Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Түркиядагы төңкөрүш аракетине он жыл: 100 миңден көп киши соттолду, Эрдогандын бийлиги бекемделди

Мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Таксим аянтында түрк аскеринин жанында тургандар. Түркия, Стамбул, 2016-жылдын 16-июлу.
Мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Таксим аянтында түрк аскеринин жанында тургандар. Түркия, Стамбул, 2016-жылдын 16-июлу.

Түркияда туура он жыл мурдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин 100 миңден ашуун киши соттолуп, миллиондой киши суракка тартылган. Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги кыйла бекемделди.

2016-жылдын 15-июлунда Түркиянын тарыхындагы эң кооптуу түндөрдүн бири болгон. Аскерлер Стамбулдагы көпүрөлөрдү жаап, танктар көчөлөргө чыккан. Согуштук учактар Анкаранын үстүнөн учуп, парламенттин имараты бомбаланган.

Окуя президент Режеп Тайып Эрдоган Мармаристе эс алып жүргөн маалда башталган. Ал журналист Ханде Фыраттын телефону аркылуу FaceTime менен түз эфирге чыгып, элди көчөгө чыгып, төңкөрүш аракетине каршы турууга чакырган.

"Азыр болуп жаткан окуя - бул мекенге чыккынчылык, көтөрүлүш. Алар өлкөгө карата бул аракеттери үчүн оор жазага тартылышат", — деген Эрдоган.

Президенттин кайрылуусунан кийин миңдеген адамдар көчөлөргө чыгышкан. Төңкөрүш аракети ишке ашпай, таңга жуук басылган.

Расмий маалыматтар боюнча, ошол түнү 250дөн ашуун адам каза болуп, 2700дөн ашуун киши жараат алган. Набыт болгондордун арасында жайкын тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери болгон.

Азыр Стамбулдагы Босфор көпүрөсү 15-июлдагы шейиттер көпүрөсү деп аталат. Анын жанында төңкөрүш окуяларын чагылдырган атайын музей иштейт. Анда танк тебелеп кеткен автоунаа, каза болгондордун жеке буюмдары жана Эрдоган түз эфирге чыкканда колдонулган телефон коюлган.

Гүлен кыймылына коюлган айып

Түркия бийлиги төңкөрүш аракетин ошол кезде АКШда жашап турган, 2024-жылы октябрда 83 жашында көзү өткөн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурганын билдирген. Анкара бул кыймылды FETÖ (ФЕТО) деп атап, террордук уюм катары тааныйт.

Гүлен анын кыймылы төңкөрүш аракетине жана террордук ишмердикке тиешеси бар деген кинени өмүрүнүн акырына чейин четке кагып келди. Диниятчы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деген пикирин да айткан.

Төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, кеңири масштабдагы "тазалоо" өнөктүгү башталган. Жүз миңдеген мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынып, аскерлер, судьялар, прокурорлор, мугалимдер жана полиция кызматкерлери кармалган.

Түркиянын юстиция министри Акын Гүрлектин соңку маалыматына ылайык, акыркы он жыл ичинде Гүлен кыймылы менен байланышы бар деген шек менен 720 миңден ашуун адамга карата кылмыш иши козголгон.

Алардын 127 миңден ашууну соттолгон. Дагы 83 миңден ашуун адамга байланыштуу тергөө же сот процесси уланууда.

Төңкөрүш аракетине байланышкан 289 сот ишинин жыйынтыгында 4891 адам күнөөлүү деп табылган. Алардын 1634ү өмүр бою эркинен ажыратылып, 1366 адам өмүр бою абакка кесилген.

Учурда төңкөрүш аракетине катышкан же Гүлен кыймылынын мүчөсү болгон деген айып менен 10 миңден ашуун адам Түркиянын түрмөлөрүндө кармалып турат.

Бийликтин Гүлен кыймылына каршы операциялары азыр да токтой элек.

Расмий маалыматка ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында эле 1065 операция жүргүзүлүп, 2451 адам кармалган.

Оппозиция: "Түркия бир адамдын режимине айланды"

Түркиядагы негизги оппозициялык күч Республикалык элдик партиянын өкүлдөрү төңкөрүш аракетинен кийинки чаралар саясий атаандаштарды басуунун куралына айланганын айтып келишет.

Партиянын мурдагы лидери Өзгүр Өзел Түркияда шайлоонун жана демократиялык институттардын мааниси жоголуп баратканын билдирген.

"Түркияда демократия болуп көрбөгөндөй кыйратылып жатат. Өлкө заманбап демократиялык республика болбой калды. Биз буга каршы күрөшүп жатабыз жана күрөшүбүздү акыр-аягына чейин улантабыз", — деди Өзел.

Бийлик мындай дооматтарды четке кагып, камоолор менен сот чечимдери мыйзамдын негизинде кабыл алынып жатканын билдирет. Анкара терроризмге каршы чаралар өлкөнүн коопсуздугун сактоо үчүн зарыл деп эсептейт.

Ошол эле учурда Европа Кеңеши, Европа парламенти, Amnesty International жана Human Rights Watch сыяктуу уюмдар Түркияда мыйзам үстөмдүгү, сот бийлигинин көз карандысыздыгы жана сөз эркиндиги начарлаганын бир нече жолу белгилешкен.

Адам укуктары боюнча Европа соту Гүлен кыймылы менен байланышы бар деп соттолгон айрым адамдардын укуктары бузулган деген чечимдерди чыгарган.

Сот айрым учурларда ByLock тиркемесин колдонуу же кыймылга тиешелүү мекемеде иштөө адамды террордук уюмдун мүчөсү деп табууга жетиштүү далил боло албай турганын билдирген.

Түркиянын Башкы прокуратурасы "ФЕТОнун тарапташтары маалымат алмашуу үчүн иштеп чыккан Bylock программасынын тиркемесин 215 миңден ашуун киши колдонгон" деп маалымдаган.

Куугунтук чет өлкөлөргө чейин жетти

Укук коргоочулар Түркиянын куугунтугу өлкөнүн ичинде гана эмес, чет мамлекеттерде да жүргүзүлгөнүн белгилешет.

Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму 2025-жылга чейин Гүлен кыймылы менен байланышы бар деген адамдарды өлкөгө күч менен кайтаруу боюнча 128 операция жүргүзгөнүн билдирген.

Мындай операциялар Косово, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө уюштурулган. Айрым адамдар расмий экстрадиция процедурасы жок эле Түркияга жеткирилген.

Эң чуулуу окуялардын бири Кыргызстанда 2021-жылы болгон.

"Сапат" билим берүү мекемелеринин ошол кездеги президенти Орхан Инанды Бишкекте дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму өлкөгө алып келгенин жарыялаган.

Инанды кийин Түркияда террордук уюмга мүчө болгон деген айып менен 21 жылга эркинен ажыратылган. Анын тарапташтары жана эл аралык укук коргоо уюмдары муну ишти мыйзамсыз өткөрүп берүү катары баалап келишет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары мындай учурларда мыйзамсыз кармоо, кыйноо жана күч менен өткөрүп берүү фактылары болгонун билдиришкен.

2025-жылдын апрель айында кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) уюмуна байланышы бар деген негизде кармалып, былтыр декабрь айында Кыргызстанга кайтып келген. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин анын Кыргызстанга чыгып кетишине уруксат берилген.

Азыр Эрмек Сабыржанов аттуу дагы бир кыргыз жараны Гүлендин кыймылына байланышы бар деген шек менен Түркиянын абагында кармалып турат. 34 жаштагы Сабыржанов Түркиянын Анкара шаарында 22-майда кармалып, суракка алынган, 23-майда камалган. Ал Бишкек – Анкара – Түндүк Кипр аба каттамы аркылуу жубайы жана үч баласы менен кетип баратканда Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан укук коргоо кызматкерлери кармаган. Жубайы Аделина Касымова “Азаттыкка” алар үй-бүлөсү менен Түндүк Кипрге эс алганы баратканын билдирген.

Ошентип, 2016-жылдагы төңкөрүш аракети бир түндө басылганы менен, анын саясий жана коомдук кесепеттери он жылдан кийин да уланып жатат.

Анкара үчүн 15-июль — мамлекетти жана шайланган бийликти коргогон элдин жеңишинин символу.

Оппозиция жана укук коргоочулар үчүн болсо бул окуядан кийин башталган куугунтук, сот системасынын саясатташуусу жана жарандык эркиндиктердин чектелиши негизги маселе бойдон калууда.

Ишке ашпай калган төңкөрүш аракети Түркиянын тарыхындагы бир күндүк окуя гана эмес, өлкөнүн кийинки он жылдагы саясий багытын аныктаган бурулуш учурга айланды.


  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG