Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Крым: "хизбутчу" деп айыпталган татарлар


Крым, 12-октябрь, 2016-жыл
Крым, 12-октябрь, 2016-жыл

Крымда татарларынын үйүн тинтүүдөн кийин беш киши кармалды. Орусия аннексиялап алган жарым аралдын жашоочулары терроризмге айыпталууда. Кармалгандардын адвокаты буга орус бийлигинин татарларды ийге келтирүү аракети деп баа берди.

12-октябрда РИА Новости агенттиги Крымдагы Федералдык коопсуздук кызматына жана Ички иштер министрлигине таянып, Крымда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

“Крымда диний террористтик “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалды. Тинтүү беш мусулмандын үйүндө жүргүзүлдү” деп билдирди орусиялык маалымат агенттиги.

Крымдагы Страгонкага келген укук органдары. 12-октябрь, 2016-жыл
Крымдагы Страгонкага келген укук органдары. 12-октябрь, 2016-жыл

Крымдык саясат таануучу Элеонора Дюльбер Фейсбуктагы баракчасына ФСБ кайсы үйлөргө тинтүү жүргүзгөнүн жазды. “Каменкадан 32 жаштагы Рустем Исмаиловду, Строгоновкадан 42 жаштагы Узаир жана Теймур Абдуллаевдерди, Эмил Жемадиновду, Айдер Салединовду кармашты”,- деп билдирди Дюльбер.

Кармалгандардын бири Рустем Исмаиловдун жубайы Фатима Исмаилова “күтүүсүз коноктор” тууралуу буларды айтты:

- Бүгүн саат алтыда биздин үйгө беткап кийиген, куралчан адамдар кирип келди. Уктап жатканбыз. Жаныбызда балдар да бар эле. Кийингенге жетишпей калдык. Күйөөмдү жерге жыгып, колуна кишен салышты. Өздөрүн тааныштырган жок. Укугубузду да түшүндүрбөдү. Бизге “үнүңөрдү чыгарбагыла, тинтүү жүргүзөбүз” деп гана айтышты.

Крым татарларын куугунтукка алуу токтой элек

Крым татарларын куугунтукка алуу токтой элек

Кармалгандардын баарына “террористтик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштурган жана ага катышкан” деген айып коюлган. Текшерүүдөн кийин аларды ФСБга алып кетишкен.

Кармалгандардын бири Эмил Жемадиновдун адвокаты Эдем Семедляев тинтүү мыйзамсыз болгонун, эл аралык коомчулукка кайрылышарын билдирди:

- Кармалгандарды ФСБга жеткирип, протокол түзүштү. Менин түшүнгөнүмчө 13-октябрда алардын баш коргоо чарасын карашат. Бул ишти иликтеген тергөө тобу 16 кишиден турат, демек, күч түзүмдөрүнүн көздөгөнү олуттуу. Биз, адвокаттар, албетте колдон келгенин кылабыз. Адам укугун коргогон Европа сотуна кайрылабыз. Жергиликтүү сотторго ишеним аз.

- Бүгүн саат алтыда биздин үйгө беткап кийиген, куралчан адамдар кирип келди. Уктап жатканбыз. Жаныбызда балдар да бар эле. Кийингенге жетишпей калдык.

Ал эми байкоочулар бул камоо жарым аралды байырлаган крым татарларынын үшүн алуу максатында жүргүзүлдү деп эсептешет.

“Мемориал” борборунун борбор азиялык программасынын жетекчиси Виталий Пономарев Орусияда мусулмандарды куугунтуктоо адатка айланууда дейт:

- Аннексияланган Крымда мусулмандарга каршы репрессиянын масштабы Чеченстан, Дагестан, Башкыртстан, Татарстан, Урал, Поволжьяга караганда азыраак. “Хизб ут-Тахрирге” тиешеси жок эле уюмдар кысымга кабылышы мүмкүн. “Севастополдук төртилтиктин” ишин карагыла, өздөрүн экспертпиз деп атагандар сотто ай календарын же “даават” деген сөздү колдонгон мусулман “Хизб ут-Тахрирдин" кишиси деп жатат. Мындай “уникалдуу” соттук система менен ар бир адамды, эксперттер туура эмес деп тапкан сөздү айтканы үчүн эле камап коюшары айдан ачык. Жашыруун күбөлөрдү табышса, жаңы мыйзам боюнча өмүр бою жаза мөөнөтүн бериши мүмкүн.

Ал эми орусиялык публицист Максим Шевченконун айтымында, мусулмандарды атайын максатта кармаган орган кызматкерлери да бар:

- Орусияда мусулман эместер бизге саясий система жакпасын, аны өзгөртүү керектигин коркпой, ачык айта алабыз. Эгер ушул сөздү мусулмандар айтса, автомат менен желкеге уруп, түрмөгө айдашат. Мен айрым күч кызматкерлери мусулмандарды погондогу жылдыз үчүн куугунтукташат деп ойлойм.

Максим Шевченко.
Максим Шевченко.

Фейсбук колдонуучусу Шевкет Нематуллаев тинтүү “жакында эле ажыдан келгендердин” үйүндө болгонун жазды. Ал кармалгандардын биринин энесинин абалы ОМОН кызматкерлери үйгө киргизбей койгондон кийин начарлаганын кошумчалады.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крымдын жашоочуларына басым күчөгөнүнө тынчысыздануусун билдирди. Аталган мекеменин өкүлү Марьяна Бец Твиттерге «Крым татарларын куугунтуктоо – баскынчынын максаттуу саясаты» деп жазды. Ал ошондой эле Орусиядан адам укугун бузууну токтотууну талап кылды.

Крымды аннексиялап алгандан кийин көз карандысыз журналисттерге, крым-татар активисттерине жана Межлистин мүчөлөрүнө куугунтук күчөгөн.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG