Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:35

Москва талибдерди "кара тизмеден" чыгарабы?


"Талибан" кыймылынын лидерлери Москвада. 9-июль, 2021-жыл.
"Талибан" кыймылынын лидерлери Москвада. 9-июль, 2021-жыл.

Орусия “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Мындай сунушту 27-майда президент Владимир Путинге киргизишти. Бул кыймылга Орусияда дээрлик 20 жылдан бери тыюу салынган. Буга чейин Казакстан да талибдерди "кара тизмеден" чыгарган.

Москва эмне себептен мындай кадамга барууда? Анын Борбор Азияга таасири кандай болушу мүмкүн?

Орусиянын Тышкы иштер жана Юстиция министрликтери апта башында президент Владимир Путинге кайрылып, "Талибан" кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарууну сунуштады.

Тышкы саясатты тескеген мекеменин өкүлү Замир Кабулов айткандай, "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгармайынча, алардын Ооганстандагы бийлигин таануу мүмкүн эмес.

Орус президенти Владимир Путин 28-майда Ташкенттеги сапары маалында бул тууралуу пикирин билдирип, "реалдуулукту эске алуу зарылдыгын" белгиледи.

"Ооганстанда көйгөйлөр бар. Алар баарына маалым. Бул жерде азыркы бийлик менен кантип алака түзүү керек деген суроо турат. Кандайдыр бир жол менен түзүш керек да. Алар (талибдер) өлкөнү, өлкөнүн аймагын көзөмөлдөп турат. Алар - Ооганстандагы бийлик", - деди Путин.

Орусиянын Жогорку Соту “Талибанды” 2003-жылы террордук уюм деп жарыялаган. Сот өз чечиминде кыймыл Ооганстанда 1994-жылы экстремисттик ислам кыймылы катары түзүлгөнүн, Чеченстандагы мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр менен байланышта экенин жана өз ишмердүүлүгүндө терроризмдин ыкмаларын колдонорун белгилеген.

"Террордук" деген тизмеде экенине карабай талибдердин расмий делегациясы буга чейин Орусияда бир нече жолу болду.

2019-жылдын ноябрь айында Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен “Талибандын” өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Анда аталган кыймыл Ооганстандагы бийликти басып ала элек. Кийин дагы бир нече ирет ар кандай жыйындарга катышты. Талибдер быйыл июнь айында Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумга да чакырылган.

Ооганстандан АКШ башында турган коалициялык күчтөр кетип, талибдер бийликти басып алгандан кийин Путин Москва "Талибанды" террордук уюмдардын катарынан чыгарууга жакындап калганын, бирок алды менен мындай кадамга БУУнун Коопсуздук кеңеши барышы керек деген пикирин бөлүшкөн.

Расмий бийлик талибдерди тааныбаса да алака-катыш түзүп жүргөнү менен Орусияда бул кыймылдын ишмердүүлүгүнө оң баа бергендер жана анын "террордук" экенин айтпаган маалымат каражаттары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Маселен, учурда соттолуп жаткан журналист Надежда Кеворковага тагылган кылмыш иштердин бири дал ушул талибдерге байланыштуу. Анын адвокаты Калой Ахилговдун айтымында, журналистке 2021-жылы Телеграмга талибдерди "сонун адамдар" деп жазганы үчүн "террорчулукту актоо" айыбы тагылган.

Москва эмне үчүн азыр бул кадамга барууда?

Расмий Москванын азыркы кадамын талдоочулар ар кандай себептерге байлашат. Алардын бири, чыгыш таануучу Руслан Сулеймановдун пикиринде расмий Москва үчүн Ооганстандын бийлиги катары "Талибан" менен байланышты кармап туруу зарыл.

"Орусияга учурда Батышка каршы ким гана болбосун, алар менен байланышта экенин белгилөө маанилүү. Бул жагынан алганда талибдер абдан жакшы үлгү. Чет элдиктерге каршы күрөшүп, өз аймагын америкалык аскерлерден бошотуп алгандар. Орусиянын пропагандасы үчүн бул абдан ыңгайлуу. Анын үстүнө Орусия үчүн Ооганстандын бийлиги катары талибдер менен байланышты кармап туруу зарыл. Анткени Ооганстандын аймагынан дагы террордук коркунуч тарап жатат. Бул өзгөчө "Крокус Сити Холл" теракттардан кийин актуалдуу болуп турат", - деди Сулейманов "Настоящее Время" телеканалына курган маегинде.

"Талибанды" террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин бир гана Жогорку Сот кабыл алат. Ал эми саясат таануучу, коопсуздук боюнча эксперт Рустам Буйлашевдин пикиринде бул ирет Москва "Талибанды" кара тизмеден чыгарышы мүмкүн, бирок талибдердин бийлигин расмий таануу тууралуу айтуу азырынча эрте.

"Анткени таануу же тааныбоо боюнча эл аралык кандайдыр бир консенус бар. Ага ылайык, талибдер бир катар иштерди жасашы керек. Талибдер гана барбайт. Ошондуктан менимче Кремль "Талибандын" өкмөтү менен де-юре эмес, де-факто иштеше берет", - дейт Буйлашев.

Борбор Азияга Москванын чечими кандай таасир этет?

Орусиянын президенти Ташкенттеги билдирүүсүндө Москва өз позициясын аныктаар алдында Борбор Азиядагы бардык өнөктөштөрүнүн да ою менен эсептешерин кошумчалады.

Борбор Азиянын беш өлкөсү дүйнөнүн башка мамлекеттериндей эле талибдердин бийлигин расмий тааныбайт. Казакстан былтыр жыл соңунда "Талибанды" экстремисттик кыймылдардын тизмесинен чыгарды. Кошуна мамлекет бул топко 2005-жылы тыюу салган. Саясат таануучу Рустам Буйлашев тескерисинче Москва Борбор Азиядан "үлгү алып жатканын" айтууда. Бул уюмга Кыргызстанда да тыюу салынган. Расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатканын Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы белгилеген.

"Биз баарын баалап, баамдап турабыз. Азыр “Талибандан” корко турган мезгил эмес. “Талибан” өзүнүн мамлекетиндеги жашоону орнотуп алсынчы. Өздөрүнүн көйгөйлөрү абдан көп. Ошону менен алек болуп жүрүшөт. Сыртка, бизге кол салабыз деген алардын ниети жок", - деген эле Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде.

Борбор Азия менен "Талибандын" алакасы

Эксперттердин пикиринде, чөлкөмдөгү мамлекеттер "Талибан" менен эсептешүү зарыл экенин түшүнүп, экономикалык жактан болсо да алака курууга аракеттенип жатышат.

2023-жылдын апрелинде Астана биринчилерден болуп Ооганстандын элчилигине көзөмөлдү талибдерге өткөрүп берген.

Талибдер өлкө башына келгени Борбор Азия менен Ооганстандын ортосундагы экономикалык жана соода алакалар күчөдү. Соңку эки жылда Казакстан менен Ооганстандын ортосундагы сооданын көлөмү эки эсе өсүп, 987,9 млн долларга жеткен. Былтыр августта Астанада өткөн форумда тараптар бул санды 3 миллиард долларга чейин жеткирүүнү макулдашкан. Бул максатка жетүү үчүн Гератта "Казак соода үйүн" негиздөө сунушу айтылган.

Талибдердин маалыматында, 2023-жылы Ташкент менен сооданын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу алты эсе өсүп, 266 миллион долларды түзгөн. Ташкенттин эсебинде бул көрсөткүч кыйла жогору 784 миллион долларга жетет.

Былтыр талибдер менен Түркмөнстан эки тараптуу сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашкан. Алтургай Тажикстандын бийлиги талибдердин дарегине кескин билдирүүлөрдү айтып, такыр байланышпаганы менен Дүйшөмбү менен Кабулдун ортосунда экономикалык кызматташтык уланууда. Тактап айтканда, Тажикстан Ооганстанга дагы эле электр энергиясын экспорттойт.

Мындай алакалар бардык тараптар үчүн пайдалуу болуп жаткандай. Борбор Азия мамлекеттери үчүн Ооганстан Түштүк Азиянын башка базарларына эшик ачууда. Маселен, деңизге түз жолу жок Өзбекстан үчүн Кабул альтернативдүү жолдорду сунуштап жатат. 2022-жылы Өзбекстан менен Ташкент алгач ирет Ооганстандагы маршрут менен товар алмашты.

Учурда Өзбекстан, Пакистан жана Ооганстанды байланыштырган ири темир жол долбоору ишке ашууда. Ал эми Кыргызстан менен талибдер аралашкан дагы бир нече долбооролор бар.

Талибдер үчүн Борбор Азия менен кызматташуу гуманитардык кризисти чечкенге жардам берет. Астана оогандыктарга негизинен ун жана буудай экспорттойт.

Ал эми Өзбекстан Ооганстандагы талибдерге Коштөбө каналын курууга жардам берүүдө. Өзбекстандын суу чарба министри былтыр билдиргендей, Ташкент каналдын курулушундагы алешимдиктерге жол бербөө үчүн талибдерге бул жаатта кызматташууну сунуштаган.

Буга чейин адистер Коштөбө каналы курулуп бүтсө, Борбор Азиядагы эң ири Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүк аймактарына бурулуп, Өзбекстанда суу таңкыстыгы жараларын эскертишкен.

Талибдердин эсебинде, беш жылда курулуп бүтчү бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыздашы керек. Анткени Ооганстанда суу тартыш. Соңку жылдары кургакчылык да күч алды. Бул өз кезегинде айыл чарбага залакасын тийгизип жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде 40 миллион ооган элинин 15 миллиону азык-түлүккө муктаж. Алардын 3 миллиону - эптеп күн көрүп жаткандар.

Талибдер бийликке 2021-жылдын августунда келген. Андан бери кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Ооганстан - азыр кыздарга мектепке барууга тыюу салынган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG