Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Жохар Царнаевдин тагдыры сот арачынын колунда

Жохар Царнаев сотто, Массачусетс штаты, 2015-жыл
Жохар Царнаев сотто, Массачусетс штаты, 2015-жыл

8-апрелде Бостон шаарында эки жыл мурун марафон маалында жардыруу уюштурууга шектелген, 21 жаштагы Жохар Царнаевдин соту болду. Сот арачылар 11 саат бою 30 пункт боюнча айып тагылып жаткан чечен жигиттин ишин карашты. Сот Жохарга өлүм жазасын береби же өмүр бою эркинен ажыратабы – кийинки аптада чечилет.

Жохар Царнаевге коюлуп жаткан отуз пункт боюнча айыптардын 17и эки жылдан бери абакта жаткан чечен жигитти өлүм жазына тартууга негиз берет. Мындан эки жыл мурун 15-апрелде Бостон шаарындагы марафон маалындагы жардырууда үч киши, алардын бири сегиз жаштагы бала набыт кетип, 240 адам ар кандай жараат алган. Царнаевдердин улуусу Тамерлан жардырган бомбадан бир киши, Жохар койгон бомбадан эки киши жарык менен кош айтышкан.

Шаршембиде сотко Царнаевдердин туугандарынан эч ким барган жок, залда прокуратура күбө катары чакырган каргашалуу окуяда жабыр тарткандар, алардын туугандары отурду. Сот өкүмүн окуган маалда Жохар колун бооруна кайчылаштырып, катуу кабатырланып турду.

9-апрелде Грозный шаарында жашаган Царнаевдердин атасынын иниси Саид Царнаев “Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматына Жохар менен Тамерлан атайын кызматтардын кылтагына илинип, иш саясатташып кеткенин айтты:

- Бул жерде Царнаевдердин ордунда башка бирөө деле болуп калышы ыктымал болчу. Бул саясатташкан иш. Өткөн жылы атайын кызматтар мага келип, Жохардын өмүрүн сактап калуу үчүн агасы Тамерланга күнөөнүн баарын оодарсак кандай болот дешти. Агасына баарын жаба салалы деген эмне суроо? Тамерлан бомба жарылганда ал жерден жети чакырым алыс жүргөн. Кичүүсү болсо ал маалда университетте окууда экен. Дагы эмне деп айтууга болот? Алардын күнөөсү барбы же жокпу дегенге кайрылгым дагы келбейт.

Царнаевдердин аталаш агасы эки уулунун бирин жоготуп, бири оор кылмышка айыпталган ата-эненин көргөн күнү тозок экенин айтат. Алар уулдары кандай ишке кабылганын эстеп, мүңкүрөп отурат. “Кайгыга чөмүлүп, акылынан айный баштады” деди “Азаттыкка” Саид Царнаев.

Сот башталганда эле Жохарды бекер коргоп аткан төрт жактоочунун бири, көкжал адвокат Жуди Кларк иш боюнча Царнаев өзүнө тагылган айыптарды мойнуна аларын айтты.

Прокуратура 15 күндүн ичинде 92 күбөнү сүйлөтүп, сот арачыларга болгон далилдерди берүүгө үлгүрдү.

Адвокаттар болсо төрт күбөнү алты сааттын ичинде сурап, өз ишин аяктады. Ал убакыттын жарымы сот арачылардан обочо барып, кеңешүүгө кеткен.

Процесс маалында адвокаттар мамлекеттик айыптоочулар тапкан күбөлөргө кайчы суроолорду жаадырды. Ошол эле маалда сот арачылардын көңүлүнө тийип албайлы деген таризде кылдат аракеттеништи. Анткени кийинки сотто Жохарды өлүм жазасына чегерүүнү же өмүр бою эркинен ажыратууну сот арачылар чечет.

Адвокаттардын жүйөсү боюнча Жохарга агасы катуу таасир этип, иниси аны кудайындай көргөн. 26 жаштагы Тамерлан Бостондогу жардыруудан үч күндөн кийин полиция менен атышып, ок тийип өлгөндө дагы Жохар жол боюнда турган машинеге агасынын сөөгүн сала качып, андан ары жарым квартал жөө көтөрүп жөнөгөн.

21 жаштагы Жохардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир сот арачынын өлүм жазасына каршы добушу зарыл. Азырынча адвокаттар сот арачылардын ичинен жайсыз үй-бүлөдөн чыккан өспүрүмдөр менен иштеген социалдык кызматкер же полициянын статистика комитетинде иштеген адис өлүм жазасына каршы добуш берет деп ишеним артууда.

Эгер сот арачылар Жохардын тагдырын чече албаса, анда чечимди сот өзү чыгарат. Мыйзам боюнча сот айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратат. Кошмо Штаттардын федералдык системасында андай жаза чегилгендердин мөөнөтүн кыскартуу эбактан бери эле практикаланбай калган.

Жохар Царнаев жана анын үй-бүлөсү

Жохар Царнаевдин бул сүрөтү АКШнын Бостондогу юстиция башкармалыгынын ага каршы далили болуп берди. 
1/15 Жохар Царнаевдин бул сүрөтү АКШнын Бостондогу юстиция башкармалыгынын ага каршы далили болуп берди. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Тамерлан Царнаев (ортодо), атасы Анзор (солдо), апасы Зубейдат жана агасы Мухамад Сулейманов (оңдо). Махачкала, Дагестан.
2/15 Тамерлан Царнаев (ортодо), атасы Анзор (солдо), апасы Зубейдат жана агасы Мухамад Сулейманов (оңдо). Махачкала, Дагестан.
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Царнаевдердин эжеси <span style="line-height: 21.7499980926514px;">Патимат Сулейманова&nbsp;</span>&nbsp;Махачкаладагы үйүндө.&nbsp;
3/15 Царнаевдердин эжеси Патимат Сулейманова  Махачкаладагы үйүндө. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Тамерлан (ортодо) жана Жохар (ылдыйда ортодо турат) эже-карындаштары менен Кыргызстандагы үйүндө.
4/15 Тамерлан (ортодо) жана Жохар (ылдыйда ортодо турат) эже-карындаштары менен Кыргызстандагы үйүндө.
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Жохар Царнаев достору, казакстандык студенттер Азамат Тажаяков (солдо) жана Диас Кадырбаев (ортодо) менен Нью-Йоркто. Учурда булар да Бостондогу жардырууну иликтөөгө тоскоолдук кылганы үчүн камакта. Аларга өкүм ушул жылы чыгышы мүмкүн.&nbsp;
5/15 Жохар Царнаев достору, казакстандык студенттер Азамат Тажаяков (солдо) жана Диас Кадырбаев (ортодо) менен Нью-Йоркто. Учурда булар да Бостондогу жардырууну иликтөөгө тоскоолдук кылганы үчүн камакта. Аларга өкүм ушул жылы чыгышы мүмкүн. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Тамерлан Царнаев мушкердик таймаштан кийин. Солт-Лейк-Сити, Юта штаты, 2009-жыл.&nbsp;
6/15 Тамерлан Царнаев мушкердик таймаштан кийин. Солт-Лейк-Сити, Юта штаты, 2009-жыл. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Жохар Царнаев. Массачусетс штаты. Бул сүрөт анын ишинде далил катары колдонулган. &nbsp;
7/15 Жохар Царнаев. Массачусетс штаты. Бул сүрөт анын ишинде далил катары колдонулган.  
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Жохар (оңдо) агасы Тамерлан менен Нью-Гемпширде. Бостондогу жардыруу болгонго чейин бир айдай мурда тартылган сүрөт.&nbsp;
8/15 Жохар (оңдо) агасы Тамерлан менен Нью-Гемпширде. Бостондогу жардыруу болгонго чейин бир айдай мурда тартылган сүрөт. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Бостондо жардыруу болгон күнү Тамерлан жана Жохар тартылган видеокадр сотто башкы далил болду.&nbsp;
9/15 Бостондо жардыруу болгон күнү Тамерлан жана Жохар тартылган видеокадр сотто башкы далил болду. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Жохар Царнаевдин кылмышка катышы бардыгын далилдеген видеокадр.&nbsp;
10/15 Жохар Царнаевдин кылмышка катышы бардыгын далилдеген видеокадр. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Жохар Царнаев снайпердин бутасы астында полицияга колго түшүп берүүдө. 19-апрель, 2013-жыл. &nbsp;
11/15 Жохар Царнаев снайпердин бутасы астында полицияга колго түшүп берүүдө. 19-апрель, 2013-жыл.  
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Ок тешип, канга боёлгон бул кат Бостондогу жардыруудан кийин Жохар жашынып жаткан кайыктан табылган.&nbsp;<br />
&nbsp;
12/15 Ок тешип, канга боёлгон бул кат Бостондогу жардыруудан кийин Жохар жашынып жаткан кайыктан табылган. 
 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Журналисттер Царнаевдердин энеси - Зубейдатты ээрчип баратышат. Махачкала, Дагестан, апрель, 2013-жыл.
13/15 Журналисттер Царнаевдердин энеси - Зубейдатты ээрчип баратышат. Махачкала, Дагестан, апрель, 2013-жыл.
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Царнаевдердин карындашы Айлина.<span lang="ru"><span class="hps">&nbsp;Нью-Йорк. декабрь,&nbsp;</span><span class="hps">2014- жыл.</span></span>
14/15 Царнаевдердин карындашы Айлина. Нью-Йорк. декабрь, 2014- жыл.
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Бостон федералдык сотунун айыптоо өкүмүн угуп турган Жохар Царнаев. 8-апрель, 2015-жыл.&nbsp;
15/15 Бостон федералдык сотунун айыптоо өкүмүн угуп турган Жохар Царнаев. 8-апрель, 2015-жыл. 
Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.
Артка
Алдыга

Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG