Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Евробиримдик Анкараны айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия менен Грекиянын чек арасында Европаны эңсеген миңдеген качкын топтолуп турат.

Мындай жагдайдан улам 4-мартта Брюсселде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери чукул жыйынга чогулду.

Анда аталган уюм Анкараны "миграциялык чыңалууну саясий максатта колдонуп жатат" деп айыптады жана 2016-жылдагы келишимдин шарттарын аткарууга чакырды.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Европаны көксөгөн качкындардын жолун тоспой турганын эскерткен.

Түрк-грек чек арасында арып-ачкан миңдеген качкын мындан аркы тагдыры кандай болорун билбей турушат. Алардын көбүнүн чиедей балдары бар жана алардын көбү тумоолоп жатат:

"Мен бул жерде көп күндөн бери турам. Биздин бала-чакабыз көп. Беш балабыз бар. Алардын баары ооруп жатат", - деди сириялык качкын.

Дагы бир качкын эми мындан ары кайда барарын билбей турганын айтты:

"Биз Түркия чек арасын ачты деп уккандан кийин андан ары автобус менен Германияга же дагы башка өлкөлөргө бара алабыз го дегенбиз. Бирок биз Түркия менен Грекиянын чек арасы ачылбаганын билген эмеспиз. Ошондуктан биз өзүбүз менен кошо жетиштүү буюм-тайымдарыбызды деле алган эмеспиз".

Качкындар Европаны көздөй өткөн жекшембиден тарта агыла баштаган. Грек полициясы чек арадан өтүүгө аракет кылгандарды жаш агызчу газ атып жолун тоскон.

Брюсселде 4-мартта Еврошаркеттин ички иштер министрлери чукул жыйынга чогулду. Ошол маалда качкындарга жаны ачыган, боору ооруган жарандык активисттер митингге чыкты. Алар Европа Биримдигинин жетекчилерин арып-ачкандарга кол сунууга чакырышты:

"Биз баарына эшигин ачкан Европаны көргүбүз келет. Биз ушул тушта Европанын босогосунда сагалап турган адамдардын аман-эсен өтүп келишин көргүбүз келет. Биз Европа Биримдиги мигранттарды криминалдаштырганын токтотушун, аларга жардам беришин каалайбыз. Жер ортолук деңизиндеги болуп жаткан көрүнүштөр зээнди кейитет", -, деди Сара аттуу жарандык активист.

Брюсселдеги жыйында Еврошаркеттин жетекчилери соңку жагдайга байланыштуу Анкараны айыпташты. Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер уюм жагдайдан чыгуу жолдорун издеп жатканын айтты:

"Биз бул жерге Грекия менен Түркиянын, Европа Биримдигинин тышкы чек арасын коргоо жана бул аймактагы жагдайды жөнгө салуу маселелеринен улам чогулдук. Бул кырдаалды жөнгө салгандан кийин балдардын жана жаштардын маселесин талкуулаганга да убактыбыз болот".

Мындан төрт жыл мурда Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунаса тапкан. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарга өз аймагында убактылуу башпаанек берип, Батышка өткөрбөй турууга убада берген. Евробиримдик бул үчүн каржылык жардам бермек. Бирок түрк президенти Батышты «убадасын аткарган жок» деп айыптап келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG