Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Талиптер аялдар үчүн журнал чыгарды


“Техрик-е-Талибан” тобу жаңы чыккан журнал “аялдарды ойготуп, ислам үчүн ыйык жүрүшкө үндөрүн” билдирет.
“Техрик-е-Талибан” тобу жаңы чыккан журнал “аялдарды ойготуп, ислам үчүн ыйык жүрүшкө үндөрүн” билдирет.

Радикал топтор жаңы технологиялар менен интернетти колдонуп, аялдарды өз катарына тартып жатканы белгилүү.

Пакистандагы таасирдүү радикал топтор аялдарды өз катарына тартуу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табууда. Согушкерлердин стратегиясына ылайык аялдарга негизинен экстремисттик идеологияны жайылтуу милдети жүктөлөт.

1-августта “Талибан” кыймылынын Пакистандагы бөлүгү саналган “Техрик-е-Талибан” тобу аялдарга арналган “Хауланын сүннөтү” деген аталыштагы журнал чыгарды.

“Пакистандык талиптер кат-сабаты жоюлган билимдүү, бирок жашоосуна нааразы аялдарды бутага алып, аларды өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракеттенип жатат” дейт жергиликтүү журналист Омар Варайч. Ал муну менен “Ислам мамлекети" террордук тобу демографиялык көбөйүүнүн эффективдүү жолун тапканын” белгилейт.

“Техрик-е-Талибан” тобу буга чейин урду жана англис тилдеринде макала-баяндарды жарыялап, аялдардын кайсы бир катмарын кызыктырып келген.

Жаңы жарык көргөн 45 беттен турган журнал “аялдарды ойготуп, ислам үчүн ыйык жүрүшкө үндөйт” деп билдирет согушкер топ.

Англис тилинде чыккан журнал
Англис тилинде чыккан журнал

Пакистандагы “Талибан” жана “Ислам мамлекети” радикал топтору башка экстремисттик уюшмалардай эле өлкөнүн өзүндө жана сыртында аялдарды азгырып, бул үчүн жаңы технологиялар менен интернетти оңтойлүу пайдаланып келет.

Жүздөгөн мусулман аялдар Сирия менен Ирактагы радикал топтордун катарына кошулуп, согушкерлер менен никеге туруп, алардан төрөлгөн балдардан куралчан жоочулардын жаңы армиясы түптөлүп жатканын эксперттер эскертишет. Ошондой эле от күйүп жаткан согушту аралап, курал кармап жүргөн аялдар дагы бар.

“Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдан тарта басып алып, халифат жарыялаган жерлерде жергиликтүү аялдар уурдалып, зордукталган фактылар аныкталган.

Исламчыл согушкерлердин ишмердигин иликтеген Торе Хэммингдин айтымында, талиптер “Ислам мамлекетинин” жалгыз бой жана үй- бүлөлүү аялдарды бирдей азгырып, катарына тартканын жогору баалайт.

Хэмминг талиптердин аялдар үчүн чыгарган журналын экстремисттик топтор учурда колдонуп жаткан ыкмалардын бири деп түшүндүрөт.

“Соңку кезде жихадчылар массалык маалымат каражаттарын кеңири колдонуп, бир нече тилде ар кандай топторго, анын ичиндерге аялдарга түз кайрылууну үйрөнүштү”. Пакистанда жарык көргөн журнал аялдарды азгыруу менен аларды радикалдык топторго тартууну көздөйт, – дейт Хэмминг.

Пакистандык саясий комментатор Марви Сивид соңку кезде радикал топтор Фейсбук жана Телеграм сыяктуу социалдык сайттар аркылуу кеңири пропаганда жүргүзүп, аялдарды торуна түшүрүп жатканын баса белгилейт.

Адистердин пикиринде, соңку кезде жихадга чакырган макала-баяндардын саны гана эмес таасири улам күчөп баратат. Маселен, аялдардын үй-бүлөдө таасири күчтүү болгондуктан экстремисттик идеологияны таратууда өзүнчө бир "көрүнбөгөн армиянын" ролун аткарат.

Талиптердин жаңы чыккан журналында “Техрик-е-Талибан” тобунун лидери Молдо Фазлулланнын аялы менен маек сунушталат. Аты-жөнү жазылбаган аял 14 жашында күйөөгө тийгенин айтып, Пакистанда жашы жете электердин никеге туруусун чектеген мыйзамды сындайт. “Балакатка жеткен уландар менен кыздардын бир топко чейин жалгыз жүргөнү биздин коомдогу моралдык бузукулуктарга жол берүүдө” деп ой жоруйт экстремисттик топтун башчысынын аялы.

Журналдын бетинде аял жихадчылар үчүн дагы атайын кеп-кеңешке орун берилет. “Үйүңөрдө жашыруун жыйындарды уюштуруп, силердин ишенимиңерди бөлүшкөн жихадчы эже-сиңдилерди чакыргыла” дегенге улай эле “эже-сиңдилерге атайын машыктыруучу курстарды уюштургула. Курал-жаракты кантип колдонгонду билгиле, граната ыргытканды үйрөнгүлө” деп жазылган.

Ошондой эле атайын рубрикада жогорку билимдүү пакистандык догдур аялдын эмне үчүн жихад жолуна түшкөнүн чечмелеген баяны дагы камтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG