Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

ТИМ коронавирус каңшаарын төгүндөдү


«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан бери карантинде турат.
«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан бери карантинде турат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Иокогама портунда коронавируска байланыштуу бир канча күндөн бери карантинде турган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны да ооруп калганы тууралуу маалыматты четке какты.

Билдирүүдө аны менен бир каютада жаткан адамга вирус жукканы, ушундан улам Кыргызстандын жараны да текшерилип, бирок андан вирус чыкпаганы айтылат.

Ал арада соңку бир күн ичинде Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан 100дөй адам ажал тапты. Алардын арасында вирустун очогу болгон Ухань шаарынын госпиталынын башкы дарыгери да бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «​World of Cruising»​ журналынын "«Diamond Princess» кемесинде вирус жугузуп алган 450дөн ашуун адамдын арасында кыргыз жараны да бар" деп жазгандарын төгүндөдү.

Анда Жапониядагы кыргыз элчилиги Йокогама портунда 3-февралдан бери вируска байланыштуу карантинде кармалып турган кемедеги кыргыз жаранынан маал-маалы менен кабар алып жатканы, андан оорунун белгилери табылбаганы айтылат.

Ал ортодо жапон премьер-министри Синзо Абэ кемедеги оору жукпаган жүргүнчүлөр ушул жуманын ичинде карантинден чыгышы ыктымал экенин билдирди.

Жапониядагы Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча эл аралык университеттин профессору Кожи Вада вирус аныкталбаган жүргүнчүлөр баары бир коопсуздук чараларын кылдат сакташы керектигин эскертти:

«Биз баарын текшерип жатабыз. Арасында азыр вирус жуккан эмес деп чыкканы менен баары бир ооруга кабылган адамдар да болушу мүмкүн. Ошондуктан биз аларга колдорун тез-тез жууп, эл көп чогулган жайлардан оолак болууга ж.б. коопсуздук эрежелерин катуу сактоого чакырып жатабыз. Ошондой эле алар оорунун белгилери аныкталар замат дарыгерлер менен чукул байланышсын деп атайын телефон да уюштурдук».

АКШ бул кемедеги жүздөгөн жарандарын эки учак менен алып кеткен. Эми алар дагы эки жумалык карантинде болушмакчы. Вирус жуккан америкалык жүргүнчүлөр ушул тушта жапон ооруканаларында дарыланып жатат.

Кемеде жалпысынан дүйнөнүн 50дөй өлкөсүнөн 3 миң 700дөй жүргүнчү бар экени айтылган. Арасында Казакстандын төрт жараны - эки аял, 8-12 жаштагы эки бала бар.

Ал ортодо украин бийлиги Кытайга атайын учак жөнөтүп, өзүнүн 50дөй жаранын жана 25 чет өлкөлүктү алып келерин билдирди.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Виктор Ляшко оорунун белгилери аныкталбаган гана адамдар алынып келерин, алар дагы эки жумадай карантинде болушарын, ошондуктан дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин эскертти.

Кытайда соңку бир күн ичинде өпкөнү сезгенткен бул вирус дагы 1900гө чукул адамдан аныкталды. Ошентип ооруга кабылгандардын саны 72 миң кишиден ашты.

Соңку бир күндүн ичинде оору 100дөй адамдын өмүрүн жалмады. Алардын катарында оору биринчи чыккан Ухань шаардык ооруканасынын башкы дарыгери, 51 жаштагы Лю Чжимин да бар. Ошентип бул оорудан өлгөн адамдардын саны 1800дөн ашты.

Кытай бийлиги жалпысынан 12 миңден ашык киши сакайганын маалымдады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG