Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Гаага соту Орусияны доодон арачалады


БУУнун эл аралык сотунун судьялары
БУУнун эл аралык сотунун судьялары

Гаага соту Украинанын Орусия боюнча доосун четке какты. Киев Донбасстагы жикчилдерди Орусиянын колдоого алуусуна тыюу салууну өтүнгөн. Сот чечими чыгардын алдында украин президенти Петро Порошенко Батышты санкцияларын дагы күчөтүүгө чакырды.

Украин өкмөтү чыгышындагы аймактарды ээлеп, өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" атап алган жикчилдер менен 2014-жылдан бери согушуп келет. Ал кагылыштарда өлгөндөр он миңге чамалады.

Киев жикчилдерге Орусия каржылык, аскердик жана башка жардам көрсөтүп келет, бул террорчуларды колдоо деп эсептейт. Ушуга байланыштуу Орусиянын жикчилдерди колдоосун чектөөнү өтүнүп БУУнун сотуна кайрылган.

19-апрелде Гаагадагы Эл аралык сот чечимин чыгарып, Донбасстагы жикчилдерге байланыштуу Орусияга чара көрүүдөн баш тартты.

Крым татарларын куугунтукка алуу токтой элек

Крым татарларын куугунтукка алуу токтой элек

Украина аннексияланган Крымдагы украиндер менен крым-татарларынын укугун коргоону да өтүнгөн. Бул маселени сот "расалык дискриминация" деп атап, Орусиядан аны токтотууну талап кылды.

- Сот төмөнкүлөрдү билдирет: Крымдагы жагдайга байланыштуу - Орусия Федерациясы Эл аралык конвенциялардагы расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча милдеттемелерине ылайык, крым-татар коомчулугунун өзүнө таандык мекемелерин, анын ичинде Межлисин сактоо мүмкүнчүлүгүн чектебеши керек. Орусия украин тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашы абзел, - деп өкүмдү окуду соттун катчысы Филипп Кувреур.

Кремл мурда Украинанын айыптоолорун четке кагып, ал доолорду Эл аралык соттун караганга укугу жок деп келген эле. Азырынча Эл аралык соттун бүтүмүнө жооп кайтара элек.

Петро Порошенко
Петро Порошенко

Гаага сотунун чечими чыгар алдында азыр Британияда жүргөн Украина президенти Петро Порошенко Орусияга каршы чараларды дагы күчөтүүгө чакырды:

- Биз күчтүү жана биримдиктүү болушубуз керек. Бул биздин агрессияга каршы дарыбыздын жеңишчил формуласы. Украинадагы реформа үчүн силердин бекем колдооңор керек. Орусия менин өлкөмдү дестабилдештирүүгө далалаттанып жатканда жана согуш убагында өзгөрүүнү жүзөгө ашыруу оңой эмес. Ошентсе да биз алдыга жылып атабыз. Орусияга каршы санкциялар бекем бойдон кала бериши керек. Санкциялар эч нерсе бербейт дегендерге ишенбегиле. Ал калп. Бул Орусияны сүйлөшүү үстөлүндө кармап туруунун жалгыз механизми, - деген Порошенко эгер санкциялар салынбаганда "жоругу үчүн жоопко тартылбасын сезген Орусиянын танктары Европаны көздөй дагы ичкери кирмек" деген оюн айтууда.

АКШ жана Евробиримдик 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерди колдой баштагандан бери Орусияга экономикалык санкцияларды салган.

Европа аны жарым жыл сайын узартып келет. Акыркысы быйыл июлдун аягына чейин күчүндө болору расмий айтылган.

АКШнын президенттик администрациясы да Крым кайтарылмайын санкциялар алынбасын ырастап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG