Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Токио-2020: Кыргызстандын курамы жана дымагы


Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.
Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кыргыз спортчулары бир алтын, эки күмүш жана эки коло медал утат деп божомолдоп турат.

Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов.

Кыргыз спортчуларынын мелдешке катыша турган убактысы. Жадыбал Бишкек убактысы менен түзүлдү.
Кыргыз спортчуларынын мелдешке катыша турган убактысы. Жадыбал Бишкек убактысы менен түзүлдү.

Азыркы учурда ок атуу боюнча мелдешка катыша турган Каныкей Кубанычбекова, фехтование боюнча Роман Петров, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов Жапонияга барышты. Желекти Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыга турганы белгилүү болду. Ал эми калган спортчулар мелдеш башталарга аз калганда гана барышат. Олимп оюндарын уюштуруп жаткан өлкөнүн талабы ушундай.

“Пандемияга байланыштуу олимпиаданы өткөрө турган Жапониянын талабы катуу болуп жатат. Спортчулар учканга жети күн калганда күнүгө ПЧР тест тапшырып, анын жыйынтыгын жиберип жатабыз. Мурда спортчулар чогуу учуп барышар эле. Пандемияга байланыштуу мелдешке бир-эки күн калганда гана кабыл алышат. Спортчу олимпиадага катышары менен кайра кетиши керек. Спортчуларыбызды эч жакка чыгарбай, эч ким менен байланыштырган жокпуз. Биз бир алтын, эки күмүш жана эки коло медал утабыз деп пландап, тарыхтын жаңыланышын күтүп жатабыз. Калганы буйруктан. Спортчулардын машыгуусу үзгүлтүккө учураган жок, витаминдери өз убагында берилип жатат. Балдардын даярдыгы жакшы”, - деди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов.

Кыргызстан эгемен тарыхында ушуну менен жетинчи жолу олимп оюндарына катышканы турат. Буга чейинки өткөн олимпиадаларга 163 спортчу барып, төрт жолу байгелүү орунга ээ болгон. Алар үч коло, бир күмүш медаль.

Руслан Түмөнбаев олимп оюндарынын коло байгесин уткан жылы 22 жашта болчу. Балбан олимпиададан кийин ири турнирлерде ийгиликтүү күрөшкөн жок.
Руслан Түмөнбаев олимп оюндарынын коло байгесин уткан жылы 22 жашта болчу. Балбан олимпиададан кийин ири турнирлерде ийгиликтүү күрөшкөн жок.

Быйыл Токиого бара турган 16 спортчунун тогузу күрөштүн үч түрү боюнча мелдешке катыша турган балбандар.

Айсулу Тыныбекова – спорттук карьерасындагы үчүнчү олимп оюндарына дүйнөнүн чемпиону, өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Айсулуу Азия чемпионатын төрт, Азия оюндарын бир, Дүйнө чемпионаты менен Дүйнө кубогун дагы бир жолудан утуп алган. Эми Олимп оюндарынын алтынын алууга Айсулууда бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Буга балбандын жашы, спорттогу тажрыйбасы дагы туура келип турат.

Спорт баяндамачы Зыярат Эсенбай Тыныбекова алтын ала турганын божомолдоп жатат.

Зыярат Эсенбай
Зыярат Эсенбай

“Биз Айсулуу Тыныбековадан алтын медал күтсөк болот. Анткени Олимп оюндарына дүйнөнүн чемпиону катары баруунун өзү артыкчылык, башкаларга сүр берет. Анын үстүнө Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалдык бөлүгүнө чыга турган балбандарды жакшы тааныйт. Алардын көбүн буга чейин жыгып жүргөн. Айсулуу лицензия утуп алган Алматы шаарындагы турнирге баштан аяк күбө болдум. Анын килемге кандай чыгып, кандай күрөшүп жатканын байкап турдум. Айсулуу Тыныбекова азыркы учурда табында деп айтсак болот”.

Айсулуу Тыныбековадан тышкары Токиого Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы бара жатат. Экөө тең буга чейин олимпиадага катышкан эмес. Жуманазарова 2021-жылы Азия чемпионатын утуп алса, Айпери Медет кызы аталган турнирдин күмүш медалын 2020-жылы багындырган.

Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Токио-2020га күрөштүн грек-рим түрү боюнча күч сынаша турган төрт, эркин күрөш менен алектенген эки балбан жолдомо алган. Кыргызстандын Олимп оюндарындагы соңку ийгилиги грек-рим күрөшүнө байланыштуу. 2008-жылы Бээжиндеги олимпиадада Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медал тагынган эле.

Азыр болсо күрөштүн бул түрү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Акжол Махмудов жана Атабек Азизбеков килемге чыгат. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев менен Айаал Лазарев бар.

Спорт жаатындагы эксперт Кубан Атабеков Токио-2020да балбандардын бактысын мындай деп сынады:

Кубан Атабеков
Кубан Атабеков

“Кыргызстанда спорттун кайсы түрү тамыр алса, ошондон эле үмүт артабыз. Өзгөчө грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөшкө ишенич арбын болуп турат. Анткени алардын дүйнөлүк рейтингдери жогору. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн эки медаль келип, чыйыр жол салынган. Ал эми эркин күрөш боюнча дүйнөдө атаандаштык болуп көрбөгөндөй жогору. Спорттун бул түрүнөн дүйнө, же олимпиада чемпиону болуу аябагандай аброй алып келет. Бул жаатта Иран, Орусия жана АКШ алдыда. Өзгөчө Орусиянын балбандары мыкты. Анын үчүнчү, төртүнчү болгон спортчулары бөлөк өлкөлөрдүн атынан күрөшүп, биздикилердин мүмкүнчүлүгүн азайтып жатышат. Мындан тышкары алтын алыш үчүн бир гана даярдык аздык кылат. Спортто жолдун болушу, бакыттын жылмаюсу деген сыяктуу көрүнүштөр бар да. Токиодогу Олимпиадада күтүлбөгөн чемпион чыгышы мүмкүн. Анткени фаворит аталган спортчу илдет жуктуруп алышын жокко чыгарбаш керек. Албетте баардык спортчулардын байге менен келишин каалайбыз”.

Курама команданын катарында дзюдо боюнча Азиянын чемпиону Владимир Золоев, сууда сүзүүдө Азиянын алтынын алган Денис Петрашов, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков бар. Петрашов Рио-2016 Жайкы Олимп оюндарына дагы катышкан. Ал эми жеңил атлетикадан Дарья Маслова марафондон, Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыктан бактысын сынаганы турат. Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова 2016-жылы Бразиялияда өткөн Олимпиадада байгелүү орундарга илинген эмес.

Спорт журналисти Максат Кудайбердиев эмне себептен Кыргызстандагы спорттун түрлөрүнө текши көңүл бурулбай жатканын түшүндүрдү:

Максат Кудайбердиев
Максат Кудайбердиев

“Биз эмнеге күрөштөн медал күтүп, сууда түзүү, жеңил атлетика сыяктуу спорттун түрүнө үмүт артпайбыз? Буга техникалык база, машыктыруучулар жана кайсы бир спорттун түрүнө болгон кызыгуу себеп. Биздин дене түзүлүшүбүз, менталитебиз күрөштүн түрлөрүнө жакын. Ошол эле учурда бала кезден баштап чуркагандар, ок атуу, же фехтованиеге баргандар аз. Демек бул жаатта атаандаштык аз. Ошол эле учурда мамлекетте “спорттун приоритеттүү түрү” деген түшүнүк бар. Мисалы, спорттун башка түрүнө караганда күрөшкө алда канча көп акча бөлүнөт. Айылдарга күрөш залы ачылат. Дарья Маслова жеңишке жетишкенден кийин жеңил атлеткага акча бөлүнө баштады. Ал эми спорттун башка түрлөрү боюнча эл аралык атаандаштыкты тарта албайбыз”.

Кыргызстандын атынан Токио-2020га 9 спорттун түрүнөн 16 спортчу бара жатат.
Кыргызстандын атынан Токио-2020га 9 спорттун түрүнөн 16 спортчу бара жатат.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы Олимп оюндарынан алгачкы медалды Айдын Смагулов алып келген. Ал дзюдо боюнча Казакстандын курама командасына кирбей калгандан кийин, жарандыгын алмаштырууну туура көрүп, Кыргызстандын атынан күрөшө баштаган. 2000-жылы Сиднейдеги Олимп оюндарынан коло байгени жеңип алган. 2008-жылы Бээжинде Канатбек Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло байге алган. Ушул эле турнирде балбан Базар Базаргуруев бешинчи болуп калган. Бирок Олипиадалык комитет 2017-жылы Василий Федоришиндин кызытма колдонгонун аныктап, коло байге Базаргуруевге ыйгарылган.

Азырынча эгемендүү Кыргызстандан Олимпиаданын алтынын уткан спортчу чыга элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG