Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Адам укуктары: Түркиядагы мигрант кыз-келиндер өз укуктарын биргелешип коргоо жолун издөөдө


Анталияга эмгек келишиминин негизинде барган 25 кыргызстандык ишсиз калды. 28.6.2017.
Анталияга эмгек келишиминин негизинде барган 25 кыргызстандык ишсиз калды. 28.6.2017.

Түркияда иштеп жаткан журтташтарыбыздын, асыресе тейлөө кызматтарында иштеген кыз-келиндердин укуктарын коргоо көйгөйлөрү арбын. Мина Өмүрзак айым жана башкалар бул көйгөйдү чечүүгө көмөкчү болуу үчүн "Датка" асылзат аялдар коомдук демилге тобун түзүштү.

Түркиянын Эмгек министрлигинин статистикасы боюнча, былтыр 3 612 кыргызстандык мигрант эмгек визасын алган. Бирок Түркияда мыйзамсыз иштеген журтташтарыбыз жүздөп саналат. Алардын арасында көбүнесе тейлөө кызматтарында, үй жумуштарында иштеген кыз-келиндер басымдуулук кылат.

эмгек визасыз негизинен үй кызматтарында иштеген кыз-келиндердин укуктары тепселип, андан тышкары психологиялык жактан жапа тартып келишет.

Стамбулдагы мигрант кыз-келиндер ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө огожо болуу максатында "Датка" долбоорун түзүп, чет жердеги мигрант аялдарга интернеттеги коомдук тармактар жана башка иш-чаралар аркылуу көмөк көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

51 жаштагы Гүлбарчын эже (аты өзгөртүлгөн) Стамбулга жаңы эле келди. Ал эки ай мурун Бишкектен "Түркияга ишке жиберебиз" деген агенттиктер аркылуу келип, Түркиянын Мерсин деген шаарында жумушка кирет.

Ал жерде Гүлбарчын эже карыя абышка-кемпирге каралашкан. Бирок айлыгын алалбай түйшүккө түшкөн.

Гүлбарчын эже бир жарым айдын ичинде көргөн кордугун айтып отурду.

- Мен эми эле келдим. Бир ай 20 күн Мерсинде турдум. Барганда эки күн тамак иче албай жүрдүм. Башым айланып, жыгылып калайын дедим. Укмуш иштетишет. Акча сурасаң "жок" дешет. Эки киши багып, бирок акчамды ала албай, Стамбулга келгениме азыр эки сааттай болду.

Гүлбарчын эже Мерсинден Стамбулга 16 саатта автобус менен келип, аны өзүнө окшогон мигрант кыз-келиндер тосуп алышты.

Алардын бири Мина Өмүрзак социалдык тармактарда "Датка" делген долбоорду түзүү идеясын көтөрүп чыгып, аз убакытта өзүнө окшогон чет жердеги мигранттарды баракчасына кошкон.

Анын учурда көксөгөн максаты - Түркиядагы укугу тебеленген, кор болгон аял мекендештерине колдоо көрсөтүү экен.

Мина Өмүрзак, Түркиядагы "Датка" асылзат аялдар коомдук тобунун демилгечиси.
Мина Өмүрзак, Түркиядагы "Датка" асылзат аялдар коомдук тобунун демилгечиси.

- Көбүнчө Кыргызстанда сыртта жүргөн кыздар тууралуу жаман ойлошот. Түркияга келгенде кыздардын баары бузулуп, жаман жолго түшүп кетишкен дешет.

Негизи бул жакта кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү үй жумуштарында иштегендиктен, ар түркүн маселелер чыгат. Кээде айлыктарын ала албай калышат.

Жумушка келип, алданып калгандар кездешип жатат.

Журтташтардын айтымында, негизинен Түркияда Кыргызстандан келген кыз-келин мигранттарга жумуш табуу оңой. Бирок алардын кыйласы эмгек визасы менен иштебегендиктен, мындай кырдаалда алардын көбүнүн укугу тебеленип, бөөдө кор болушат.

Маектешим Мина Өмүрзак өзү дагы өмүрлүк жолдошу менен Стамбулда мейманканада иштешет. Интернеттеги социалдык тармактарда кыргыз аялдарынын азап-муңдарын жана көйгөйлөрүн ачыктап жазып, тез эле тилектештерден топ түзүп алган.

Минанын негизги максаты - Түркиядагы мигрант аялдардын бул өлкөдөгү жашоо-тиричилик шарттарын үйрөнүү аркылуу коомдо өз ордун татыктуу табуусуна өбөлгө болуу дейт.

- Түрк улутунун маданияты менен тааныштыруу - эң негизги максатыбыз. Бири-бирибизге жардам берип, жок дегенде жумада бир күн музей, көргөзмө, киного барып эс алсак жакшы болот го деген ойдомун. Андан тышкары кыргыз кыздардын өнүгүүсү үчүн психологдор, атайын адистер менен тренингдерди өткөрсөкбү дейм. Иштеп эле тим болбостон, бош күндөрүндө "кантип акча тапса болот, ишкерликтин түрлөрү" деген темаларда сүйлөшөлү деп пландап жатабыз.

Мен 32 жашта болсом да билим алууга дагы деле убакыт бар экенине ынандым.

Маегибизге эки жылдан бери Стамбулда бала багып иштеген Гүлзад кошулуп калды.

Ал Кыргызстанда эки баласын таштап, Стамбулга иш издеп келген. Гүлзад өзү иштеген түрк үй-бүлөдөн көп жакшы нерселерди үйрөнгөнүнө токтолду.

- Мен Кыргызстанда кадимкидей эле айылдык келин болчумун. Мен Түркияга иштегени келгенде жашоом башка нукка бурулду. Өзүм мына 32 жашта болсом да, билим алууга дагы деле убакыт бар экенине ынандым. Албетте, бул жактын менталитети, жашоосу башка. Мен түрктөрдөн көп нерсени үйрөндүм. Акча кантип табылат, сарамжалдуулук деген сыяктуу жакшы нерселерди үйрөндүм. Өзүмдүн адамдык өнүгүүм үчүн чоң бурулуш болду десем болот.

"Датка" коомдук демилге тобунун кабары Түркиядагы мигрант кыз-келиндердин арасында кеңири тарап, өздөрүнүн арыз-муңдарын, маселелерин, жаңылыктарын жана саамалыктарын ошол топтун интернеттик керегесинде бөлүшүп турушат экен.

Демилгечилер алдыдагы айларда бул өлкөдөгү мигрант айымдар үчүн тренингдерди өткөрүү, тажрыйбалуу адвокат менен иш алып баруу сыяктуу иш-аракет планын жүзөгө ашыруу ниетинде.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG