өзүнүн эгемендигин толук түшүнүп, көз чаптыра албай жаткандыктан, мындай идеологиялык майрамдардан кутула албай келет.
“Бул күндү биз революция жасаган, актарды, совет бийлигинин каршылаштарын жеңген армиянын күнү деп эсептеп жатабыз да. Ошол эле учурда ал армия “биз өз алдынча улутпуз, өз алдынча мамлекет боло алабыз” дегендерди “басмачы” атап, кырып келди. Ошол эле учурда “Экинчи дүйнөлүк согушта биз Кызыл армиянын катарында фашизмди жеңгенбиз” деген да сезим бар. Биз ошол сезимге да мураскор болгубуз келет. Ошол армияга байланышыбыз болгонун танбай, биз жеңүүчү армиянын мураскорубуз деген сезимди өзүбүздө кармап тургубуз келет. Менимче, бул майрамдан алыстай албаганыбызга ушундай идеологиялык, психологиялык жагдайлар себеп болду”.
“Мекенди коргоонун маанисин жаштарга көрсөткөн майрам”
23-февралга сын айткандардын дагы бир аргументи - бул майрам согушту пропагандалаганга шарт түзөт. Бул күнү окуучуларга же бала бакчадагы балдарга аскердик кийим кийгизип, ырларды окутуу менен согушту романтизациялоого мүмкүнчүлүк берет дегендер жок эмес.
Бирок филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева мындай пикирлерге кошулбайт. Анын айтымында, бул, тескерисинче, жаштарга “мекенди коргоо ыйык милдет экенин” түшүндүрүүгө жол ачкан майрам:
“Бул согушту чакыруу эмес. Тескерисинче, келечектеги жаштарыбызга Ата Мекенди коргоо милдет экенин, ал абдан барктуу иш экендигин көрсөткөн жакшы майрамдардын бири. Бул күндү белгилеп, кичинекей балдардан тарта эр азаматтарга чейин куттуктап, аларды кубантып, “силер биздин коргоочубузсуңар, силердин чоң милдеттериңер бар, Ата Мекен силерге муктаж, тынч күндүн жоокери болгула” деп тилектерди айткандын эмнеси жаман?”.
Көмүскөдө калган 29-май
Активисттер 23-февралдын фонунда 29-май - Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү көлөкөдө калып жатканын айтышат. “Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек бул күн да даңазалана турган майрам экенин айтты:
“Ошол эле учурда эмне үчүн 29-май - Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү мынчалык деңгээлде эч качан белгиленген эмес? Эмне үчүн биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрдү эмес, өтүп кеткен мамлекеттин куралдуу күчтөрүн даңазалайбыз? Бул өзүнчө олуттуу суроо”.
Журналист Миржан Балыбаев 29-майды белгилөөгө артыкчылык берүү “азыркы мамлекеттик идеологияга шайкеш келмек” деген пикирде:
“Бул кимдир бирөөнү жек көрүү эмес. Бул түздөн-түз өзүбүзгө бере турган суроо: көп жылдан бери өзүбүздүн майрамыбыз турса, эмнеге мамлекет буга көңүл бурбайт? Соңку убактарда “идеология”, “нарк” деп эле келе жатабыз. Мына, бул идеологиялык кырдаал. Буга көңүл буруу керек. Тыйып, такыр майрамдабагыла дегенге барбай эле, жөн гана маани берүү керек. Эскирген советтик мурастардан арылабыз десек эле сырттан келип бир тийип жатышат. Аларга карабай эле чечим кабыл алган өрнөктөр бар. Мына, 15 мамлекеттен бул күндү белгилеген саналуу гана өлкө калды. Бул ойлондура турган нерсе”.
Мурдагы советтик мамлекеттердин ичинен болгону төрт мамлекет 23-февралды азыркыга дейре белгилеп келет. Алар: Орусия, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстан. Калган мамлекеттер Ата Мекенди коргоо күнү катары өздөрүнүн күч түзүмдөрү куралган күндү белгилеп келет.
Ал эми 29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Кыргызстанда президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы болуп саналат.