Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Тажикстандагы «троллдор фабрикасы»


Тажикстандагы «троллдор фабрикасы».
Тажикстандагы «троллдор фабрикасы».

Тажикстанда Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген бир нече кызматкер «троллдор фабрикасына» катышы бар экенин билдирди.

Алар Интернетте жалган аккаунттарды түзүп, бийликти жактаган, оппозицияны жамандаган комментарийлерди калтырып жүрүшкөн. Мекеме бул айтылгандарды четке кагууда.

Тажикстандагы жогорку окуу жайларынын биринде иштеген мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсү менен социалдык тармактарда кимдир-бирөөнү жамандап, министрди же президентти коргоп-колдогон пикирлерди жазууга аргасыз болгонун «Азаттыктын» тажик кызматына айтып берди. Ысымын айтпоону суранган бул кызматкердин билдирүүсүндө, мындай буйрук мугалимдер менен студенттерге көп берилет.

«Мен бул нерседен тажап кеттим, - дейт ал. - Кудайдын куттуу күнү өз ишимди жыйыштырып коюп, тиги же бул адамга каршы макала жазууга, болбосо «Фейсбукта» жарыяланган билдирүүлөргө «лайк» басууга, комментарий калтырууга мажбурмун. Акыркы кезде бул нерсе качан бүтөт деп өзүмө көп суроо берчү болдум».

«Троллдор фабрикасы» - адатта саясий максатта колдонулган топтордун аталышы. Мындай топтор ар кайсы мамлекеттерде түрдүүчө аталышка ээ. Маселен, Орусияда аларды «кремлеботтор», «веб-бригадалар», «троллдор фабрикасы» деп атап коюшат.

Тажикстанда алар «Жооптор фабрикасы» деген ат менен белгилүү. Бул фабриканын милдетине Интернетте бийликтин оппоненттерин каралаган атайын темаларды калтыруу, талкууга алып чыгуу, комментарийлерди, блогдорду жазуу кирет. Коопсуздугуна байланыштуу анонимдүү түрдө маалымат берген өкмөттүк мекеменин дагы бир кызматкери «троллдордун» артында күч органдары турарын билдирди:

«Тажикстандагы «троллдор фабрикасы» күч түзүмдөрү тарабынан негизделген. Бирок аны ишке ашырууга Билим берүү жана илим министрлигине баш ийген мекемелерде иштегендер - жогорку окуу жайларынын, мектептердин мугалимдери тартылат. Негизинен университеттердин кызматкерлери көбүрөөк мажбурланат».

Бул кызматкердин маалыматына караганда, Тажикстандын укук коргоо органдары министрликке буйрук берип, андан кийин ал «троллдорго» жетет. Күч түзүмдөрүнүн буйругунда аны качан аткарыш керек, жарандык активисттерди же оппозициянын жактоочуларын каралоо өнөктүгүнүн кайсы күнү башташ керек экендиги да жазылат.

«Азаттыктын» тажик кызматына окурмандардын бири «троллдор фабрикасынын» ишмердүүлүгү жөнүндө кат жана бир нече документтерди жиберди. Документтердин биринде билим берүү жана илим министринин орун басары Мирбобоеванын мекеменин алдында «маалыматтык талдоо топторун» түзүү тууралуу буйругунун көчүрмөсү бар. Анда бул топ кандай темада макала жазышы керек экендиги, социалдык түйүндөрдө талкууларга катышуунун жол-жоболору көрсөтүлгөн. Ал эми топтун жетекчилери аткарылган иштин жыйынтыгы тууралуу отчет даярдоого милдеттүү экени жазылган. Мындай топтордун ар бирине ондон киши бөлүнгөн. Алар Интернетте ойдон чыгарылган ысымдар менен катталган. Алардын жалпы саны 400гө жакын.

Бирок Билим берүү жана илим министрлиги «троллдор фабрикасына» катышы жок экенин билдирип келет. Басма сөз катчы Эхсон Сафарзоданын айтымында, министрлик бир гана жолу мугалимдерди «Биз экстремизмге каршыбыз» деген акцияга катышууга, аны уюштурган «Ховар» улуттук агенттигине макала жиберүүгө чакырган.

«Ал кезде студенттер радикал агымдарга азгырыла баштаган, - деди мекеменин өкүлү. - Кээ бирлери «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кирип кеткен. Биз жогорку окуу жайларына жаштардын экстремисттик уюмдарга кошулуп кетишинин алдын алыш үчүн үгүт тобун түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылганбыз».

Анткен менен «Азаттыктын» тажик кызматынын колуна тийген документтер күч органдары менен билим берүү мекемелери троллдор фабрикасында жигердүү иштегенин айгинелеп турат. Мисалы, Билим берүү министрлиги «маалымат талдоо топторунун» өкүлдөрүнө «Фейсбукта» министр Нуриддин Саидди коргоону буйруган.

Мындан тышкары Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери, бийликти сындап жүргөн Мухиддин Кабиринин Интернет колдонуучулар менен кезектеги байланышы учурунда ага каршы суроолорду берүү, пикир жазуу талап кылынган. Ошондой эле Интернеттин баасын көтөрүүгө каршы чыккандардын «мизин кайтаруу», «шектүү» учурларды байкаганда дароо укук коргоо органдарына кабарлоо тууралуу тапшырма берилген.

Бул буйрукту аткарбагандар катуу жазаланары жөнүндө эскертүү алышканын «маалымат талдоо тобуна» мурда мүчө болгон Рахим Махмадов (аты-жөнү өзгөртүлдү) билдирди.

«Эгер троллдор берилген тапшырманы аткарбаса, иштен айдалат же жаза алат. Оппозиционерлерге каршы посттор, макалалар «Алик Малик», «Лаку Пак» деген сыяктуу аккаунттар менен жазылат. Троллдордун көбүнүн журналисттик тажрыйбасы жок да. Ошондуктан алардын ойдон чыгарып жазгандарында стилистикалык, орфографиялык каталар толтура. Мындан улам Интернет колдонуучулардын шакабасына айланып, сынга алынган учурлар да көп».

​Маалыматтарга караганда, троллдорго оппозиция өкүлдөрүнө каршы ар кыл сөздөрдү жазууга, мазактоого, сөгүнүүгө чек коюлбайт. Алар өлкөнүн ийгиликтерин чагылдырган видеолорду, сүрөттөрдү, шилтемелерди да бөлүшүүгө, аларга комментарий калтырууга милдеттүү.

«Троллдор фабрикасына» жалаң эле Билим берүү жана илим министрлиги эмес, башка мекемелер да аралашып жүргөнү айтылып жатат.

Тажикстандын Бажы кызматынын кызматкери анонимдүү түрдө бардык мекемелер менен министрликтерде атайын кызматтын троллдорду башкарган өкүлдөрү бар экенин билдирди. Ошол эле кезде ал «троллдорго кылган эмгеги үчүн айлык төлөнүп, жеңилдиктер берилет» деген сөздөрдү четке какты.

«Азаттыкка» жашыруун түрдө маалымат бергендер билдиргендей, жакында эле Ирактагы качкындар лагеринен 84 баланын Тажикстанга кайтарылышын коомчулук улут лидери, президент Эмомали Рахмон менен элчи Зубайдзоданын салымы катары баалашы үчүн троллдор бардык аракеттерди көрүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG