Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:40

БУУ чөп бизнесине колдоо көрсөттү


Аламүдүн капчыгайында тартылган сүрөт.

БУУнун өндүрүштү өнүктүрүү долбоору Ысык-Көл аймагында чогултулган экологиялык жактан таза, дары чөптөрдү кайра иштете турган чакан цех ачты. Азырынча ички базарды гана камсыз кылган бул цех 27 түрдүү чай чыгарууда.

"Экофлорис" фирмасы үчүн дары чөптөрдөн чай жасаган чакан цехти өз алдынча иштетүү оңойго турган эмес.

Өндүрүш агымын жөнгө салуу, базар талабына ылайык продукцияны даярдоо жана сатуу, эң негизгиси, органикалык таза дары чөптөрдү чогултуу көп каражатты талап кылган.

Елена Новикова
Елена Новикова

Дары чай чыгарган ишкананын жетекчиси Елена Новикова эмне үчүн чайга Ысык-Көлдүн гана чөбүн теришерин минтип түшүндүрдү:

- Өндүрүштү 2015-жылдан тарта колго алдык. Ага чейин дары-дармек чөптөрдөн жасалган чай базарга чыккан эмес. Үйдө баарыбыз дары чөптөр тууралуу маалыматтарды билип, аларды жыйноо жана кургатуу сырларын билгендиктен, биздин өзгөчө чайды сурап ичкендер көп эле. 2015-жылы "Ысык-Көл букеттери" деген аталыштагы стартап бизнесибизди баштадык. Бул ишибизди Бириккен Улуттар Уюмунун Өндүрүштү өнүктүрүү долбоору байкап калган экен. Дары чөптөрдү Ысык-Көлдөн гана терип келгенибиздин да себеби бар. Деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийик жакта өскөн чөптүн химиялык, органикалык курамы таза, дарылык касиети жогору болот. Ушундан улам Ысык-Көлдүн чөптөрүнөн гана чай жасап жатабыз.

Чөп чогултуу үчүн да окуш керек

Фирманын буюртмасы менен Ысык-Көлдүн тоолуу айылдарындагы 500дөй жергиликтүү тургун чай үчүн керектүү чөптөрдү жайкысын анан күзгүсүн чогултушат. Чөп чогулткандар маал-маалы менен семинарларга барып турушат.

- Ар дайым элге чөптү кантип чогултуу керектигин окутуп турабыз. Чийки товар кандай болушу керек, кайсы чөптөрдү сатып алабыз, кургатуу, ташуу өңдүү керектүү маалыматтарды беребиз. Эл чогулткан чөптү нак акчага сатып алабыз. Мурдагы жылга салыштырмалуу өндүрүш эки эсе өстү. Жылына 5 тонна чийки товарды кайра иштетип, сатып жатабыз. Аймактагы эл үчүн да бул каражаттын жакшы булагы, - деди Новикова.

Карагаттын мөмөсү.
Карагаттын мөмөсү.

Чогултулган чөптүн сапаты атайын фитосанитардык көзөмөлдөн өтүшү керек. Бул үчүн чийки затты аймактан Бишкекке алып келишип, атайын лабораторияларга текшерткенден кийин, таңгактап, кутуларга салган цехке жиберишет.

Эл аралык донорлордун жардамы менен ачылган бул цехте азыр ондон ашуун адам эмгектенет. Алар күн сайын 300гө чукул чайды таңгактап, жергиликтүү жана коңшу өлкөлөрдүн базарына чыгарып жатканын ишкананын технологу Оксана Митрофанова билдирди:

Оксана Митрофанова.
Оксана Митрофанова.

- Жергиликтүү базарды толук ээледик десем болот. Андан тышкары Алматыдагы соода түйүндөрү менен макулдашуулар жүрүп жатат. Орусияга да экспорттогону турабыз. Биз кутудагы чайды сатууда алгач чийки затыбыздын тазалыгын ырастаган документ алабыз. Бул үчүн атайын лабораторияларга барып, чөптү текшерүүдөн өткөрөбүз. Курамындагы химиялык заттарды толук эсептешет. Биздин чайлардын бир кутусу 85 сомдон кем эмес баада сатылат. Курамында бирден көп дары чөбү бар кошулмаларды 150-180 сомго чейин сатабыз. Эми цехибиз жаңырды, ага жараша ишибиз да көбөйдү.

Стартаптын өз алдынча иштеши кыйын

Бириккен Улуттар Уюмунун Өндүрүштү өнүктүрүү же ЮНИДО долбоору азырынча Ысык-Көлдөгү өндүрүш, айыл чарба жана туризм секторун колдоого артыкчылык берүүдө.

Ал эми дары чөптөрдөн чай жасаган жана аны экспорттогон өндүрүш жайларын ачуу үчүн 2 миллион доллардай каражат жумшаган. Анын 60 миң доллары Бишкектеги кайра иштетүүчү цехти салууга жана аны керектүү техника менен жабдууга жумшалды.

Ольга Мемедович, цехтин ачылуу аземинде
Ольга Мемедович, цехтин ачылуу аземинде

ЮНИДО долбоорунун Кыргызстандагы менеджери Ольга Мемедович эмне себептен Ысык-Көлдү тандап алышканын түшүндүрүп берди:

- Бул облус өлкөнүн туристтик борбору болуп эсептелет. Табигый чайларды чогултуп, дүйнөлүк базарга чыгаруу боюнча долбоорго жергиликтүү элдин тартылганы биз үчүн өтө маанилүү. Себеби, мындай долбоор менен аймакты өнүктүрүү планы да ишке ашып жатпайбы. Дары чай жасаган ишкерлерди Ысык-Көлдөгү пансионаттарда германиялык чайлардын кымбат сатылып жатканын көргөндөн кийин колдой баштадык. Эмнеге таза, табигый заттарга бай өлкө чөп чайды чет жактан импорттошу керек? Долбоордун алкагында беш жүзгө чукул айылдык тургундарды атайын окуттук. Алар азыр өз алдынча бизнес кыла тургандай деңгээлге жетишти десем жаңылышпайм. Бул чай азыр Кыргызстандагы базарларда, супермаркеттерде сатылып жатат. Казакстан менен Орусияга да импорттолууда. Албетте, мындай процесс сатуучу, даярдоочу, цехти иштеткендер болуп олтуруп, бир топ кишини иш менен камсыздайт, экономикага салым кошот деген үмүттөбүз.

"Экофлорис" ишканасы жылына 90 тонналык чийки затты кайра иштетете турган кубатка ээ. Анын жетекчиси Елена Новикова бул тармакта атаандаштык аз болгону менен мамлекеттик колдоо сунуш-пикирлер түрүндө гана болуп жатканын айтты.

Соода, өнөр жай палатасы аркылуу товар сатуунун жол-жобосунан тышкары, тиешелүү документтер, сертификаттарды алгандан башка колдоо азырынча жок. Ишкер айым өндүрүшү беш-алты жылда ирденип, эл аралык донорлордун колун карабай каларына үмүт артат.

Ат-Башыдагы демилге

Дары чөптөрдү иргеп алып, алардан чай жасап, дарылык касиети күчтүүлөрүн өзүнчө кутуга салып, дарыканаларга сунуштоо ишин Ат-Башыдагы "Дордой-Дары" ишканасы да аркалап келет.

Ишкана 2018-жылы Кытайдан, Германиядан атайын жабдууларды алып келип, 15 адам менен ишин баштаган.

Итмурундун ашы боор жана өт ооруларына даба экени айтылып келет.
Итмурундун ашы боор жана өт ооруларына даба экени айтылып келет.

"Дордой-Дарынын" жетекчиси Дамира Кампабекова дары чөптөрдөн чай жасап же аны нак өңдүрүүдөгү тоскоолдуктар жана артыкчылыктар тууралуу айтып берди:

- Биз дары чөптөрдү талаадан эле тере бербей, тоолуу аймактарда атайын плантацияларды уюштурууну көздөп жатабыз. Азыр мен жетектеген ишкана санитардык, медициналык нормаларга ылайык келет деген тастыктоочу текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтүп, лицензия алганы турат. Тоодогу жапайы чөптөрдү эле чогултуп чектелбей, элге дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү бапестеп кароо менен пайда табууну үйрөтүп жатабыз. Азыр эми Ат-Башыда картөшкө эле киреше булагы катары каралат да. Анын баасы да чыкпай калып жатат. Биз дары чөптөрдү кайра иштете турган ишканага Кытайдан, Германиядан атайын жабдууларды насыяга алдык. Айрымдары гранттык негизде берилди. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата алты пайыздык жеңилдетилген насыяга илинип калабызбы деп аябай үмүттөнгөм. Бирок быйыл да болбой калды. Каражат табылса эле чет жактан дары чөптөрдүн уругун алып келип, өстүрө баштайм. Мамлекет бизге жеңилдетилген насыя берсе эле ишибиз илгерилемек. Инвестиция тартууну да колго алуудабыз. Былтыр кытай ишкерлери биздин 15 кишилик чакан цехти көрүп, бал, дары чөптөрдү экспорттоо боюнча макулдашып кетишкен. Анан калса, биз бардык продукциябызды экологиялык жактан таза кутуларга салабыз. Бал айнек идишке, дары чөптөр атайын Казакстандан текшерүүдөн өткөн кагаз кутуларга салынат. Мунун баарына абдан көп каражат сарпталууда. Буга чейин мен 15тей өлкөнү кыдырып, табигый чөптөрдү сатуунун ыкмаларын үйрөнүп келдим. Андыктан мамлекет колдосо, келечегибиз кең болот деп ойлойм.

Сатууну колдоо зарыл

Айыл чарба жана экономика министрлигине кайрылып, бул багытта кандайдыр бир комментарий ала албадык.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы органикалык дары чөптөрдү кайра иштетүү боюнча мамлекеттик стратегия же саясат азырынча баштала электигин билдирди.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба жаатындагы эксперт Тилек Токтогазиев эгер суроо- талап болсо, бул тармактын өнүгүү дарамети жогору экенин, бирок мамлекеттен колдоо болушу керектигин айтты:

- Айрыкча биздин тоолуу аймактарда дары чөптөр өтө көп, ошол эле маалда айдоо талаалары иштетилбей, каралбай эле жатат. Беде айдап, андан да жарытылуу пайда таба албай жатышат. Дүйнөлүк базарда дары чөптөрдүн баасы кымбат. Бул бизнестин келечеги кең. Мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтсө жакшы болмок. Экспортко чыгарууга ыңгайлуу шарттарды түзүп берсе, өндүрүшчүлөргө жеңил болмок. Уюштуруу иши ырааттуу болсо, экологиялык жактан таза чөп менен чайдын бизнеси өнүгөрү талашсыз.

Кыргызстанда органикалык таза азыктардын соодасы акыркы эки-үч жылда жандана баштады.

"Эколайф" кыймылынын негиздөөчүсү Сейнел Каимова тоолуу аймактан чогулган дары чай же дагы башка азык-түлүктү жогорку баада сатып, пайда табыш үчүн маркетингге өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи:

Сейнел Каимова.
Сейнел Каимова.

- Албетте, ата-бабадан калган чөп-чар менен дарылануу салтын баарыбыз эле жакшы көрөбүз. Бирок илгеркидей "чоң энем чогулткан чай" деп, кир баштыкка салып ичкенден алыс болушубуз керек. Азыр базардын, сатып алуучулардын талабы башка. Баары эстетикалык жактан кооз, ошол эле мезгилде заманбап товарды алууну каалайт. Андыктан, мындай продукция жакшы сатылышы үчүн биринчи кезекте анын кутусу, таңгактоодогу өзгөчөлүктөрдү эске алган дурус. Сатып алуучулар канчалык кооз, креативдүү болгон сайын товарга кызыгат да.

Көз карандысыз эксперттердин иликтөөсүнө караганда акыркы жылдары Кыргызстандан дары чөптөрү тышка көп чыга баштады. Маселен, 2017-жылы Түштүк Корея дары чөптүн 35% сатып алган. Кытай, Орусия жана Германия кардарлардын сап башында турат.

Германия демекчи, бул өлкөдө жылына 20 миң тоннадай валерьяна чөбү сатылат. Ошол себептүү бул жакта 1 килограммы 50 сомго сатылган валерьянаны немистердин "Галенфарм", "Швабе" өңдүү компаниялары 235 сомго баалашат.

Тилекке каршы, Кыргызстанда бул бизнес жаңы гана телчигип келе жатат. 2017-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өлкөдө 20 гектар гана жерге дары чөп айдаларын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG