Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Германия карантин талаптарын дагы жумшартат


Берлин карантин эрежелерин өткөн айдын ортосунан тартып жумшарта баштаган.

Германия карантин эрежелерин жумшартуунун кийинки айлампасына камынып жатат.

Мунун алдында адистер бул өлкөдө COVID-19дун экинчи, ал тургай үчүнчү толкуну чыгышы ыктымал экенин, калктын 70% бул ооруну жугузуп алышы мүмкүн болорун эскертишкен.

Европада илдеттен көз жумган адамдардын саны боюнча Британия биринчи орунга чыкты.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 3,6 миллион адамдан ашты, 257 миңден көп киши бул илдеттен көз жумду.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 16 федералык аймактын өкмөт башчылары менен 6-майда онлайн жыйын куруп, карантин чараларын азайтуунун кийинки айлампасын талкууламакчы.

Өкмөт сунуш кылган пландын долбоорунда ар бир федералдык аймак эми мектептерди, университеттерди, ресторан-кафелерди, мейманканаларды, оюн-зоок коюучу, көңүл ачуучу, спорт жана башка коомдук жайларды акырындап ачуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алары жазылган.

Берлиндеги ээн калган Бранденбург дарбазасы. 19-март, 2020-жыл.
Берлиндеги ээн калган Бранденбург дарбазасы. 19-март, 2020-жыл.

Германияда коронавирус 167 миңдей адамга жуккан жана илдеттен 7 миңдей киши каза болгон. Берлин карантин эрежелерин өткөн айдын ортосунан тартып жумшарта баштаган. Ангела Меркел эгер оору дагы күчөп кете турган болсо карантин чаралары кайра киргизилерин эскерткен.

Берлиндеги Роберт Кох атындагы институттун башчысы Лотар Виллер 5-майда брифинге оорунун экинчи толкуну башталышы толук ыктымал экенин айтты жана саламаттык сактоо тармагындагы эксперттерде илдеттин тарашынын үчүнчү толкуну болот деген божомол бар экенин билдирди:

«Оорудан жан берген адамдар дагы эле көп. Соңку күндөрү күнүнө 40тан 200гө чейинки өлүм катталып жатты. Бул пандемия. Пандемиянын шартында бул вирус калктын 60-70% жукмайынча оору тарай берет».

Жалпысынан 140 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылган Европада бир катар мамлекеттер биринен сала бири карантин чараларын жумшартууга киришти.

Бул пандемия. Пандемиянын шартында бул вирус калктын 60-70% жукмайынча оору тарай берет.

Британияда COVID-19дан каза болгон адамдардын саны 32 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен ал Италияны басып өтүп, Европада биринчи орунга чыкты. Бул өлкөдө оору жугузуп алган жана илдеттен көз жумган адамдар азая баштаганы менен Лондон башка өлкөлөрдү туурап карантин чараларын азайтууга азырынча эртелик кыларын билдирүүдө. Британияда оору 196 миңден көп кишиден аныкталды.

АКШда ондогон штаттар ишканаларды кайра ачып, жарандардын үйдө болушун талап кылган чектөөнү жоё баштады. Кошмо Штаттарда пандемиянын айынан бери дегенде 30 миллиондой адам ишсиз калды.

Буга чейин Вашингтон университетине караштуу Саламаттыкты баалоо жана ченөө институту (IHME) АКШда коронавирустан көз жумгандар август айына чейин 135 миң адамга жетиши ыктымал экенин билдирген. Мындай көрсөткүч аталган институт 17-апрелде жарыялаган божомолго караганда эки эсе көптүк кылат.

Пандемия бүтө элек экендиги тууралуу эскертүүлөргө карабай, президент Дональд Трамп экономиканы кайра жандандыруу иштерин баштай турганын айтты. Ал бул тууралуу 5-майда Аризона штатына барганда билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Биз өлкөбүздү кийинки беш жыл бою жабык кармап тура албайбыз. Билесиңерби, силер «оору кайра кайталанышы мүмкүн» дешиңер мүмкүн, анан ошондой деле болушу мүмкүн. Билесиңерби, көпчүлүк дарыгерлер же айрым дарыгерлер «эгер андай болуп кетсе жалын чыккандай эле болот» дешет. Биз ошол жалынды өчүргөнү жатабыз».

Дональд Трамптын саясий атаандаштары аны «пандемияны ойлобой эле күзүндөгү президенттик шайлоодо жеңилип калбоонун айла-амалын кылып жатат» деп айыптап жатышат.

Азияда бир катар өлкөлөр карантин эрежелерин жумшарта баштады. Индонезия күзүндөгү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтүн жылдыра турганын билдирди.

Жапонияда коронавируска каршы фавипиравир деген дарыны клиникалык жактан сыноо башталды. Буга чейин АКШда ремдесивир аттуу препаратты сынаганда үмүт жараткан жыйынтыктарды көрсөткөнү айтылган жана ушундан улам аны колдонууга уруксат берилген.

Бир катар эксперттер жакынкы күндөрү Латын Америкасында оору кеңири жайыла баштай турганын айтып жатышат.

Ал ортодо Орусияда төрт күндөн бери оору жугузуп алгандардын саны 10 миң адамдан ашканы токтой элек. Эгер ушундай көрүнүш сактала турган болсо бейшембиде ал Германиядан ашып өтүп, оору жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунга чыгышы ыктымал.

Орусияда соңку бир күн иинде COVID-19 дагы 10,5 миңден ашык адамдан катталып, 86 алты киши өмүрү менен кош айтышты. Коронавирус жугузгандардын жалпы саны 166 миңге чукулдап калды, оорудан 1,5 миңден көп киши көз жумду. Москва шаары менен Москва облусуна бул сандардын дээрлик үчтөн эки бөлүгү туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG