Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Европа Биримдиги президент Трампка жооп кайтарды


АКШ президенти Доналд Трамп. Ак Үй, Вашингтон. 29.1.2018.
АКШ президенти Доналд Трамп. Ак Үй, Вашингтон. 29.1.2018.

Евробиримдик эгерде Кошмо Штаттар алардын экспортун чектей турган болсо, анда буга каршы ыкчам жооп берилерин эскертти. Брюсселдин бул билдирүүсү алдында президент Дональд Трамп АКШга карата "адилетсиз” соода тажрыйбасын жүзөгө ашырды деп Евробиримдикти сынга алган.

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жекшемби күнү британиялык ITV телеканалына курган маегинде Евробиримдиктин соода саясатын өнөктөш АКШга карата “барып турган адилетсиз” саясат болуп жатат деп билдирген.

Ал өз маегинде: “Евробиримдикке карата менде көп суроо бар, соода көз карашынан алганда, бул чоң маселеге айланып кетиши мүмкүн”, - деген.

Президент Трамп: “Биз өз өнүмүбүздү аларга киргизе албайбыз. Бул - өтө катаал (саясат). Ошого карабастан, алар өз өнүмүн бизге дээрлик салыксыз эле, өтө аз өлчөмдө салык төлөө менен жөнөтүп жатат", - деп кошумчалаган.

АКШ президенти эгерде Европа Биримдигинин мүчөлүгүнөн кетүү жараянында турган Британия менен соода сүйлөшүүлөрү жүрө турган болсо, катаал турумду кармана турганын да белгилеген.

Трамптын бул маегине расмий Брюсселден дүйшөмбү күнү ЕБдин аткаруучу органы – Еврокомиссиянын расмий өкүлү Маргаритис Схинас жооп кайтарды:

Маргаритис Схинас.
Маргаритис Схинас.

- Биз үчүн соода саясаты бирөөнүн жеңиши же жеңилиши эмес. Бул жерде сөз жеңүүчүлөр же жеңилгендер тууралуу жүргөн жок. Биз, Евробиримдикте, "соода да эки тараптуу боло алат жана болушу керек, ал ачык, адилет жана эрежеге таянуусу абзел" деп санайбыз. Эгерде Кошмо Штаттар тараптан соодада кандайдыр бир чектөө чаралары болсо,жана ал биздин экспортко таасир тийгизсе, анда Евробиримдик ыкчам жана талаптагыдай кылып өз жообун берүүгө даяр.

Бул билдирүүлөр алдында АКШ өткөн аптада кир жуугуч машиналарга 20%, ал эми күн батареялары менен модулдарына 30% импорттук салык киргизген.

Бул бир тараптуу чектөөлөр азыркы администрациянын протекционисттик (ички базарды коргоо) чараларынын алгачкысы болду. Кытай менен Түштүк Корея АКШнын соңку тарифтерин айыптап, ал түгүл Сеул Дүйнөлүк Соода уюмуна да кайрыларын билдирген.

Еврокомиссия АКШнын кадамына өкүнүч билдирип, бул кадам Дүйнөлүк соода уюмунун шарттарына шайкеш келеринен күмөн санарын, андан Евробиримдиктин экспортуна кандай таасири тийиши ыктымалдыгын жакын арада талдай турганын маалымдады.

Президент Трамп “соода адилеттиги” маселесин өткөн аптада Давостогу эл аралык экономикалык форумда сүйлөгөн учурунда да көтөргөн болчу:

- Эгерде кээ бир мамлекеттер (соодадагы) системаны башкалардын эсебинен кыянат пайдаланса, анда бизде эркин жана ачык соода болбойт. Биз эркин, адилеттүү жана эки тараптуу сооданы колдойбуз. Анткени, акыр-аягында адилетсиз соода баарыбызга шек келтирет. АКШ мындан ары адилетсиз экономикалык тажрыйбаларга, анын ичинде интеллектуалдык менчиктин массалык түрдө уурдалышына көз жума албайт. Биз соода боюнча мыйзамдарды чыңдайбыз, соода системабыздын бүтүндүгүн калыбына келтиребиз.

АКШнын азыркы администрациясы “адилетсиз соода” жүргүзүүчүлөр дегенде, адатта, эң биринчи кезекте Кытайды эске алат.

Бирок АКШ үчүн эң биринчи соода өнөгү Кытай эле эмес, экинчи өнөгү - Батыш Европа менен алыш-беришинде да ири көлөмдө тескери сальдо бар.

Америкалык статистика боюнча 2017-жылдын 11 айында АКШ менен ЕБнын эки тараптуу соодасынын көлөмү 460 миллиард долларга жетип, 156,5 миллиард доллар менен Европанын пайдасына аяктаган. Башкача айтканда, Европа өлкөлөрү мына ушунча акча каражатына АКШга товарды көбүрөөк сатышкан.

АКШ-Евробиримдик ортосундагы соода тоскоолдуктарын жоюп, ага жаңы дем берүү үчүн буга чейин “Трансатлантикалык соода жана инвестиция өнөктөштүгү” деп аталган соода келишими сунушталган.

2013-2016-жылдардын аралыгында ал жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн он беш айлампасы өтүп, бирок андан кийин белгисиз мөөнөткө бул сүйлөшүүлөр токтоп калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG