Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Орусия Интерполдо утулду


Александр Прокопчук
Александр Прокопчук

Эл аралык полиция уюму - Интерполдун жаңы президенти болуп, Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян шайланды. Муну менен бул уюмдун башчылыгына Орусия көргөзгөн жана ал түрткөн талапкер өткөн жок.

Орусиянын талапкерине Кремлдин АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү, Кремлдин оппоненттери ачык каршы чыккан.

Акыркы айларда Интерпол башчысынын милдетин убактылуу аткарып келген Ким Чон Янды эл аралык полиция уюму Дубайдагы конгрессинде шайлады.

21-ноябрдагы добуш берүүгө уюмга мүчө 194 өлкөнүн 162си катышып, алардын 101и Түштүк Кореянын, 61и Орусиянын өкүлүн колдошту.

Ким Чон Ян.
Ким Чон Ян.

- Мен алдыдагы алгачкы жылдар биздин уюмдун келечеги үчүн абдан маанилүү экенин билем. Буга чейин айтканымдай эле силердин ишенимди актоо үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Дүйнөнү коопсуз кылуу боюнча орток максатка бирге барабыз, - деди Интерполдун президенти Ким Чон Ян. ​

Түштүк Кореялык Ким Чон Ян Интерполдун башчысынын милдетин быйыл октябрь айынан бери аткарып жаткан.

Мунун алдында Эл аралык полиция уюмунун мурдагы башчысы, Кытайдын өкүлү Мэн Хунвэй мекенине кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Өткөн айдын башында гана Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, ал кармалганын ырастаган. Мэн Хунвэй Кытайда коомдук коопсуздук министринин орун басары болчу.

Анын ордуна Интерполдун башчылыгына ат салышкан орусиялык генерал Александр Прокопчук дагы уюмда Европа чөлкөмүнөн вице-президенттин кызматын ээлеп турган.

Бирок анын талапкерлигине АКШ жана Европа өлкөлөрү менен Кремлдин оппоненттери ачык каршы чыгышты.

Кошмо Штаттардан маселен Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү “Орусиянын өкмөтү саясий оппоненттерди куугунтуктоодо Интерполдун системасын кыянатчылык менен пайдаланарын” белгилесе, Мамлекеттик катчы Майк Помпео Интерполдун башчылыгына ишеним жараткан адамды, башкача айтканда Түштүк Кореянын өкүлүн шайлоого чакырган.

Орусияга коңшу Украина жана Литва эгер Интерполдун башчылыгына Орусиянын өкүлү келсе, уюмдан чыга турганын эскертишип, Литванын парламенти атүгүл атайын резолюция да кабыл алган:

- Эгер Орусиянын талапкери шайланса, биздин өкмөт башка демократиялык өкмөттөр менен Интерполдун келечеги боюнча кеңешүүлөрдү башташы керек. Ал келечек башкача болушу мүмкүн. Балким биз Интерполду реформалап, ага көбүрөөк ишеним жарата алабыз же анын ордуна жаңы институт түзүлүшү абзел, - деди Литва парламентинин депутаты Габриелиус Ландсбергис.

Кремлдин ички оппоненттери болсо “Эркин Орусия форумунун” туруктуу комитети атайын билдирүү таратып, “Интерпол өңдүү таасирлүү уюмду өз жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын тебелеген, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузган, башка мамлекеттердин аймагын аннексиялаган, бир нече агрессивдүү согуштарга катышып жаткан өлкөнүн өкүлү башкара албайт”, - деп белгилеген.

Уильям Браудер
Уильям Браудер

Орусиядагы адам укугунун бузулушуна байланыштуу “Магнитский мыйзамынын" кабыл алынышына жетишкен британиялык ишкер Уильям Браудерди Интерпол аркылуу камакка алууга Москва бир нече жолу аракеттенген. Акыркы ирет ал быйыл Испанияда кыска убакытка кармалган. Мына ушундан кийин Браудер Интерполду анын системасын Орусия кыянат пайдаланганына каршы тура албай жатканы үчүн айыптаган.

Уюмдагы соңку шайлоого байланыштуу “Вашингтон Пост” гезитинде жарыяланган макаласында Браудер “шаршемби күнү демократиялык жана ачык мамлекеттердин баары Интерпол өзүн дискредитациялап, иш жүзүндө орусиялык мафиянын аспабына айланбашын камсыздоо үчүн биригип, өз таасирин колдонушу абзел”, - деп жазган.

Интерполдогу шайлоо тууралуу Мамлекеттик Думанын эл аралык комитетинин башчысы Леонид Слуцкий ТАСС агенттигине комментарий берип, Москванын оппоненттери “добуш берүү жараянына кийлигишип, белгилүү бир таасир көргөзгөнүн” четке какпады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG