Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:12

Тажикстан Кытайга алтын кендерин берет


Тажикстандагы алтын кендеринин бири.

Тажик бийлиги борбор шаарда Жылуулук электр борборун курган кытайлык ТВЕА компаниясына дагы бир нече алтын кендерин берүүгө даяр. Ушул тапта Кытайдан келген ишканалар Тажикстандагы жети алтын кенин иштетүүгө укуктуу. Тажикстандык айрым адистер ТВЕА менен келишим башынан эле өлкө кызыкчылыгына каршы түзүлгөнүн айтышат. TBEA Бишкек ЖЭБин оңдоого да катышкан.

Дүйшөмбүдө Жылуулук электр борборун салган кытайлык ТВЕА компаниясынын жетекчилиги билдиргендей, курулушка кеткен чыгымды жабууга эки кендеги алтындан түшкөн каражат жетпесе, тажик өкмөтү аларга башка кендерде алтын казуу укугун берүүгө макул болду.

ТВЕА Кытайдын "Эксимбанкынан" 349 миллион доллар кредит алып, 2016-жылы тажик башкалаасында кубаттуулугу 400 мегаваттка жеткен жылуулук борборун бүтүргөн. Тажик тарап долбоордогу өз үлүшүн Согди облусундагы Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг кендеринен казылган алтындын эсебинен жапмак. Бул эки кенди иштетүү укугу ТВЕА компаниясына берилген.

Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Компания башчысы Чжан Синь тажик сайттарынын бирине берген интервьюсунда Дүйшөмбү өкмөтү аларга башка кендерди да берүүгө макул болгонун айтты. Мындан тышкары ТВЕА буга чейин Дүйшөмбүнүн түндүгүндө орун алган Зиддидеги көмүр кенин иштетүүгө лицензия алган.

Бирок Тажикстандын Геология башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахмонбек Бахтадавлатовдун айтымында, компания кайтарамы жок деп көмүр кенинен баш тартып койду.

Ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик редакциясы Энергетика жана суу ресурстары министрлигиндеги булактарга таянып, ТВЕА негизинен энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырып келатканын, алардын кендерди чалгындап, иштетүү жагынан тажрыйбасы жоктунун маалымдады.

Кытай компаниясы кенди чалгындап чыкты, бирок маалыматы менен бөлүшпөйт. Алар алтын анча көп эмес деп айтышкандай. Ким билет, азбы, көппү. Бардык ресурстар алардын колунда – лабораториялар, чалгындоо жүргүзгөн адистер да алардыкы.

"Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг алтын кендериндеги запастар биздин эсебибизде компаниянын чыгымдарынан кыйла ашат. Анын үстүнө дүйнөлүк рынокто алтындын баасы абдан кымбат. Ушул тапта биз Тажикстан өкмөтү менен ТВЕА ортосунда инвестициялык келишимдин долбоорун түзүп жатабыз", - деди министрликтин атын атабаган өкүлү.

Кытайлык компания болсо ал кендерде канча алтын бар экенин коммерциялык сыр деп айтуудан баш тартууда.

Тажикстандык журналист, бул маселеге жакындан байкоо салып келаткан Абдулло Ашуров электр тартыштыгы маселесин тезирээк чечүү үчүн Дүйшөмбү алдын ала эле өз кызыкчылыгына анча жооп бербеген келишимге барганын белгилейт:

- Кендерди кытайлыктар өздөрү чалгындап, өздөрү иштетип, алтын казып келатышат. Биз тарапта маалымат өтө чектелүү. Советтик мезгилде жүргүзүлгөн чалгын иштерине ылайык, Чыгыш Дуоба кенинде 117 тонна алтын бар деп болжолдонгон. Экинчиси иликтене элек болчу. Эми кытай компаниясы чалгындап чыкты, бирок маалыматы менен бөлүшпөйт. Алар алтын анча көп эмес деп айтышкандай. Бардык ресурстар алардын колунда – лабораториялар, чалгындоо жүргүзгөн адистер да алардыкы. Алтын казышканда кырдаалдан кыянат, өз кызыкчылыгында пайдаланып кетишпейт, алтындын көлөмүн аз кылып көргөзүшпөйт деп эч ким кепил боло албайт да. Жылуулук борборун куруудагы каражат канчалык эффективдүү пайдаланылганын текшерген көз карандысыз аудит да жок.

Тажикстанда кен казып жаткан кытай жараны.
Тажикстанда кен казып жаткан кытай жараны.

Чыгыш Дуоба жана Жогорку Кумарг кендерин иштетүү лицензиясын кытайлык компания 2014-жылы алып, эки жылдан кийин чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Бардыгы болуп кытай компаниялары Тажикстандагы жети алтын кенин иштетүүгө укук алган.

Айрым жергиликтүү эксперттер алтын кендеринин Кытайдын колуна өтүшү мамлекет кызыкчылыгына канчалык дал келет деген суроо коюшат.

"Дүйшөмбү-2" деген Жылуулук электр борбору 2012-жылы курула баштап, эки жылда бүткөн. 2015-жылы экинчи блокту салуу иштери башталып, бир жылдан кийин аяктаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кытайлык TBEA компаниясы Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизациялоо ишине катышып, аны 386 миллион долларга жүргүзгөн. Бирок акчанын сарпталышына байланыштуу суроолор жаралып, учурда иликтөө жүрүп жатат.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 26-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да атайын кызматка көрсөтмө берди. Ага чейин "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев баштаган бир канча адам кармалган.

Сапар Исаков сурак берип чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG