Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

АКШ: дефолттун алдын алуучу мунаса


АКШдагы дефолт дүйнөгө таасир этери буга чейин айтылган.
АКШдагы дефолт дүйнөгө таасир этери буга чейин айтылган.

АКШ Сенатында республикачылар менен демократтар мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү боюнча мунаса табышты.

Мунун натыйжасында өлкө дефолттун алдын алып, мамлекеттик мекемелердин иши жандануусуна жол ачылат. Макулдашылган мыйзам долбоору Конгресстин кош палатасында жактырылып, президент Барак Обама кол койду.

Дүйнөнүн каржы базарлары чыдамсыздык менен күткөн жаңылыкты Бишкек убактысы боюнча түнкү 23төрдө АКШ Сенатынын лидерлери жарыялашты.

Макулдашууну “тарыхый” деп мүнөздөгөн демократтардын лидери Гарри Рид:

- Биз жетишкен мунаса экономикабызга ал абдан муктаж болуп турган туруктуулукту берет. Эки тарап үчүн консенсус табуу эч качан жеңил болбойт, бул чындап оор. Азыркы учур да оор болду. Бирок бир нече аптага созулган партиялык ажырымдан, кээде кесип өтүү үчүн абдан эле чоңдой көрүнүп кеткен ажырымдан кийин биздин өлкө кыйроонун босогосуна кептелди. Бирок акыр-аягында бул кыйроонун алдын алуу үчүн саясий каршылаштар ич ара пикир келишпестиктерин унутушту.

Гарри Рид
Гарри Рид
Тараптар мунасага жетишкени карыз чегин көтөрүү үчүн талап кылынган акыркы мөөнөт -17-октябрдын жуп алдында жарыяланды. Анткени, АКШ Каржы министрлиги 17-октябрга карата жаңы карыз алалбаса, өлкө өз милдеттенмелерин аткара албай дефолтко кабылары эскертилген.

Демократтардын Сенаттагы лидери Гарри Рид төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Мыйзам өкмөттү келерки жылдын 15-январына чейин каржылайт жана 7-февралга чейин дефолтко жол бербейт. Бул мезгил аралыгында биз утур-утур кайталанып жаткан кризистердин алдын алуучу узак мөөнөттүү бюджеттик келишимдин үстүндө иштей алабыз. Азыркы жумушубуз менен биз АКШнын элүү штатынын ар бирине, ошондой эле дүйнө өлкөлөрүнүн жарандарына Кошмо Штаттар өз милдеттемелерин аткара тургандыгына ишара бердик.

Ал эми республикачылардын Сенаттагы лидери Митч Макконнел макулдашылган мыйзам долбоору Конгресстин республикачылар көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасында колдоо табарына ишеним билдирип, партиялаштарын башка “маанилүү максаттар” үчүн биригүүгө чакырды:

Республикачылар бул коркунучтуу мыйзамды жокко чыгаруу үчүн чечкиндүү. Бирок, бүгүнкү күнү азыркы жеңилдик дефолттун алдын алып, өкмөттүн кайра иштешине жол ачат жана биз Бюджетти көзөмөлдөө мыйзамынын алкагында жетишкен тарыхый кыскартууларды коргойт деп үмүттөнөбүз. Бул биздин көбүбүз үмүттөнгөндөн кыйла аз, бирок көбүбүз аракеттенгенден кыйла дурус.

Республикачылардын Сенаттагы лидери “коркунучтуу” деп Obamacare деген атка конгон, саламаттыкты сактоону камсыздандыруу системасын реформалоо боюнча мыйзамды атап жатышат.

Бюджеттик тиреш учурунда республикачылар, өзгөчө алардын Чай партиясы деп аталган канаты президент Обама да чегинүүгө барышына, камсыздандыруу системасына бөлүнүүчү каражаттын кыскартылышына умтулушкан эле.

Бирок саламаттыктык сактоо реформасын президенттик кызматка келгенден бери ички саясаттагы эң ири жетишкендиги катары баалаган Обама республикачылардын талабын кескин түрдө четке каккан. Кээ бир мыйзамгерлердин айтымында, мунаса макулдашуу саламаттыкты сактоо мыйзамынын алкагында субсидия алууда көз боёмочулукка жол бербөөчү чараларды да камтыйт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG