Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Иран менен АКШга Ирак ортомчулук кылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирак чыңалууну басаңдатып, тараптарды тынчтыкка чакырыш үчүн Вашингтон менен Тегеранга делегация жиберет.

Ал арада АКШ администрациясынын өкүлдөрү Вашингтондун аракеттери Иран тараптан келе турган коркунучтун алдын алганын билдиришти. Бул тууралуу алар Конгрессте маалымат берип жатып айтышты. Тегеран болсо Вашингтондун дооматтарын четке кагып, Иран эли чөгөлөбөй тургандыгын кайталады.

Ирандын кошунасы, ошол эле кезде АКШнын өнөктөшү болгон Ирак тараптарды тынчтыкка чакырыш үчүн Вашингтон менен Тегеранга делегация жиберет. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Адел Абдул Махди маалымдады:

Адел Абдул Махди.
Адел Абдул Махди.

«Иран менен АКШнын маселесин чечүүдө Ирактын көз карашы Европанын көз карашына окшош. Биз бул маселени америкалык да, ирандык да тарап менен талкуулап жатабыз. Биз чыңалууну азайтып, тараптарды тынчтыкка чакырыш үчүн тиешелүү борборлорго, айрыкча Тегеранга жана Вашингтонго делегация жөнөтөбүз».

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд Иран жаратышы мүмкүн болгон коркунуч тууралуу 21-майда Конгрессте маалымат берди. Алардын айтымында, Вашингтондун акыркы күндөрү кабыл алган чаралары Ирандын коркунучун ооздуктай алды.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан 21-майда: «Бул жерде сөз согуш эмес, чектөө тууралуу болуп жатат. Биз согушалы деген жокпуз», - деди. Анын айтымында, «Жакынкы Чыгышта Иран пайда кылган коркунуч жогору бойдон калып жатат, бирок Пентагон алдын-ала көргөн чаралардан улам америкалык жарандарга «чабуул коюу коркунучу тыным алып» калды.

Патрик Шанахан.
Патрик Шанахан.

«Америкалыктарга кол салуу болгон жок, - деди Шанахан. - Мен муну убактылуу тыным деп айтар элем. Бирок бул биз мурдарак аныктаган коркунучтар жоголду дегенди билдирбейт. Биздин жооп иретиндеги кылдат чараларыбыз ирандыктарга өз эсептерин карап көрүүгө убакыт берет деп ойлойм».

Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Бирок Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар бар.

Иран-АКШ мамилесин Германиянын канцлери Ангела Меркел Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу талкуулады.

2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Кытай, АКШ, Британия менен кошо Франция, Орусия жана Германия да кол койгон. Ангела Меркелдин айтымында үч лидер аталган келишимди сактап калуу жана Иранды келишимде кала берүүгө ынандыруу зарыл экенин билдиришкен.

Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде келишимден чыгып кетип, Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирди.

Тегеран АКШнын бардык дооматтарын четке кагып келе жатат. Ирандын президенти Хасан Роухани 21-майдагы сөзүндө Иран эли чөгөлөбөй турганын айтты:

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

«Кайсы бир адам же улут басым алдында болушу мүмкүн, бирок Иран эли зөөкүрлөрдүн алдында чөгөлөбөйт».

20-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга дагы бир жолу эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам Республикасынын күнү бүтөөрүн билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын эскертүүсүн четке кагып, аны Тегеранды коркутпоого чакырды.

«Агрессорлор эбак кетсе да ирандыктар миң жылдардан бери эр жүрөктүк менен бекем турат. Экономикалык террорчулук жана геноцид сымал шылдыңдоо Ирандын «күнүн бүткөрө албайт». Иран жаранын коркутпагыла. Сыйлаганга аракет кылгыла, ал иштейт!» - деп жазды Зариф 20-майда «Твиттердеги» барагына.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG