Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

АКШ президенти Дональд Трамптын террорчулукка шектелгендерди суракка алуу ыкмалары тууралуу билдирүүсү укук коргоо уюмдарынын тынчсыздануусун жаратты.

Дональд Трамп президенттик шайлоо өнөктүгү маалында эле айрымдар кыйноо деп мүнөздөгөн сурак ыкмалары керек экенин айтканы бар. Адамдын бетине чүпүрөк жаап, оозуна суу куюу аркылуу маалымат алуу эң көп талкуу жараткан ыкмалардын бири болуп келет.

Эми президенттик кызматка киришкенине бир жума болгон Трамп сурак жүргүзүүдө колдонулган мындай ыкмаларды кайрадан коргоп чыкты. Ал 25-январда ABC News телеканалына курган маегинде “отко каршы от менен күрөшүү” керек деп, “Ислам мамлекети” террордук тобунун ырайымсыздыгын эске салды:

- Алар Жакынкы Чыгышта христиан болгону үчүн элдердин башын алып жатса, “Ислам мамлекети” террордук тобу орто кылымдан бери угулбаган иштерди жасап жатса, суу менен суракка алууну колдобоймунбу? Биз отту от менен гана токтотушубуз керек.

Бирок Трамп бул маселеде акыркы чечимди Пентагондун башчысы Жеймс Маттис жана Борбордук чалгын агенттигинин (ЦРУнун) директору Майк Помпео кабыл аларын, алар мындай сурак ыкмаларын кайтарбайбыз дешсе, ага баш ийерин белгиледи.

Укук коргоочулар суу менен кыйноо ыкмасын көрсөтүү аркылуу катаал сурак ыкмаларына каршылыгын билдиришкен, Вашингтон, 2007-жылдын ноябрь айы.
Укук коргоочулар суу менен кыйноо ыкмасын көрсөтүү аркылуу катаал сурак ыкмаларына каршылыгын билдиришкен, Вашингтон, 2007-жылдын ноябрь айы.

АКШнын чалгын агенттиги 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин жашыруун суракка алуу программасын ишке киргизген. Ошол учурдагы президент Жорж Буш Америка элинин кызыкчылыгы үчүн жана террорчулардан коргонуу үчүн сурак жүргүзүүнүн мындай жолдору зарыл экенин айткан. Буштан кийинки президент Барак Обама 2009-жылы бул өңдүү сурак ыкмаларын токтотууга буйрук берип, андан бери мындай аракеттер мыйзамга каршы деп эсептелинет.

2014-жылы АКШ Сенаты “Ал-Каида” тобунун адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулгон “катаал” ыкмалардын чоо-жайын жарыялашкан. Алардын баяндамасына ылайык, 2002-2007-жылдар аралыгында сурак жүргүзүүдө башы менен сууга чөктүрүү, бетке уруу, уйку бербөө, суук менен таасир көргөзүү өңдүү ыкмалар ЦРУнун медициналык кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабай колдонулган. Бул баяндамадан кийин БУУ баштаган эл аралык уюмдар кыйноого тиешеси бар америкалык чиновниктерди жоопко тартууга үндөшкөн.

Кубадагы Гуантанамо абагы, 2002-жыл.
Кубадагы Гуантанамо абагы, 2002-жыл.

Эми укук коргоо уюмдары жаңы президент андай ыкмаларды артка кайтарбайбы деп кооптонуп жатышат. Алардын бири “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот:

- Дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын коргоочусу болуп келген АКШнын добушун жоготуп албайбызбы деп өтө кооптонуп турам. Биз азыр так билбейбиз. Аны айтууга али эрте. Бирок Трамп күчтүү адамдарды жактап чыкканын эске алганда чоң кабатырлануу бар. Кемчиликтерге карабастан АКШ көпчүлүк өлкөлөрдөгү жарандык коомду колдоп келген.

Рот укук коргоочулар Трамп Гуантанамо сыяктуу АКШнын жашыруун абактарын кайра ачпайбы деп да тынчсызданып турганын кошумчалады. Мурдагы президент Барак Обама террорчулукка шектелген 41 адам кармалып турган Гуантанамону жабууга убада берген. Бирок ал убада толугу менен ишке ашпай калды.

Ал тапта британ депутаттары чет өлкөлүк лидерлердин ичинен биринчи жолу АКШнын жаңы президенти менен жолуга турган британ премьер-министри Тереза Мэйди Трамптын сурак техникалары тууралуу пикирине каршы турууга үндөштү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG