Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Бишкек мэринин дымактуу демилгеси


Мэр Суракматов жыйналыш өткөрүп жаткан учуру. 18-август, 2018-жыл.
Мэр Суракматов жыйналыш өткөрүп жаткан учуру. 18-август, 2018-жыл.

Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматов шаардагы парктардан мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча демилге көтөрдү.

Жарандык активисттер жаңы мэрдин буга чейин айтылган сынды кабыл алганын колдоого алып, бирок бул демилгеден жыйынтык чыгарына анча ишене албай турушат. Ошол эле кезде айрым парламент депутаттары шаардын Фучик паркындагы жер тилкесин менчикке берип жиберген жетекчилерди жоопко тартууну талап кылышты.

Мэрдин алгачкы талабы

Бишкектин жаңыдан шайланган мэри Азиз Суракматов вице-мэрлер, мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, шаар турмушундагы көйгөйлүү делген тогуз маселени көтөрүп, аларды токтоосуз түрдө чечүүнү тапшырды.

Анын ичинен мэр баш калаанын парктарынын чектерин аныктоо жана аларды көрктөндүрүү маселесин көтөрдү. Ошол эле кезде мэр Фучик паркындагы менчикке берилип кеткен бир гектар жер тилкесин кайтарууну талап кылды. Бишкек мэриясынын басма сөз өкүлү Калперизат Айдарбекова мэрдин койгон талаптары тууралуу айтып берди:

Калперизат Айдарбекова.
Калперизат Айдарбекова.

- Мэр шаардык архитектура башкармалыгына жана Мамлекеттик каттоо кызматына документтердин баарын кайра карап чыгып, мурда мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин кайрадан кайтарууну талап кылды. Биринчилерден болуп Фучик паркындагы бир гектар жер тилкесин кайрадан муниципалитетке кайтарып алуунун чаралары талкууга алынды. Фучик паркынан башка дагы парктардагы менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин маселесин карап чыгуу боюнча сунуш айтылды. Ошону менен бирге парктардын чек араларын мурда кандай абалда болсо, ошол калыбында аныктап чыгууга жана ал такталгандан кийин расмий түрдө бекитүүнү тездетүүгө тапшырма берилди.

Жаңыдан шайланган мэрдин бул демилгесин аны сындап келген жарандык активисттер да колдоого алды. "Бирок бул демилге мэрдин популисттик кадамы болуп калбашы керек" деген активисттер баш калаанын Ата-Түрк жана Фучик сыяктуу парктарындагы сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу оңой эмес экенин белгилешти.

Сынчылар жыйынтык күтөт

Укук коргоочу Калича Умуралиева берилгенин сунуштар эске алынганын айтып, бирок иш жүзүндө жыйынтык кандай чыгары азырынча белгисиз экенин билдирди:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Биз буга чейин кыйкырып айтып келген маселелерди көтөрүп, берилген сунуштарды эске алгандай болуп жатканы жакшы. Бирок эми ушундай оор маселелерди ал кантип чечет? Бул чоң суроо. Эми "а" дегенден кийин бул киши "б" деп, бир жыйынтык чыгарып, көрүнүктүү иш жасап, айтканы сөз бойдон калбашы керек. Иса Өмүркуловдун убагында "Ата-Түрк паркынын чек арасын аныктайбыз" деген шылтоо менен анын аянты тарыган жагдайды да эстен чыгарбашыбыз зарыл. Анын аянты 1992-жылдагы мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн аянты менен калышы керек. Ал эми курулуш түшүп калган парктын аянттарындагы жер тилкелери үчүн жер салыгынын өлчөмү жүз эсе көтөрүлүшү керек. Анткени "парк тилкесинде жашагандан кийин ошондой өлчөмдө акча төлөп жашай беришсин" деген шартты койсок, шаардын бюджетине чоң акча түшөт. Анан мындан кийин парк тилкесине үй салгандан адамдар тартынып калышат. Биз ушундай сунуш киргизгенбиз. Ошолор эми аткарылабы же жокпу, азырынча

ишениш кыйын.

Акимди айыптаган депутат

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова "Фейсбуктагы" баракчасында Фучик паркындагы бир гектар жер тилкесин менчиктештирүүгө байланыштуу шаардын Ленин районунун акими Нурдин Тынаевди айыптаган билдирүү таратты.

Депутат Жылдыз Мусабекова Фучик паркын оңдоодогу жана андагы жер тилкесин сатууга байланыштуу акимдин кыңыр иштери териштирилиши керек деп эсептейт:

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

- Фучик паркы боюнча абдан кылдат иликтөө жүрүшү керек. Жерди сатып жиберген Ленин районунун акимин биринчи кезекте кызматтан алуу зарыл. Бул жигит эки жылдын аралыгында шумдуктуудай байыбадыбы. Акимдин иши азыркы учурда прокуратура жана коопсуздук органдарында тергелип жатат. Бул парк эч нерсе эмес. Ал "жаңы конуштарга шагыл төктүрдүк" деген шылтоо менен көп акчаны мойсоп жиберген. Анан Фучик паркын оңдоп-түзөө боюнча өткөн бир нече миллион сомдук тендерди кимдер утуп алганы жана андагы баалар ашыкча көрсөтүлгөн учурлар бар. Ушунун баарын изилдеп чыгып, акимдин жоопкерчилигин караш керек.

Бирок Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев анын дарегине айтылган дооматты четке какты. Ал Фучик паркындагы жер тилкеси мындан бир топ жыл мурун менчиктештирилип кеткенин айтып, депутат көптөн бери ага негизсиз жерден асылып келе жатканын да кошумчалады.

Аким Нурдин Тынаев тескерисинче, парктагы менчикке кеткен жайкы кинотеатр жана анын жер тилкеси сот аркылуу кайтарылганын мисал келтирди:

Нурдин Тынаев.
Нурдин Тынаев.

- Ал бул жакта Ленин районунда депутат болгонго чейин №3 МТУнун башчысы болуп иштеп кеткен. Фучиктеги ал жер тилкеси 10-15 жыл мурун сатылып кеткенин ал киши аябай жакшы билет. Бирок болбой эле аны мага оодарып жатканы кызык. Бул адам башынан эле бизди эптеп эле ыңгайы келе калган жерден окшошсо-окшошпосо деле жамандап келет. Тескерисинче, мен бул кызматка келгенден кийин ошол менчикке берилип кеткен бир гектар жерден тышкары мыйзамсыз сатылып кеткен жайкы кинотеатрдын имаратын жана жер тилкесин бир жылдан ашуун соттошуп жүрүп, кайра кайтарып алдык. Ошону айтпайт беле?.. Алардын баарын сонун эле билип туруп, ал мага жөн жеринен эле асылып келе жатат.

Мындан сырткары мэр Суракматов Ата-Түрк паркын көрктөндүрүүгө көмөктөшүү үчүн Түркиянын элчиги менен сүйлөшүүнү жана мурда бөлүнгөн жер тилкесине Гейдар Алиев атындагы паркты уюштуруу боюнча Азербайжан өкмөтү менен иш алып барууну тапшырды. Ошондой эле ал шаардагы башка парктарды жана скверлерди көрктөндүрүш үчүн ишкер чөйрө менен мамлекеттик-жеке кызматташтыкты колго алуу маселесин көтөрдү.

"Азаттыктын" архиви. Бишкектин жер мафиясы. 4-май, 2016-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG