Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:01

1928-30-жж.: Жиги табыла элек армандуу тагдыр ээси


Өскөналынын уулу Керимбек.

Өскөналы Майлыевдин өмүрү - Кеңеш бийлигине өзү берилип кызмат кылып жатканда, жазыксыз жерден сталиндик куугунтукка биринчилерден болуп чалынган армандуу тагдырлардын бири. Ал 1928-жылы куугундан карабашын калкалап, Арчагул айылынан качып, жер которууга мажбур болуп, кайда өлгөнү белгисиз калган.

Устанын үйү

Кайсы бир божомолдо таластык Өскөналы Майлыевди Ош тарапка ооп кеткен дешсе, экинчи бир кабарда тоонун аркы бетиндеги Аксыда каза болгону айтылат.

Өскөналы Майлыевдин бир туугандары, бала-чакасы бийликтин басым-кысымына туш келип, эчен жылдар туугандардын армандуу жашоосу тууралуу кеп болбой келди.

"Куугунтук курмандыктарынын" кезектеги берүүсү Таластын түштүк-батышындагы Арчагул айылынан чыккан Өскөналы Майлыевди эскерүүгө арналат.

Өскөналынын атасы Майлы, айтымда, кыштактагы чоң усталардан болгон. Анын беш уулунун эң улуусу - Өскөналы. Жашынан билим алып, бийлик тизгинине илешип, анысына жараша жаңы Кеңеш бийлигинин бай-манап, бийлерди, ага улай кулактарды жок кылуу өнөктүгүнө туш келген.

Анын асманында кара булут айланышы 1920-жылдардын аягы, 1930-жылдардын башына туура келет. Камакка алынарда из жашырып, тоого качып, андан басмачыларга кошулуп, дагы бир маалыматта Кыргызстандын түштүгүнө, ал жерде күжүлдөп иштеп аткан жердеши Төрөкул Айтматовду эш тутуп Ош тарапка кетиптир деген кабар таралган.

Митан Казыбеков. Арчагул айылы, Кара-Буура району, Талас өрөөнү.
Митан Казыбеков. Арчагул айылы, Кара-Буура району, Талас өрөөнү.

Басмачы демекчи, Арчагул айылында жашоочу сөзмөр Митан Казыбеков совет бийлигин жактырбаган таластык “басмачы” делген бийдин чоо-жайын элден укканы боюнча минтип айтат:

- Биздин айылда андайлар көп болгон. Бул окуя 1925-жылы болгон экен. Мага карыялар ушинтип айтышты. Ушу биздин айылдан чыккан Абылда деген бий өкмөткө каршы, элди үгүттөп жатат деп айтышып, аны кодулай башташканда, ал качып кетет экен. Атын чыгарайын деген неме болсо керек, ошол жерлик эле байдын 14 – 15 жаштагы кызын ала качып кетет. А кезде өкмөттүн “агенттери” көп болгон. Ушунча акча берем, кызматка коём дешсе ошол өзүнүн эле туугандарынан “баланча жерде жүрү” деген кабар келет. Артынан кууп барганда беш атар менен башынан ашыра аткан экен, Абылда жыгылып калат, ошентип колго түшөт. Абакка камалат. Бирок 1928-жылы туугандары аны түрмөдөн бошотуп алышат. Июнда бошотуп алышса, Абылда декабрга жетпей кайтыш болот. Ошондо андан Жээнбек деген бир баласы аялынын курсагында калып кеткен экен.

Өскөналы Майлыевдин басмачы деген ушундай каршылык кыймылына кошулганы тууралуу так маалымат жок. Аны билгендердин айтуусунда, куугунтуктоолор күчөп, камалары анык болгондон кийин ал да Абылдага окшоп жер которууга мажбур болгон.

Ким билет, антип каражанын калкалап качып кетпесе Өскөналы Майлыев деле атасы көрбөгөн алыска айдалышы же кайсы бир кайыш тончон ачендиктин огунан курман болушу толук мүмкүн эле.

Чаткал жакын

Жаңы бийликтин калыстыгына ишенип, чакырган жерине барып, ойдон чыгарылган күнөөсүн мойнуна алып канча бейкүнөөлөр атылып кетишти. Айланасында болуп жаткандарды жакшы билген Өскөналы Майлыевдин советтик түрмөгө түшкүсү келбей качып кетиши анын жакындарына, үй-бүлөсүнө оңбогондой оорчулуктар алып келген.

Иши кылып, из жазгырып кеткен белгилүү бийдин артынан биртоп миш-миштер айтылып тим болот. Атасынын артынан камалып кетиштен чочулап Өскөналынын эр жетип калган уулу Керимбек да жер которууга мажбур болуп, тоо ашып, Ташкен тарапка из жазгырыптыр.

Өскөналы - Майлынын беш уулунун эң улуусу, жаш кезинен билим алып, бийлик тизгинине илешкен аткаминер болгон. Анын бир туугандарынын бири каргадай бала кезинде каза тапса, экинчиси согуштан кайтпай, балдардын эң кенжеси Төлөгөндүн балдары Майлы чоң атасынан калган журтту ээнсиретпей, ушу тапта Арчагул айылында жашоодо.

Айганыш Өскөналиева.
Айганыш Өскөналиева.

Өскөналынын уулу Керимбектин небереси Айганыш Өскөналиева чоң таятасы тууралуу маалыматтарды апасы менен туугандарынан уккан. Катаал учурда дайынсыз жок болгон чоң таятасына байланышкан кеп-сөздөрдү ал кыйладан бери чогултуп келатат.

- Өскөналы чоң таятам, Керимбек таятамдын атасы. Чоң таятамдын атасы Майлы чоң уста болуптур. Чоң уста, башкача айтканда, дөөтү уста экен. Анын беш баласынын улуусу Өскөналы, андан кийин Жунусалы, Солтоной, Карабатыр, Төлөгөн. Жунусалыдан бала болгон эмес. Солтонойдон Асыранкул жана Алма апа деп коёбуз, мага таяне. Карабатыр Улуу Атамекендик согуштан кайтпай калган. Төлөгөн биздин айылда жашап, ошол жерде каза болгон. Ал эми Өскөналы чоң таятам бий болгон экен. 1928-жылы аны совет өкмөтү кулакка тартабыз дегенде бир түндө басмачыларга кошулуп качып кетиптир.

Басмачы делген менен алар элге каршы ок атпаптыр. Ошол 1928-жылы Төрөкул Айтматов Ош облусунда жер-суу реформасы боюнча төрага болуп иштөөчү. Таятам менен бир уруудан болуп, жердеш болгондон ошого үмүт кылып таятам түштүк тарапка кеткен болуш керек деген болжол бар. Артында калган неберелери ал кишинин кайсы жакка кеткенин так билбейбиз. Таятам менен кемпири, кызы чогуу качкан-качпаганы да белгисиз бойдон калды. Алардын да дарек-дайны жок. Менин таятам Керимбекти да куугунтукташып, а кезде 18 – 19 жаштагы жигит курагы экен, ал да жер которуп Ташкен тарапка качкан экен. Жанында Бектай деген айылдаш тууганы болуптур. Бирок таятам кийин айылга кайтып келиптир.

Өскөналы таятабыздын бир туугандары куугунтукка алындыбы-жокпу - муну да билбейбиз. Билгенибиз эле Төлөгөн таятабыздын куугунтукка алынып, Ташкендин жанындагы Мискен деген жерде жашап калганы. Ал атасындай уста болуп, согуш жылдарында Арчагулга кайтып келиптир. Айылды мурда Күркүрөө деп коюшчу. Төлөгөн таятабыз айылына келип үйлөнүп, өз жеринде эле каза болуптур, азыр анын бала-чакасы айылда турушат. Буларды мага апам айтып берген. Өзүм Чыгыштануу жана эларалык факультетти бүткөм. Апам “сен чоң таятаңды тартып калган окшойсуң, жолуна түшүп баратасың” деген.

Чоң таятамдын эмне болгону тууралуу апамдар таянемдин көзү тирүү кезинде сурап жазып алышпаптыр.Таятам деле атасы тууралуу балдарына чечилип айтып бербептир. Совет заманында бала-чакама зыяны тийбесин деп айтпай койгон окшойт. Арчагулдун жанындагы Көк-Сай деген айылдагы 95 жаштагы санжырачыдан чоң таятабыздын дарек-дайнын сураштырып атабыз. Шекер уруусунун санжырасын мыкты билгендерден сураштырып атабыз. Ош тарапта Өскөналы деген көчө бар экенин уктук. Биздин таятабызбы-башкабы билбейбиз. Чоң таятабыз 35 жаштарында жер которуп кеткен экен. Балким ал жерден үй-бүлө күтүп алгандыр деп да ойлойбуз. Ушинтип куугунтукталып чоң таятабыз качып кеткенин гана билебиз.

Өскөналы атанын жакын туугандарынын бири Митан Казыбеков ушу тапта Арчагулда жашайт. Анын айтуусунда, Өскөналы Майлыевдин түштүк тарапка кеткени чын, сөөгү Аксы тарапта коюлган.

Совет бийлиги жашоо-тиричилигин тынч өткөрүп келаткан канча үй-бүлөнү дүргүтүп, бай-манап, кулак, “эл душманы” деп, эчен тагдырларды өкчөгөн.

- Бул киши 1930-жылдары кулак болгон, жанагы колхоз-совхоз, артель болуп аткан убактарда. Анан качып калат. Таластын батыш жагындагы биз Чаткал жакка жакынбыз. Кара-Буураны ашып түшүп эле Чаткалды көздөй кача башташкан. Андан ары Ала-Бука, кичине араак Жаңы-Жол, Кербен, Аксы. Ошол жактарга көп оошкон экен. Кийинчерээк совет өкмөтү чыкканда бу Өскөналы бий болуп калган экен. Куугунтук башталганда түштүк тарапка качат. Учурунда бийликке аралашып, совет бийлиги тушунда да ишке алынып, бийлик күчтөнгөндөн кийин бийди ким жактырсын. Качышат. Айылга бир иниси Жунусалы гана келген. Карабатыр согуштан кайтпай калат. Өскөналы аксакал бий болуп, куугунтуктан качып, ошол түштүктө калып кетти. Аларды билгендер өтүп кетишти.

Айтымга караганда Өскөналынын сөөгү Пачатага коюлган деп айтышат. Жадесе баласы Керимбек, ошол деле балдарына эч нерсе деп айтпаптыр. Карабайсыңбы, баары чилдей тарашып, тагдыр дын жазганы да, баары кайтыш болуп кетишти. Менин булар тууралуу аксакалдардан көп уккам. Урпактары аталарынан уккандарын чогултуп, билгенинче айтып жүрүшөт.

Өскөналы атанын өмүр жолу совет бийлигин коштой келген жазалоо системасынын күчөп бараткан кезине туш келген. Совет бийлиги билимдүү, эл, мамлекет камын ойлогон бүтүндөй бир муунду жок кылып, анын ордуна жогортон түшчү буйруктарды гана аткарып, бийлик культун жараткан. Бул система акыры келип социализмдин өзүн жок кылды.Ушуга улай айта кетчү дагы бир сөз. Элинин жанын аябай, канын төккөн тажаал система жөнөкөй адамды ойлоп, ошонун кызыкчылыгы менен жашаса гана өлкө алдыга өсүп, жашоо-турмушу жакшырмак.

Адам укугу, жөнөкөй пенденин кадыр-баркы түккө арзыбаган социализм заманында Өскөналы атага окшогон канча тагдырлар азапка туш келбеди, туулган жеринен качып, болбосо жок жерден күнөкөр болуп атылып жок болду.

Большевиктердин мына ушул кылымга тете кылмышынын себеп-жөнү арадан кыйла жылдар өткөндөн кийин бир четтен ачылып, 1930-жылдары аябай күчөп кеткен репрессиянын кандуу жаңырыктары ушу азырга чейин угулуп, бийлик эмнени жасабаш керектигин, бейкүнөө соттолуп, кандуу жазалоого кабылгандардын элеси улам кийинки муунга эскерткич болуп турарын турмуш ырастоодо. Социализмдин курмандыктарын эскерип айта жүрүш, өткөндү эстен чыгарбаш – жаңы муундун милдети.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG