Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Мексикада зилзала курмандыктары өсүп жатат


19-сентябрдагы зилзала. Мехико шаары
19-сентябрдагы зилзала. Мехико шаары

Мексикадагы зилзаладан каза болгондор саны бийликтин ырасташынча, 220 кишиге жетти. Курмандыктар дагы өсүшү мүмкүн. Куткаруу иштери уланууда.

Жүздөгөн адамдар жараат алышып, үйлөр-имараттар талкаланды. Ыктыярчылар, жергиликтүү тургундар түнү менен өз алдынча эле уранды алдында калгандарды издеп атышат.

- Адамдардын бири-бирине жардам бергени жүрөгүмдү жылытууда. Андан башка арга жок эмеспи. Мен иште болчумун, анан бизди эвакуациялашты. Бу жерден өтүп баратып жардам керек экенин көрүп эле келдим, - деди Алекс аттуу киши түн караңгысында.

Куткаруу ишине колунан келгендин баары катышууда
Куткаруу ишине колунан келгендин баары катышууда

Мексика президенти Энрике Пенье Ньето элине кайрылып, көңүл айтты жана эч ким көмөксүз калбайт деп убада берди:

- Ушу тапта урандылар алдында калгандарды куткарып, медициналык жардам көрсөтүү биздин приоритет. Өзгөчө кырдаалдар, социалдык камсыздоо кызматтары, мамлекеттик мунай компаниясы, армия жана деңиз аскерлери кимге гана болбосун көмөк көрсөтүүгө даяр.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 19-сентябрда түшкү бирлер чамасында (Бишкек убактысы боюнча түнкү 12) катталган. АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, зилзала күчү 7,1 баллга жеткен. Очогу борбор калаа Мехикодон 120 чакырым түштүктөгү Антенсинго шаарынын жанында деп кабарланды.

Курман болгондордун көбү баш калаа Мехико жана анын жака белиндеги штаттардын тургундары.

борбор калаадагы ураган мектеп
борбор калаадагы ураган мектеп

Бери дегенде 20 миллиондой адам жашаган ордо калаа Мехикодо 44 имарат ураганын, анын бирөө мектеп экенин шаар мэри билдирди. Президент Ньето мектеп урандысынан кеминде 21 окуучунун сөөгү чыкканын, дагы отуздай бала изделип жатканын айтты. Бир кыз тирүү куткарылган.

Ордо калаанын, ага жакын Морелос штатынын жарымы жарыксыз калды. Бүлүнгөн Мексика элине дүйнө лидерлери, анын ичинде Рим Папасы көңүл айтышууда.

- Ушундай оор учурда Мексиканын бардык сүйүктүү элине жакындыгымды билдирем жана алар үчүн сыйынам. Бул жашоодон кеткендерди кабыл алышы жана жарадарларга, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыркагандардын баарына мээрим төгүшү үчүн Кудайга сыйыналы, - деди Папа Франциск Ватиканда.

Мексикада бат-баттан зилзала болуп турат. Эки апта мурда, 7-сентябрда эле күчү 8,1 баллга жеткен кырсык 98 адамдын өмүрүн алган.

Бирок бул жолкусунун каары Мехикодо 1985-жылы 10 миңдей адамдын өмүрүн алган зилзалага барабар деп атышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG