Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Москва Түркиядан барган кыргыз мигранттарын киргизген жок


Анталиядан Москвага учуп барган кыргыз жарандары "кара тизмеде" экенсиңер деген себеп менен Орусияга киргизилбей, кайра артка жиберилген.

Домодедово aэропортунун депортация бөлүмүндө бир канча күн кармалган кыргызстандыктар кайра Түркияга жөнөтүлүп жатат. Мындай кысымга мурда Орусиянын чек арасынан өтпөгөн мекендештерибиз да кабылды.

Эрлан Нурбеков Бишкектеги университеттердин биринде акыркы курста окуйт. Жайында иш издеп, Анталия шаарына келген. Айлыгы аз болгону үчүн 28-июнда Москвага учкан. Бирок Орусиянын бажы кызматы аны өлкөгө киргизген эмес.

- Биз бажыда декларация толтуруп жатсак документибизди текшеребиз деп өзүнчө бөлмөгө алып кирип кетип, күттүрүп коюшту. Түркияда эмне кылганыбызды сураганда, иштеп келгенибизди айттык. Ал жерден досум экөөбүздү тең Орусияга киргизген жок. Себеби Орусия Федерациясынын аймагына себепсиз эле келипсиңер дешти. Төрт күн бир бөлмөдө ар улуттагылар менен жашадык. Биз билет алып учкандыктан, авиакомпания бизди кайра жибергенге милдеттүү экен, ошондуктан кайра Анталияга жөнөтүштү.

Бул Эрландын Москвага биринчи сапары эле. Буга чейин Дубайда иштеген мекендешибиз Москванын аэропортунда өзүнө окшоп "кара тизмеге" түшүп калган кыргызстандыктарды кездештиргенин айтып отурду.

- Биз отурсак дагы төрт-беш эже, байкелер келишти. Алар дагы Анкара, Стамбулдан келишиптир. Эч нерсе деп сурабай эле, жүргүнчүлөрдүн зонасына киргизип салышты. Ал жакта депортация болгон ар улуттагы адамдар бар экен.

Москванын Домодедово аэропортунда жүргүнчүлөрдү артка кайтаруу Түркиядан келген кыргызстандыктарга гана тийиштүү көрүнүш эмес. Маектешим Эрлан төрт күн аэропортто кармалып турганда башка жактардан учуп келген кыргызстандыктар да Орусияга кире албай калганына күбө болгон.

- Бизден кийин эле Франциядан келген бир жигитти өткөрбөй коюшту. Тажик, өзбек, кыргыз, армяндар болуп 40тай киши бир бөлмөдө жашадык. 10 саатта эптеп тамак берет экен.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кыргызстандыктар туш болгон мындай жагдайды Орусиянын коопсуздук чаралары катары түшүндүрдү.

- Бул көрүнүш жалаң эле кыргыз жарандарына тийиштүү эмес. Негизи эле Түркиядан, Чыгыш өлкөлөрүнөн келген турист, конокторду Орусия тыкыр текшерип жатат.

Анталиядагы Кыргыз коомунун жетекчиси Талант Курманалиев Түркия менен Орусиянын ортосунда жүргөн мигранттар тууралуу буларды айтты:

- Түркияда жыргал деп келип алышат, анан бул жактагы аз айлыкты, көп жумушту көрүп алып, кайра Орусияга качышат. 300-350 долларга эптеп жумуш табышат. Ал эч нерсеге жетпейт. Бирок мындай кайра келүүлөр жакында эле башталды. Мурда жок болчу.

2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага кирген жарандарга белгилүү бир мөөнөткө чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Москва Анталиядан келген кыргызстандыктарга чек койууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG