Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Эмдөөдөн кийин кыйналган наристелер


Вакцинация. Иллюстрациялык сүрөт.
Вакцинация. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайлардын оорусу кабылдап кеткен учурлар катталды.

Бишкектик Камила Судольская ​кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин ымыркайынын колтугундагы без чоңоюп кеткенин социалдык тармакка жазып чыккан. "Азаттык" аны менен байланышканда буларды айтып берди:

- Мен шаардагы 5-төрөт үйүндө көз жаргам. Баламды эртеси күнү эле эмдешти. Бизден жазуу түрүндө макулдук алышкан эмес. Вакцина сайгандан кийин гана бир кагазга кол койдурушкан. "Кургак учукка каршы эмдеп жатабыз" деп айтышкан. Аллергиясы барбы же жокпу, анысын эч ким текшерген эмес. Вакцинадан кийин баланын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кетти. Ага эч ким көңүл бурган жок, сурап да коюшпады.

Ымыркайдын колтук бездери шишип, кабылдап кеткенден кийин энеси дарыгерлерге, андан кийин Бишкектеги кургак учук диспансерине кайрылууга мажбур болгон. Ал жактан күчтүү дары жазып беришип, андан баланын ичеги-карды жабыркаган.

"Үч эмдин бирөө жок..."

Токмок шаарынын тургуну Татьяна Новикова быйыл июль айында Эне-баланы коргоо борборунда үч эмди кесарево ыкмасы менен төрөгөн. Анын айтымында, наркоздон ойгоно албай жаткан кезде дарыгерлер Татьянанын уруксаты менен үч эмге вакцина сайган.

Эмдөөдөн кийин бир кызынын дене табы көтөрүлүп, чарчап калган. Дагы бир кызынын колтук бези шишип, учурда кыйналып жатышкан экен.

- Эки улуу балам эмдөөнү өз убагында алышкан. Ушундан улам апам дарыгерлерге макулдук бериптир. Эмнеге менин өзүмдөн сурашпайт? Эмнеге өлкө боюнча эмдегенден кийин балдардын жарааты кабылдап жатса, булар араңжан төрөлгөн үч эмге дароо вакцина сайышат? Эртеси күнү мага үч баламдын экөөнү эле беришти. Бирөөнү "иммунитети алсыз, болгон ооруларды жуктуруп алат" деп, реанимацияга жаткырышты. Эмнеге балдар алсыз болсо, ай-күнүмө жетпей 34 жумалык кылып төрөсөм, кичине күтө турушкан жок? Ушул суроо мени кыйнай берет. Эми тирүү кызымдын колтугунун алдындагы без чочуп, кыйналып жатабыз. Кудайга шүгүр, уулум эч нерсе болгон жок.

33 ымыркай расмий катталды

Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 2018-жылы вакцинадан кийин бездери шишип кеткен 33 ымыркайдын энеси расмий каттоого алынганын айтып берди:

Гүлбара Ишенапысова.
Гүлбара Ишенапысова.

- Негизи кургак учукка каршы вакцина же БЦЖ ымыркай төрөлөрү менен сайылат. Жаңы төрөлгөн балдар кургак учук менингити деген ооруга көп чалдыгат. Ошонун алдын алыш үчүн дароо сайылышы керек. Аны бала өз учурунда албай калса, бир айдын ичинде сайылышы кажет. БЦЖны баары эле "Түркияныкы экен, ошон үчүн тескери реакция берди" деп айтып, жазып жатышат. Бирок бизге вакцина Жапониядан келет. Албетте, мунун балага терс жактары да болушу мүмкүн. Муну биз эне- атага дайыма эскертип айтабыз. Ийне сайган жерде так калып жатпайбы, ошол так биринчи ыйлаакча болуп, беш, кээде тогуз айга чейин карттанып, анан айыгышы керек. Кээде колтугунун алдындагы без шишип кетиши мүмкүн. 2018-жылы БЦЖдан кийин без чочуган 33 учур расмий каттоого алынды. Салыштырмалуу былтыр да ушул сандагы балдар эмдөөдөн кийин бези шишип бизге катталган болчу. Алардын дарылануусун бир нече адис чогулуп, кеңешип анан чечишет.

Ишенапысова ошондой эле эмделгенден кийин бези чочуган энелерге Республикалык иммунология борборунун адистери жардам берүүгө даяр экен да кошумчалап, аларга кайрылуусун өтүндү.

Арызданган энелер арбын

Макала даярдалып жатканда БЦЖ алгандан кийин баласы кыйналганын айтып, арызданган энелер көп болду. Алардын бири Элеоноранын баласы эмдөөдөн кийин бир нече ай дарыланган.

- Балам үч айлык болуп калганда колтугу шишиди. Дароо эле ооруканага алып бардык. Ал жерден ультраүндүк жабдуу менен текшерип, кургак учукка каршы эмдөөдөн кийин кабылдап кеткенин аныкташты. "Эмдөөдөн кийин ушундай реакция жүрүп жатат" дешип Улуттук фтизиатрия борборуна жиберишти. Ал жакка каттоого туруп, дарылоо курсун алдык. Кургак учуктун дарыларын ичти. Колтугундагы шишикке май дары жазып беришти. Беш айга толгуча дары ичирдик. Колтугундагы шишик чоңоюп, ириңдеп кеткенде операция жолу менен алышты. Жалпысы алты ай дарыландык.

"Бизде кургак учук көп"

Улуттук эне-баланы коргоо борборунун башкы неанатологу Сагынбү Абдувалиева өнүккөн, кургак учук дээрлик жок өлкөлөрдө эле БЦЖдан баш тартышпаса, Кыргызстанда төрөлгөн ар бир бала дароо эмделүүгө тийиш экенин эскертти:

- БЦЖдан кабылдап кетиши мүмкүн эмес, бирок эмделгендердин 0,1 пайызында ушундай реакция байкалат. Баланын бези чочушу мүмкүн. Мындай шартта кургак учукту дарылаган дарыгерге кайрылыш керек. Бизде БЦЖдан баш тартууга болбойт. Себеби, бизде кургак учук дарты күндөн күнгө жайылууда. Балага вакцина сайылгандан кийин иммунитетинде ооруга туруктуулук пайда болот.

Кыргызстандын улуттук эмдөө календарына ылайык кургак учукка каршы вакцина ымыркай төрөлгөндүн эртеси күнү сайылышы керек.

2018-жылы 150 миңден ашуун төрөт катталган. Буга чейин өлкөдө диний көз караштардан улам эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүп, 2015-жылы кызылча оорусу күчөгөндөн кийин жапырт эмдөөгө өтүшкөн. Бирок кургак учуктун вакцинасына каршы чыккандар катталган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG